Шакира 11-июлда Стамбулда
Атактуу ырчы Шакира дүйнөлүк гастролунун алкагында Түркияга келет.

12 Грэмми сыйлыгынын ээси, дүйнөгө таанымал ырчы Шакира 11-июлда Стамбулда концерт берет.
Шакира акыркы албому менен бирдей аталыштагы 6-дүйнөлүк «Эльдорадо» гастролунун алкагында Түркияга келет. Иш-чараны Бешикташ маданият борбору уюштурууда.
Атактуу ырчынын коцерт билеттери «www.biletix.com» дарегинен сатыла баштады.
Шакиранын 3-июнда баштала турган дүйнөлүк гастролу, Live Nation тарабынан ишке ашууда.