Шакиранын Стамбулдагы концерти

Ливан тектүү колумбиялык ырчы, бийчи жана актриса Шакира Стамбулда күйөрмандары менен жолугушту.

shakira istanbul konseri1.jpg

Ливан тектүү колумбиялык ырчы, бийчи жана актриса Шакира Стамбулда күйөрмандары менен жолугушту.

Акыркы альбому "El Doradoнун" дүйнөлүк гастролунун негизинде Vodafone Parkта концерт койгон белгилүү ырчынын концертине күйөрмандары абдан чоң кызыгуу көрсөттү. Ырчы концертин баштап жатып түркчө «Мерхаба Түркия» деп салам берди.

2 саатка жакын сахнада ырдаган Шакира концертте : «Чоң рахмат мени бул жерде тосуп алганыңыздар үчүн. Узун убакыт болду. Стамбулга кайрадан келдим жана сиздерди бул жерде көргөнүм үчүн бактылуумун. Булардын баары сиздердин достугуңуздардын саясында болду. Бүгүн кечинде бул жерде болгон болсом бул сиздердин  саяңыздарда болуп жатат»,- деди.

Концерттин акырында  мыкты кеч өткөргөндүгүн айткан ырчы : «Сиздерди кайрадан дагы көргүм келет Түркия»,- деген сөздөр менен коштошту.

Шакира акыркы альбомунда орун алган ырлары менен бирге "La La La", "Waka Waka" жана "Whenever, Wherever" да болгон бир топ сүйүлгөн ырларын аткарды.



Тектеш кабарлар