Германияда "маданият жана китеп " жарманкеси ачылды

Жарманкеге Түркия менен Германиядан 30 басмакана катышууда.

Германияда "маданият жана китеп " жарманкеси ачылды

Германиянын Келн шаарында Дин иштери түрк ислам биримдигинин негизинде социалдык колдошуу борборунун уюштуруусу менен «Китеп жана маданият жарманкеси» ачылды.

Дин иштери түрк ислам биримдиги борборундагы конференция жана көргөзмө залында ачылган жарманкеге Түркия менен Германиядан 30 басмакана катышты.

Көпчүлүгү түркчө болгон жана немис тилиндеги китептер да орун алган 10 миң чыгарма чыккан жарманкеде паннель, маектешүү, ыр жана мистикалык музыка уктуруусу менен балдарга жана жаштарга карата иш чаралар да өткөрүлөт. Жарманкенин негизинде кол коюу күндөрүндө жазуучулар окурмандары менен жолугушат. Жарманке 15 -  июнга чейин ачык болот.



Тектеш кабарлар