Түрк аба жолдору (THY) 85 жылдыгы үчүн даярдалган жарнама ролигин жарыялады

Түрк аба жолдору (THY) 85 жылдык мааракесине атайын даярдалган жаңы жарнама ролигин жарыялады.

Түрк аба жолдору (THY) 85 жылдыгы үчүн даярдалган жарнама ролигин жарыялады

Түрк аба жолдору (THY) 85 жылдык мааракесине атайын даярдалган жаңы жарнама ролигин жарыялады.

THYнын Басма сөз кеңешчилигинин жарыясына караганда өзгөчөлөнгөн тейлөө түшүнүгү жана тынымсыз өзүн жайылоо борборлуу мамилеси менен учурда дүйнөнүн 121 өлкөсүндөгү 303 жерде Түркия желегин сыймыктануу менен желбиреткен улуттук аба жолдору фирмасы, артка калтырган 85 жылдын урматына маанилүү жарнама ролигин чыгарды.

1947-жылдагы алгачкы чет өлкөгө учуусунун көрүнүшү менен башталган роликте, 1974-жылдагы Кипр Тынчтык кыймылындагы каттамдар жана япон жарандарынын куткарылышы да орун алды.

«Сюрприз жүргүнчү» деп мүнөздөшкөн 1990-жылы учакта туулган баланын көрүнүшү менен жүрөктү козгогон THY, Дүйнөлүк кубокто 3-орунду алган «А» улуттук футбол команданын өлкөгө кайтуусун да көрсөткөн фильм менен сыймыктандырды. Ролик фильми чоң кызыгуу жаратты.

THY ролиги Youtube барагында «Ар бир каттамда ар башка сезимдер менен учтук. Бирок ар бир каттамда бул желекти ташып жүрүүнүн сыймыгы менен көтөрүлдүк көк асманга» деген сөздөрдү бөлүштү.

 

 



Тектеш кабарлар