Дүйнөлүк Адам укуктары күнү

Бүгүн Дүйнөлүк Адам Укуктары Күнү белгиленип жатат.

Дүйнөлүк Адам укуктары күнү

Бүгүн Дүйнөлүк Адам Укуктары Күнү белгиленип жатат. Бардык адамзаттын эркин жана тең укуктуу экендиги пикири негизги миссиясын түзгөн БУУнун башкы ассамблеясы 1948-жылы 10- декабрда тактап айтканда мындан 70 жыл мурда бүгүнкү күндү дүйнөлүк адам укуктары күнү деп кабыл алды.

Түркия 1949 -  жылы апрель айында БУУнун түзүлгөнү боюнча жарыяны бекитти. 1949 – жылдан бери Түркияда да дүйнөдө болгондой эле Адам Укуктары Күнү жыл сайын 10 – декабрда белгиленүүдө. Адам Укуктары Күнүнүн бүткүл дүйнөдө майрамдалышы албетте ошол эле учурда адам укуктары аң – сезиминин өнүгүшү менен болду. Экинчи Дүйнөлүк согушунда  диктаторлордун дүйнө жүзүндө алааматты баштоосу миллиондогон кишинин согуш, геноцид жана кыргынды башынан өткөрүшүнө себепчи болуп, адам болуудан жаралган укуктарынын эл аралык жамаат тарабынан таанылышына жана кепилдик астына алынышына түрткү болду.

Азыркы тапта чоң согуштар болбосо да Ирак, Сирия сыяктуу жерлерде болуп жаткан кагылышуулардын себебинен ачык түрдө адам укуктарынын бузулушу БУУ сыяктуу мекемелер тарабынан соңуна чыгарылууга аракет кылынууда. Тилегибиз дүйнөнүн кай жеринде болсо болсун кагылышуу, баш – аламандык жана террордон чыккан адам укуктарын бузуунун түп орду менен жоюлушу.



Тектеш кабарлар