Кезектеги чоң бурулуш жер кандай болот?

Президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын «DailySabah» гезитинде 30-апрелде жарыяланган макаласы.

Кезектеги чоң бурулуш жер кандай болот?

Кезектеги чоң бурулуш жер кандай болот?

Тарткан сүрөттөрүн сатып күн көрүүгө абдан аракет кылган бирок ийгиликсиз болгон дүйнөгө таанымал голландиялык сүрөтчү Винсент Ван Гох, бир тууганы Теого жазган ошол сыйкырдуу каттарынан биринде жаңы үйрөнгөн сүрөт тартуу ыкмасында башкача нерселерди тапканы турганын, бирок мунун так түрдө кандай болоорун өзүнүн да билбегенин айткан. Жакыр жана меланколик турмушунун 1890-жылы 37 жаш сыяктуу курагында капыстан соңуна чыгышы менен муну эч качан биле алган жок.

Ван Гох чындап эле бир нерселерди тапканы турган жана тапкан нерсеси заманбап Батыш искусствосунун багытын алмаштырды. Балким канча искусство чебери, илимпоз, философ, ойчул, акын, саясатчы жана диний лидер жаңы нерселерди тапканы турганын сезди, мындайча айтканда «кезектеги чоң бурулуш чекитке» себеп боло турганын, муну баштата турганын, бирок мунун ишке аша турганын, жемишин бере турганын көрө алган жок? Мисал үчүн Сократ, Афинадагы сотунда кечирилиши үчүн арыз берүүдөн баш тартканда жана б.з.ч. 399-жылы ага берилген адилетсиз өлүм жазасын кабыл алганда, Батыш цивилизациясынын жүрүшүн өзгөртө турганын билди беле? Ибн Сина, 11-кылымдын биринчи жарымында өз күрөшүүсүн жана сыноолорун жүргүзүп жатканда мусулман дүйнөсүндө жана ары жагында, философия жана илим тарыхын өзгөртө турганын билчү беле? Мартин Лютер, Католик чиркөөсүнө каршы чыгуусунда так боло тургандарды билген, бирок болжол менен 1517-жылы Виттенберг чебинин чиркөөсүнүн каалгасына жабыштырганы айтылган ошол атактуу 95-беренелик тезистин жарата турган жыйынтыктарын билген эмес.

Шексиз тарых себеп боло турган же баштата турган «кезектеги чоң бурулуш жери» тууралуу түшүнүккө ээ болгон инсандарды да койнуна алды. Фатих Султан Мехмет Стамбулду 1953-жылы багындырып Осмон жана Европа тарыхынын багытын чоң ыктымалдуулук менен өзгөртө турганын билген. Эйнштейн да тапкан «Салыштырмалуулук теориясынын» төңкөрүштөй таасирин байкаганда чоң ыктымалдуулук менен аны менен бирдей категорияда болчу. Эйнштейндин аалам тууралуу көз карашы заманбап илимпоздорго сунушталып жатканда, ал философиялык сезими жана тартуучулугу менен пейзаждын ырахатын алып жатты.

Ал эми бул «чоң бурулуш жер» окуяларынын бардыгы бактылуу жана үмүт убада кылган окуялар эмес эле. Дарвиндин эволюция теориясы, илим жана философия дүйнөлөрүн бетме-бет келтирип талаш тартыштарга алып барган көп материалды камсыздады. Бир тараптан билип же билбестен 19-кылымдын акырында жана 20-кылымдын баштарында жикчилдикке жана эзүүчүлүккө кылгандарын мыйзамдаштыруулары үчүн көп булак берди. Атом бомбасы жана башка массалык кыргын салуучу куралдар, дүйнөдө миллиондогон адамдын өлүмүнө себепчи болду жана глобалдык куралдануу менен согуш үчүн олуттуу коркунуч болушун улантууда.

21-кылымда келип чыга турган ыктымалдуу «чоң бурулуш жер» болсо эң жакшысы үчүн болгонундай эле эң жаманы үчүн дагы потенциалды камтып турат. Расалык реабилитация, жасалма интеллект, трансгуманизм, тынымсыз өзгөргөн байланыш аппараттары, барган сайын татаалдашкан химиялык жана биологиялык куралдар, баңги заттар, микро жана макро терроризм ж.б. булардын бардыгы жаңы технологиялык өнүгүүлөр аркылуу мүмкүн болду жана болууда. Жашообузду жаңы технологиялар менен дагы көп кепилдикке алынгандай көрүүдөбүз. «Пикирлери жана сезимдери болгон» роботтор күнүмдүк турмушубуздун бир бөлүмү болушу мүмкүн. Жаңы биологиялык өзгөчөлүктөргө жетише алабыз. Бардык ооруларды дарылай алабыз. Учурда кудум эле бир өлкөдөн башка бир өлкөгө жасаганыбыз сыяктуу космостогу алыс жерлерге саякат кыла алабыз. Мега системалардын барымталарына айланып, жашыруундуулугубузду толугу менен жоготуп жана өзүбүздү чындык менен фантазиянын, жашоо менен өлүмдүн жана көзөмөл менен кыйроонун ортосундагы чийинди булгаган матрицаларда таба алабыз.

Булардын бардыгы менен дүйнө жүзүн биз адамдар үчүн дагы жакшы жашаса болгудай абалга айландыра алабыз же болбосо бардык нерсени жута турган тозокко айлантып коебуз. Заманбап гипер дүйнөнүн белгисиздктери эске алынганда, эч ким «кезектеги бурулуш жердин» илим, технология, философия, адабият, искусство же саясатка эмне алып келе турганын билбейт. Так көрүнүп турганы «кезектеги чоң бурулуш жердин» сөзсүз материалдык өнүгүү жана технологиялык жаңылык тармагында боло турганы пикирин четке кагуубуз керектигинин чындыгында жатат.

Дүйнө жүзүнүн тынчсыздануусун азайта ала турган, кедейлерге жардам бере алган, чөйрөнү коргой алган, согуштарды соңуна чыгара алган, билимди, маданиятты жана искусствону колдогон, ач көздүк жана менменсинүүнү жеңе билген, адам табиятынын асыл жактарын колдой алган адам рухуна жана кечиримдүүлүккө эмне үчүн мүмкүнчүлүк берилбесин? Смартфондорубуздун эмдиги вериясын сагынуу жана атайын каалап күткөнүбүз сыяктуу, эмдиги сылыктык кыймылын (чоң же кичине) качан күткүдөй абалга келебиз? Эмне үчүн киреше табыш үчүн генетикалык коддорун алмаштыруунун ордуна гүлдүн жытынын ырахатын албайбыз? Муну жасоо космосту табуудан дагы татаалбы?

«Кезектеги чоң бурулуш жери» эң өнүккөн жана эң баалуу изилдөө борборлорунун бирөөнөн же космостук станциялардан келиши мүмкүн. Ал эми ошону менен бирге сылыктык жана жакшылыкка толгон жөнөкөй жана чыныгы адамдын мамилеси да буга себеп боло алат. Бул бизге дагы жогорку сапаттагы экранды камсыздабашы мүмкүн, бирок бизди адамкерчилигибизге дагы да жакындатуу мүмкүнчүлүгүн берет.



Тектеш кабарлар