Мевлананы эскерүү аземдери

Мевлана Желаледдин – и Руми каза болушунун 745 – жылы аземдер менен эскерилди.

Мевлананы эскерүү аземдери

 

Бул жылы «Салам берүү убактысы» деген темада өткөрүлгөн Мевлананын 745 – Вуслат жылы Эл аралык эскерүү аземдеринин төртүнчү күнү Конияда өткөрүлгөн иш чаралар менен аяктады.

Жыл сайын 7 – 17 -  декабрда өткөрүлгөн эскерүү аземдерине өлкө ичинен жана тышынан миңдеген конок катышууда. Иш чаралардын негизинде Мевлана маданият борборунун Фуайе аянтында ачылган түрдүү киши, мекемелердин таанытуу стенддери да келген кишилер тарабынан чоң кызыгуу көрүүдө.

Мевлана маданият борборунун Фуайе аянтында өткөрүлгөн иш чаралардын негизинде  ней үйлөмө аспабынын чебери Ахмед Шахин ней жасоо өнөрү тууралуу сөз кылды.

Мевлана маданият борборунун Сема залында солистти Ахмет Өзхан болгон Стамбул тарыхый түрк музыка тобу чыгармаларын көрүүчүлөргө тартуулады.

Өмер Тугрул Инанчердин Месневи маегинен кийин Кония түрк суфизм музыка тобу тарабынан сема айин  - и шерифи аткарылды. Иш чарага көп сандаган жергиликтүү жана чет элдик туристтер катышты.

Ирандык туристтер программага абдан чоң кызыгуу көрсөткөндүктөн иш чара түрк, англис  жана фарстилинде өткөрүлдү.  



Тектеш кабарлар