«Зайтун бутагы» операциясынын ыктымалдуу саясий натыйжалары

«Зайтун бутагы» операциясынын Түндүк Сирияда жараткан жаңы күч тең салмактуулугу, Сирия кризисине саясий чечүүчү жол табуу баскычына да таасир берет.

«Зайтун бутагы» операциясынын ыктымалдуу саясий натыйжалары

«Зайтун бутагы» операциясынын ыктымалдуу саясий натыйжалары

«Зайтун бутагы» операциясынын Түндүк Сирияда жараткан жаңы күч тең салмактуулугу, Сирия кризисине саясий чечүүчү жол табуу баскычына да таасир берет.

Түркиянын Сириянын Африн аймагындагы террордук уюм ЙПГни жок кылууга карай «Зайтун бутагы» операциясы аяктады. Операциянын биринчи айы салыштырмалуу катаал өтсө дагы чек ара аймагындагы ЙПГнин каршылыгынын бузулушу менен бирге операция ылдамдады жана кыска мөөнөттүн ичинде Африн көзөмөлгө алынды. Бул процессте ЙПГликтер элет жерлерден чыгып кетип, Африндин борборуна карай багыт алышты. ЙПГнин Африндин борборунда каршылык көрсөтөөрү күтүлгөн. Бирок мунун тескерисинче ЙПГ Африндин борборунда да эч каршы тура алган жок жана Африн дээрлик эч бир кагылышуу болбостон Түрк куралдуу күчтөрү менен Эркин Сирия армиясынын (ЭСА) көзөмөлүнө өттү.

«Зайтун бутагы» операциясынын аскердик жагдайына байланыштуу сереп салуулар тынымсыз айтылып турду. Бирок ушул сыяктуу маанилүү болгон Африндин Түркиянын көзөмөлүнө өтүүсүнүн мындан кийин Сирия кризисинин багыты, Түркиянын ЙПГ менен күрөшүүсү, Сирияда Түркия-АКШ атаандаштыгы же кызматташтыгына болгон ыктымалдуу таасирлери, ЙПГнин улуттук жана эл аралык уюмдардын үстүндөгү таасирлеринин эмнелер болоору...

«Зайтун бутагы» операциясынын Түркия үчүн эң маанилүү натыйжасы аскердик коркутуунун камсыздалганы болду. «Евфрат калканы» операциясы менен салыштырылганда өтө катаал аймакта дагы көп согушкер менен күрөшүүгө аргасыз болгон Түрк куралдуу күчтөрү кыска мөөнөттүн ичинде жана дагы аз жан жоготууга учурап операцияны аяктады. Аскердик күчүн ортого салган жана муну колдонуу эрктүүлүгүн көрсөткөн Түркиянын Манбиж жана Евфраттын чыгышында ЙПГ менен күрөшүүдө колунун күчтөнөөрү анык. Бардык нерседен мурда АКШнын Түрк куралдуу күчтөрүнүн маңдайында эч каршылык көрсөтө албаган ЙПГни качанкыга чейин жана кандай коргой турганы темасында териштирүүгө кириши мүмкүн. Бул жаңы абал АКШны эки түрдө кыймыл кылууга мажбур кылат. АКШ биринчи альтернатива катары Түркияны канааттандыруу үчүн Манбиж темасында айрым эпке келтирүүгө багыт алышы мүмкүн. Экинчи альтернатива болсо Манбижде ЙПГге камсыздаган коргоо калканын күчтөндүрүүгө аракет кылышы мүмкүн. АКШ экинчи альтернативаны тандашы ыктымалдуу. Анткени АКШ Афринде коргой албаган ЙПГни өз аскерлеринин коргоосундагы Манбижде да коргой албаса уюмдан ажырай турганын билет. ЙПГ чындап эле Манбижде ыктымалдуу Түркия-АКШ макулдашуусу түзүлгөн учурда Иран/режим шериктештигине багыт алууну пландашы мүмкүн.

Араб элинин ЙПГге каршы чыгуусу

«Зайтун бутагы» операциясы, ЙПГнин Манбиж жана Евфраттын чыгышында арабдар менен кызматташтыгын да солгундатышы мүмкүн. ЙПГнин Сириянын демократиялык күчтөрүнүн карамагындагы араб элементтери менен түзгөн өнөктөштүктөр ансыз деле кызыкчылыкка жана араб урууларынын жергиликтүү коопсуздуктарын кепилдикке алуу мотивациясына негизделген. ЙПГнин араб эли жыш жашаган аймактарда, мыйзамдуулугунун дээрлик жокко эсе экени белгилүү. Өзгөчө Манбиж, Сирия кризисинин башынан бери режимдин өздүгү менен алдыга чыккан шаар жана дагы деле Эркин Сирия армиясынын ичинде да манбиждиктер басымдуулук кылат. Ошондуктан «Зайтун бутагы» операциясы менен ортого чыккан ЙПГнин алсыздыгы, Манбиждеги түшүнүктү өзгөртөт. Ансыз деле көптөн бери Манбиж элинин бир бөлүгү, ЙПГге каршы чыгышууда. Алдыбыздагы мезгилде бул окуяларда өсүү болушу мүмкүн. Манбижде ЙПГге каршы кыймылга өтүү үчүн аракет кылгандар, Түркиянын Манбиж темасында олуттуу экенин көрүү жана ошого жараша позициясын белгилегиси келип жатат. «Зайтун бутагы», Түркиянын айтылгандардан дагы жогору аскердик күчүн колдонуу эрктүүлүгүн ортого салышы жана ЙПГнин эч кандай каршы туруу мүмкүнчүлүгүнүн жок экенин көрсөтүүсү жагынан маанилүү. Эл аралык кысымдардын да Түркияга бөгөт боло албай турганы ортого салынды.

ЙПГнин Афринде жеңилүүгө учураганы сыяктуу жеңилүү түрү да маанилүү. «Зайтун бутагы» операциясынын биринчи баскычы эсептелбей турган болсо, дээрлик эч каршылык көрсөтө албаган, согушуу эрктүүлүгү калбаган жана ал эмес шаардын борборунан да качып чыгып кеткен террордук уюмдун көрүнүштөрү ортого салынды. Бул абал ЙПГнин ичиндеги сириялык элементтерди, өздөрүн ПККнын аймактык максаттарына курмандык кылбоого багытталган суроолорду сурашына түртүшү мүмкүн. Мунун табигый жыйынтыгы алдыбыздагы мезгилде ЙПГнин ичинде ПКК топтору жана сириялык элементтер түрүндө бөлүнүүнүн жаралышы. Бул аргументти колдогон көрсөткүч, Африндин борборунда ЙПГнин кандай кыймыл кылуусу керектиги темасында ПКК топтору менен жергиликтүү согушкерлердин ортосундагы пикир келишпестиктер эле. ПККнын лидерлери, акыркы күнгө чейин Афринде каршы турууга чакырып, Африндеги Кандил курамы согушууга мажбурласа, жергиликтүү согушкерлер буга баш ийбей качууну тандашты.

Түркия-Орусия кызматташтыгы дагы да бекемделиши мүмкүн

«Зайтун бутагы» операциясынын Түндүк Сирияда жараткан жаңы күч тең салмактуулугу, Сирия кризисине чечүүчү жол табуу баскычына да таасир берет. Түрк куралдуу күчтөрү менен бирге сириялык оппозициячылдар да түндүккө барып күчтөнгөн актер катары алдыга чыгууда. Идлибде «Зайтун бутагы» операциясынын аякташы менен жетинчи көзөмөл жери курулду. 12 көзөмөл жеринин бүткөрүлүшү менен Идлибден жок дегенде орто мөөнөткө оппозициячылдардын көзөмөлү камсыздалган болот. Ушундайча Жераблустан башталып Жиср эс-Шугур аймагына чейин жеткен аянтта Эркин Сирия армиясынын (ЭСА) аймагы пайда болот. Түркиянын коргоосундагы бул аянт саясий чечүүчү жол табуу үстөлүндө режимдин жол бошотуусуга дагы ийкемдүү болуусун катмсыздайт.

Афринден кийин Сириядагы Түркия-Орусия кызматташтыгынын да күчтөнүшү күтүлөт. Түркия АКШ менен Манбиж темасында макулдаша албаган учурда баскыч түрүндө бул шаардын үстүндөгү кысымды арттырат. Афринден кийинки процессте Түркиянын ЙПГ менен күрөшүү темасындагы кадамдарына эми дагы көп Орусиянын колдоосу болушу мүмкүн. Анткени эми бутада болгон ЙПГ аянттары, ошол эле учурда АКШнын көзөмөлүндөгү аймактар. Орусия, режим жана Иран менен бирге Сириянын чыгышында АКШ менен барган сайын кагылышкан абалда атаандашууда. Режимди колдогон күчтөр, Дейр эз-Зор аймагында бир канча жолу Сириянын демократиялык күчтөр аймагына кийлигишүүнү каалашса дагы АКШнын катуу жообу менен бетме-бет келишти. Бирок Түркиянын да Манбижге карай кысымды арттыруусу, АКШны дагы көп кыса турганы үчүн аты аталган актерлор тарабынан да оң кабыл алынышы мүмкүн.

ЙПГ Афринден ажырагандан кийин Орусияга аскердик көз карандылыгы калган жок жана уюм толугу менен АКШнын коргоосуна алынды. Айрыкча ЙПГ, «Зайтун бутагы» операциясына жашыл жарык жагышынан улам Орусияны да күнөөлөп жатат. Ушул себептен жакынкы убакта Орусия-ЙПГ карым-катнаштарында да солгундоо болушу мүмкүн жана бул да Түркиянын Орусия менен кызматташтыгынын пайдубалын күчтөндүрүп, Түркия-АКШ чыңалуусун арттырмакчы.

Орусия Африн темасында Түркияга карата чоң өлчөмдө колдоочу мамиле кылды. Бирок ушул эле абалдын Сириядагы оппозициячылдарды Иран жана режим жагынан да жарактуу экенин айтуу мүмкүн эмес. Ал эмес Ирандын Африн темасындагы мамилесинен улам Орусияга каршы чыкканын айтууга болот. Мунун эң так белгиси «Зайтун бутагы» операциясы уланып жатканда режимди жактаган жана Иран колдогон согушкерлердин ЙПГге колдоо көрсөтүү үчүн Афринге кириши болду. Ыктымалдуу түрдө бул кадамдан Орусиянын маалыматы бар бирок анын бекитүүсү жана колдоосу менен ишке ашкан жок. Орусиянын Түркия менен Иран/режимдин ортосунда тарапсыз калышы аскердик үстөмдүгүн колунда кармап турган Түркияны алдыңкы планга чыгарды жана Түркия ЙПГликтер менен катар ага колдоо көрсөткөн шиит согушкерлерди да бутага алды. Ошондуктан Ирандын аракети толугу менен текке кетти. Орусиянын бул мамилесинде Түркия менен Сириянын тышында да улантууга боло турган кызматташтыгынын ролу маанилүү. Бирок Орусиянын ыктымалдуу түрдө Сирияда күчтөнгөн Иранга каршы Түркиянын тең салмактаган күчүнө да муктаждыгы бар. Анткени Африндеги көрүнүштүн бир окшошу Идлибде болуп жатат. Идлибде көзөмөлдөөчү жерлерди куруу үчүн илгерилеген түрк армиясы Ирандын колдоосундагы согушкерлердин кол салууларына дуушар болуп жатканда Орусия көзөмөлдөөчү жерлердин курулуусуна колдоо көрсөтүүдө.

Сириянын түндүгүндө жаңы күч тең салмактуулугу

«Зайтун бутагы» операциясынын жыйынтыктары ыктымалдуу түрдө Иран менен режимдин тынчсызданууларын дагы да арттырат. Эми Түркия Эркин Сирия армиясы менен бирге Халебдеги режимдин аймактарынын үстүндө дагы көп кысым көрсөтө алгыдай абалга келди. Астана процессинен улам тараптардын ортосунда кагылышуу күтүлүлбөсө да эки тарап бири-бирлеринин ниеттерине ишенишет. Иран өзгөчө өзүнө караштуу согушкерлердин көзөмөлүндөгү Нубул жана Зехра аймактарынын коркунуч астында экенин ойлошу мүмкүн.

Иран менен режимдин ЙПГ/ПККга карай мамилесинде болсо уюмдун мындан кийин Манбиж жана Евфраттын чыгышында кандай жолдо кетээри белгилейт. Учурдагы өнөктөштөргө каралганда Түркиянын Манбиж жана Евфраттын чыгышында кысымын арттыруусу, бул актерлор тарабынан оң кабыл алынат. Бирок АКШ коркунучун башка коркунуч катары көргөн Эркин Сирия армиясы менен алмаштырылышы да тандалбайт. Манбиж менен Евфраттын чыгышында АКШ-ЙПГ өнөктөштүгүнүн уланышы Түркия-Иран координациясы үчүн пайдубал даярдайт. Бирок Иран менен режим мунун ордуна ЙПГни өз лагерлерине тартууну каалашы мүмкүн. Бул  кызматташуу мүмкүнчүлүгүнүн бар экендиги Афринде байкалды. АКШ Сирияда алдыңкы коркунуч катары эсептеген шиит согушкерлердин ЙПГлик согушкерлер менен бирге фотосүрөткө түшүүсү, АКШда айрым шек санаалоорду туудурду. АКШ, ЙПГни Манбижде да коргой албаса уюмдун Ирандын багытына өтөөрүн билет. Ушундайча кандайдыр бир сценарий Түркия менен АКШнын жакындашуусун алып келет. Түркия болсо өнөктөштүгүн кандай белгилей турганы темасында абдан так. Түркия үчүн ЙПГ менен бирге кыймыл кылган ар бир актер коркунуч болуп эсептелет.

Ойтун Орхан

Жакынкы Чыгыш стратегиялык изилдөөлөр борборунун адиси

 

 

 

 



Тектеш кабарлар