«Делбирим» көркөм тасмасы Анкарада көрсөтүлдү

Кечээ 25-декабрда биздин улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып тартылган «Делбирим» көркөм тасмасы Түркиянын борбор калаасы Анкарадагы мекендештерге жана жергиликтүү калкка тартууланды.

AYTMATOV_DELBİRİM_FİLM1.jpg
AYTMATOV_DELBİRİM_FİLM2.jpg
AYTMATOV_DELBİRİM_FİLM4.jpg
AYTMATOV_DELBİRİM_FİLM5.jpg

 Кыргыз десе Чынгызды, Чынгыз десе Кыргызды эстейт эмеспизби. Кечээ 25-декабрда биздин улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып тартылган «Делбирим» көркөм тасмасы Түркиянын борбор калаасы Анкарадагы мекендештерге жана жергиликтүү калкка тартууланды. Тасма Түркия Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министирлигине караштуу кино башкармалыгынын кино залында «Kyrgyz Youth- Кыргызстан Жаштары» клубу тарабынан уюштурулду. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Анкарадагы консулу Чынгыз Абдырахманов , Анкара университетинин проф.док.Гулзира Жумакунова, «Йерли Дүшүнже» коомунун жетекчиси жана АК партиясынын Орду шаарынын депутаты Метин Гүндогду, Анкара кино башкармалыгынын бөлүм башчысы Энвер Арслан, кинону алып келген драматург Керез Зарлыкова, тарых илимдеринин доктору, проф.Жаныбек Жакыпбеков, ишкерлер жана Түркияда окуган студенттер катышты.

 «Делбирим» кино тасмасы Өзбекстан жана Кыргызстан тарабынан биргелешип Айтматовдун 90 жылдыгына арналып тартылган тасма. Сценарийин жазуучу жана драматург Керез Зарлыкова жазган,продюсери Паризат Жакыпбекова, ал эми режиссеру өзбекстандык Сарвар Каримов. Башкы каармандары Ильястын ролун Адис Ражапов, Байтемирди Улукбек Кадыров, Аселдин ролун Мадина Талипбек, Кадичаны Элина Абай кызы аткарышты. Фильм Ташкентте, Наманганда, Фергана өрөөнү менен Ташкенттин ортосундагы ашууда жана Кыргызстандын Балыкчы шаарында тартылып, чыгарманын мазмуну ошол бойдон калган, бирок кино бүгүнкү заманда болуп жаткандай сүрөттөлгөн.

Драматург Керез Зарлыкова өз сөзүндө кино көргөнү келген мекендештерге ыраазычылыыгын билдирип, түрк тилдүү калктардын ынтымагы бекем чыңдалышын тиледи.

Айта кетчү нерсе бул тасма Түркиянын 4 чоң шаарында көрсөтүлүүдө. Анкарада тасманы көргөн мекендештерибиз жана конокторубуз ыраазычыктарын билдирип, тасманын мыкты тартылганын айтышты. Стамбул, Кастамону, Анкарада көрсөтүлдү жана 27-декабрда Антальянын Акдениз университетинде көрсөтүлмөкчү.

Эске салсак, 1972-жылы Мосфильм киностудиясы Чынгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде «Мен —Тянь Шань» тасмасын тарткан. Ал эми түрк режиссеру Атиф Йылмаз 1977-жылы түрк актерлору Түркан Шорай жана Кадыр Инаныр ойногон «Кызыл жоолук жалжалым» тасмасын тартып, 1978-жылдын 11-ноябрында элге тартуулаган.



Тектеш кабарлар