Москвада Түркия фестивалы өтөт

Фестивалдын биринчиси 2017-жылы өткөрүлгөн болчу.

Москвада Түркия фестивалы өтөт

Орусиянын борбор шаары Москвада өтө турган Түркия фестивалы үчүн иш-аракеттер башталды.

Түркия отелчилер федерациясынын (TÜROFED) жетекчиси Осман Айык, Орусиянын баш калаасы Москвада өтө турчу Түркия фестивалы үчүн иш-аракеттердин башталганын, 2017-жылы биринчиси уюштурулган фестивалга 153 миң кишинин келгендигин баса белгиледи.

Түркия фестивалынын экинчисин Москвадагы Красная Пресня паркында 10-12-август күндөрүнүн аралыгында өткөрө тургандарын билдирген Айык, катышуучулардын санынын рекорддук деңгээлге жетишин күткөндөрүн айтты.

Үч күнгө созула турган фестивалда концерт, ар түрдүү программа, гастрономиялык жана маданий иш-чаралардын уюштурула турганын билдирген Айык, Түркиянын эң негизги эки рыногунун бири болгон Орусияда өтө турчу Түркия фестивалынын туризм үчүн маанилүү иш-чара экенине көңүл бурду.



Тектеш кабарлар