Эски бир аңгеме : мусулман бир Вольтерди издеп жатканда

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын 2018  - жыл 16.03 күнү DailySabah гезитине чыккан макаласы.

Эски бир аңгеме : мусулман бир Вольтерди издеп жатканда

Мусулмандардын бир Вольтерге ээ эместиги алардын сынга алган акыл жүргүзүүсу тууралуу эч нерсе билбейт деген мааниге келбейт, кудум батыштын бир Мевланасы болбосо алар сүйүү тууралуу эч нерсе билбейт деген мааниге келбегендей эле.

Ислам тууралуу терең маалыматка ээ болбогон батыштыктар менен Батыш заманбаптыгы тууралуу аз маалыматы болгон мусулман модернисттер исламда реформага барууга чакыруудан чарчашпайт. Бирок биз мунун бир талкууга алына турган маселе экендигин ойлобойбуз. Себеби бул үчүн ислам, реформа, салт  - санаа, заманбаптык  жана айдыңдашуу тууралуу 19 -  кылымда болгон талкууларды эске салуу жетерлик болот. Ал мезгилдеги мусулман аалымдар менен интеллигенттер бүгүн ислам  - батыш карым  - катнаштарына жана заманбап дүйнөнүн келечегине байланыштуу  талкууларда күн тартибине келген ошол эле суроолор менен алектенишкен. Берилген бир топ жооптор бул талкууну чечкен болушу керек эле; бирок маселе мындан эле турган эмес.

Мусулман бир Вольтердин эч качан келбей тургандыгын билгендер дагы олуттуу түрдө тарых тууралуу иштеши керек. Сөзү болгон «реформист ислам» түшүнүгү эми кандай мааниге келсе келсин диний мыйзамдуулук, тарыхый  тереңдиктен алыс. Кемчилиги жана жаңылыштыгы ачык болгон бул талкуу ошол эле жаңылыштыктарды кайталабашы үчүн туура түшүнүлүшү керек.

Осмондук интеллигенттердин бул талкууга атайын бир кызыгуусу бар эле жана биз бүгүн да улантып жаткан талкууга байланыштуу кабардар болушубуз керек болгон жол ачуучу жоопторду беришкен.

19 -  кылым Осомндук ойчулдардын арасында Руссо менен бирге Вольтер эң популярдуу европалык ойчул эле. Чыгармалары бир топ таанылган интеллектуалдуу, мамлекеттик кызматкер жана журналист тарабынан которулуп, таанытылган. 2 -  Абдулхамид мезгилинде билим берүү министри катары кызмат кылган Мүниф Паша (1830 – 1910), Вольтердин “Micromega” аттуу чыгармасын түркчөгө которгон Ахмет Вефик Паша (1823 – 1891), «Вольтер 20 жашында жана анын алгачкы махабаты» аттуу бир роман жарыялаган Ахмет Митхат Эфенди (1844 – 1912) жана алгачкы осмондук позитивист  натуралистти катары билинген Бешир Фуад ушундай аракеттердин ичине киргендердин  арасында эле. Булардын арасында жаш чагында жанын кыйган Бешир Фуад болсо француз ойчул тууралуу жазган 193 беттик китеп менен осмондук интеллектуалдардын чөйрөлөрүндө Вольтерди тааныткан ысым.

Вольтер мезгилинин отурукташкан салттарын жок деп эсептеген. Бул өзгөчөлүгү ага таандык болгон кандайдыр бир пикирден башка 19 -  кылымда жашаган мусулман интеллектуалдардын элесин колго алган. Вольтер эркин ой жүгүртүү, билим, алдыга жылуу жана гумманизмдин жол башчысы катары, алар тарабынан кубаттоого алынган. Осмондук жана исламга каршы ойлору болсо мезгилдин социо  - саясий байланыштын ичине жайгаштырылган жана ушундайча дагы оңой форма ала турган абалга келген. Ал түгүл Еврпадагы диний жана интеллектуалдык чөйрөлөрдүн шектенүүлөрүнө каршы исламдын акылдуу коргоочусу катары сунушталган. Мекемелешкен христиандыкка карата санааркоосу жана Деизмди жакташы, папанын кадыр  - баркына жана схолостикалык наадандыкка каршы күрөштүн табигый бир жыйынтыгы катары көрүлгөн. Бул ансыз да Европа интеллигенттеринин өз ички маселеси эле. Ислам мындай сындардын бутасы эмес, себеби башка бир идеология жана мекемелик түзүлүшкө ээ болгондугу кенен жайылган нерсе катары кабыл алынган. Ахмет Митхат Эфенди Вольтердин  «Фанатизм же Мухаммед Пайгамбар» аттуу оюнун Вольтер тууралуу жазган чоң көлөмдүү макалага башка бир  көз караш менен мүнөздөмө берген. Оюндун исламга же пайгамбарга карата жек көргөн мамилесин кабыл алат, бирок муну исламга жалгыз өзү кол салуу катары көрбөйт. Мунун ордуна Волтердин исламга каршы сөзү батыштык динчилдик тажрыйбасын сыноо үчүн адабий бир тактика катары колдонгондугун ойлойт. Волтердин христиандык тууралуу түздөн түз айта албаган эмне бар болсо муну исламга карата айткандыгын бирок негизги максатынын католик чиркөөсү экендигин айтат Ахмет Митхат эфенди. Волтердин бул оюнун папага сунуштаган деген чындык болсо оюндун үстү жабык маалыматтарды камтыгандыгына байланыштуу ойду бекемдейт.

Бир тараптан Ахмет Митхат эч ким өзүн мусулмандардын Вольтери катары жарыялоого аракет кылбасын деп башка бир кызыктуу жерди белгилейт ; себеби Вольтердин Европада ортого чыгышына себеп болгон шарттар мусулман дүйнөдө жок. Исламдын папалык сыяктуу абал жана инкивизициялык же ага окшогон бир бийлиги жок. Католиктер менен протестанттардын ортосундагы согуштар, сунни жана шиит мусулмандардын ортосундагы карым  - катнаштар менен салыштырыла албайт. Вольтер  негизинен христиан Европаны, ислам цивилизациясынын ансыз да бар болгон деген ойго алып келүүнү каалайт: Кудайга жана ахлакка, мекемелик абалга келген диндин жүгүн ташыбастан, акыл, байкоо, тажрыйба, эркин ой жүгүртүү жана илимий иликтөөдөн толук мааниси менен пайдалануу менен ишенүү. Вольтер 19 -  кылымда жаңы бир ишенич жана акыл, билим жана ахлак, коом жана эркиндик синтези үчүн жол көрсөтүүдө ишке жараган. Бирок мусулман дүйнөдө жаңы бир интеллектуалдык жана илимий мезгилди ачуу үчүн Вольтердин стилин туурагандын кереги жок. Исламдын реформага муктаждыгы жок, бирок мусулмандардын өздөрүн актуалдаштырууга муктаждыгы бар. Идеалдаштырылган бир ойчул катары Стамбул, Каир жана Дамакста жашаган Вольтер мусулмандарга негизги милдети болгон ойгонууну эске салуу функциясын аткарат.

Ахмет Митхат араларында Намык Кемал жана Жемалеттин Афгани да болгон көптөгөн замандашы сыяктуу европалыктардын, илимпоздордун жана ойчулдардын эмгектеринин натыйжасында секирик кылгандыгына ишенет. Мусулмандар азыр аткарышы керек болгон нерсе ; Европадагы абалдарды унутпастан өзүнө таандык  интеллектуалдык салтка кайрадан ээ чыгуу. Окурмандарына чыгыш менен батыштын билимин колдонууда катуу турган.

Мусулмандардын эмне себептен Вольтерге ээ эмес экендигин суроо, батыштыктардын эмне себептен бир Мевланага же Ибин Арабийеге ээ эмес экендигин суроого окшошот. Мусулмандардын  бир Вольтерге ээ болбогондугу тууралуу чындык аларды сындоочу акыл жүргүзүү тууралуу эч нерсе билбейт деген мааниге келбейт. Кудум батыштын бир Мевланасы болбогондугун алардын сүйүү тууралуу эч нерсе билбейт деген мааниге келбегендиги сыяктуу.

Салттык исламдык илимдерге ээ болгондор, батыштын бул жаңы илимин билүүлөрү керек жана батыш маданиятына жана оюна ээ болгондор да өздөрүн мусулман дүйнөсүнүн интеллектуалдуу мурасы тууралуу билим берүүлөрү керек – өз салттарына баш ийүү менен дүйнөгө ачык көз караш менен карап, муну аткаруулары керек. Өзүңүздөрдү жана өз мурасыңыздарды билип, бирок башкаларды да  үйрөнүүгө ачык болуңуздар. Мусулмандардын башы айланып, мусулман бир Вольтер издегендин ордуна аткаруулары керек болгон нерсе ушул.

Бир топ осмондук интеллектуалдардын 19 -  кылымда ойлонгон нерсеси да ушул эле. Бул талаш – тартыштын бир жарым кылымдан кийин да алдыга жылбагандыгын жана азыр деле ошол  жаңылыштыктардын тегерегинде айланып тургандыгын көрүү санааркатуучу абал. Тарыхка көңүл буруп жана андан сабак алуунун учуру.



Тектеш кабарлар