46 - Стамбул музыка фестивалы аяктады

Фестиваль Гүхер жана Сүхер Пекинел концерттери менен аяктады.

46 -  Стамбул музыка фестивалы аяктады

Стамбул маданият, көркөм өнөр фонду тарабынан уюштурулган «46 -  Стамбул музыка фестивалы» англис оркестринин коштоосунда Гүхер жана Сүхер Пекинел концерттери менен аяктады.  

Лютфи Кырдар конгресс жана көргөзмө сарайында Түркия Иш Банкынын кошкон салымы менен өткөрүлгөн концертти Герард Шварц башкарды.

2 саатка жакын созулган концертте Гүхер жана Сүхер Пекинел англис оркестринин коштоосунда Сергей Прокофьев, Франсис Пуленк, Антонин Дворжак жана Людвиг ван Бетховендин чыгармаларын аткарышты.

 

 



Тектеш кабарлар