Кризистерди чечүү үчүн жандалбас урган Түркия

Түркия дин, тил жана расага карабастан ар дайым зулумдукка каршы карапайым элди колдоодо.

Кризистерди чечүү үчүн жандалбас урган Түркия

Кайра эле Рамазанда кризистерди чечүү үчүн жандалбас урган Түркия

Дүйнө жүзү барган сайын башкарылгыс процесске түртүлгөн, ички кагылышуу жана согуштар менен ыраатсыздыктарга сүрүлгөн мезгилде кайрымдуулук жана кечиримдүүлүк айы Рамазанды ошондой эле дүйнөнүн канаган жарасы Газадан келген шейит кабарлары менен тосуп алдык.

Израилдин түзүлгөнүнүн, орто эсеп менен 750 миң палестиналыктын болсо абдан кайгылуу түрдө мекендеринен сүрүлүп чыгышынын, өз жерлеринде качкын абалга айланышынын күнүндө зулумдуктары менен тынчтык буйругун берип жаткандар кайра эле кылгылыктуу ишти башкарып жатышты.

Аль-Кудстун статусу

Кылымдар бою диндердин бардыгы үчүн ыйык болуп саналган Кудска бекеринен эле атайын статус берилген эмес. Дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин Кудсту кайсы бир мамлекеттин борбор шаары катары кабыл албоосу жана эч бир мамлекеттин элчилигинин Кудста болбоосунун себеби бар болсо керек. Ошондуктан БУУнун 1947-жылдагы 181 номердүү токтому, Кудс үчүн БУУнун башкаруусунда эл аралык режимди көздөп жаткан эле. 1948-жылы курулуусу менен бирге Израильалгач Батыш Кудсту, 1967-жылдагы 6 Күн согушунда болсо Чыгыш Кудсту басып алды. БУУнун коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыктын орнотулушу үчүн керектүү деп тапкан принциптерди ортого салган 242 номердүү токтомунда, Израилди 1967-жылдагы согуш убагында басып алган жерлерден чыгып кетүүгө чакырса дагы, ошол күндөн бери Израиль Кудсту парламенти жана министрликтери дагы орун алган накталай борбор шаары катары карап келет. 1980-жылы Израиль өзү чыгарган Кудс мыйзамы менен Кудстун толугун бөлүнгүс борбор шаар катары жарыялаганда бул токтом да БУУнун коопсуздук кеңешинин 478 номердүү токтому менен айыпталып, Кудста дипломатиялык өкүлчүлүгү орун алган өлкөлөрдөн өкүлчүлүктөрүн Тель-Авивге көчүрүүсү талап кылынды. Кеңештин туруктуу мүчөсү АКШ, добуш берүүгө катышкан жок, бирок токтомду вето да кылган жок. Ошол күндөн баштап Кудста элчилиги орун алган Боливия, Доминик Республикасы, Эквадор, Гватемала, Гаити, Нидерландия, Колумбия, Панама, Чили, Уругвай жана Венесуэла дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн Тель-Авивке көчүрө башташты. 2006-жылы Эл-Салвадор жана Коста-Риканын да элчиликтерин Кудстан Тель-Авивге артка көчүрүүсү менен шаарда эч бир элчилик имараты калган жок.

АКШ эмне кылууга аракеттенүүдө?

1995-жылы АКШ Конгресси, БУУнун коопсуздук кеңешинин 478 номердүү токтомуна карабастан Кудсту Израилдин борбор шаары катары жарыялаган жана Израиль багытындагы элчилигин Тель-Авивден Кудска көчүрүүнү көздөгөн Кудс Элчилик мыйзамын (Jerusalem Embassy Act of 1995) чыгарды. Мыйзамда Кудста курула турган элчиликтин 1999-жылдын май айына чейин курулушу керек экени орун алышы менен бирге, көчүрүү жагдайы ушул убакка дейре бардык башчылар тарабынан маселенин сезимталдыгы жана Жакынкы Чыгыш маселесинде алып келе турган жаман жыйынтыктары эске алынып ар убак кийинкиге жылдырып келишкен болчу.

2017-жылы 6-декабрда Осмон жерлеринде жөөттөр үчүн улуттук мекен курулуусуна убада берген Бальфур Декларациясынан толук 100 жыл өткөн соң АКШнын 45-президенти Дональд Трамп, Тель-Авивдеги АКШнын элчилигин көчүрүү токтомун чыгарганын жарыялады. Бул жарыялоо Жакынкы Чыгыштын тынчтык процессине жана аймак муктаж болгон стабилдүүлүк чөйрөсүнө тийгизе турган зыяны жагынан тарыхый жана бактысыз жарыя болчу. Бул көчүрүү жөнөкөй эле жер которуу эмес, басып алууга эл аралык мыйзамдуулук киргизүү аракетинин бир бөлүгү эле.

АКШ, аймакта чыңалууну арттыра турганын, кагылышууларга себеп боло турганын билип туруп, эл аралык коомчулуктун макулдашуу менен «каршы» чыгуусуна, «кабыл» деп дүйнө жүзүнүн көз алдында эл аралык укукка ачык эле түрдө каршы чечимин ишке ашырып, Израиль багытындагы элчилигин Кудска көчүрдү.

Палестиналыктар үчүн ажыратуучу дубал эмне болсо, курчоо эмне болсо, бул чечим дагы ошондой эле мүнөздө болчу. Эл аралык коомчулуктун катуу каршы чыгуусуна карабастан баш тартпаган АКШнын бул кадамы, табигый түрдө палестиналыктар тарабынан ызалануу жана санаага батуу сезимдери менен кабыл алынды. Натыйжада жарандык баш ийбөөчүлүк жана пассивдүү каршылык көрсөтүү жолу менен укук жана адилеттик чакырыгын салган миңдеген жаранга карай кайра эле ченемсиз күч колдонулуп, зулумдук кылынып, кан жана көз жашы көлдөдү. Палестиналыктар эл аралык коомдук пикир жана медианын көз алдында Израиль полициясы тарабынан аң ууланып жаткансып шейит кылынды, миңдегени жаракат алды. Израилдин курулуусу менен кыргынга учураган, үйлөрүнөн жана жерлеринен мажбурланып, жасалма жолдор менен сүрүлүп чыккан, өз жерлеринде качкын, ал эмес мекенсиз абалга айланган палестиналыктар үчүн «чоң апаат» түшүнүгүн берген Некбеден бери өткөн 70 жылга карабастан бардык кыйынчылыктары менен дагы деле уланып жатканы дагы бир жолу бардык көрүнүшү менен көз алдыга жайылды.

Жакынкы Чыгыштагы өрткө суу ташыган Түркия

Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги жетекчиси сыпаты менен урматтуу президентибиздин чакыруусу боюнча 2018-жылдын 18-майында чогулган Кудс Саммити, болуп өткөн бул акылга сыйбаган жана укукка жатпаган ишке ашырууларга «токто!» деп айтуу жагынан абдан маанилүү болчу. Бүткүл дүйнөдө жаңырык тапкан саммит, көп сандаган аймактык жана эл аралык мекеменин жасай албаганын жасады. Түркиянын сезимталдыгы жана адамзат маселелериндеги алдыңкы планы аркылуу, Кудстун статусунун акылга сыйбаган жана укукка жатпаган туш келди ишке ашыруулар менен алмаштырылбай турганын дагы бир жолу ортого салган болду.

Түркия ташталган бул кадамдар барынан мурда Израилге зыян тийгизе турганын, БУУ түзүлгөндөн бери чечиле албаган Палестина маселесинин соңуна чыгышына кызмат кылбай турганын, тескерисинче маселени дагы чечилгис абалга айландыра турганын жана аймакты кайрадан өрт каптаган жерге айланта турганын ар дайым болгону сыяктуу кайра эскертти. Аймакта туруктуу тынчтыктын камсыздалышы, кагылышуулардын жана кризистердин алдын алуусу үчүн эң чоң аракет жумшаган жана толеранттуулук көрсөткөн өлкө Түркия болчу. Тилекке каршы бул аракеттер тийиштүү тараптар тарабынан жетиштүү түрдө колдоо көргөн жок жана тынчтык үмүттөрү кайдыгер түрдө каржалуусун улантты.

Жабыркагандардын кайгысын азайтыш үчүн «Мави Мармара» кемеси жөнөтүлгөндө бейкүнөө жана куралсыз кишилер өлтүрүлдү. Болуп жаткандардын кайгысы басаңдай электе бир гана палестиналыктардын үстүндөгү оор кысымдын жеңилдетилиши үчүн Түркия, Израилге кун төлөө жана кечирим суроо мүмкүнчүлүгүн сунуштады. Ал эми бул ирет дагы жасалган жардамдарга жалаа жабуулар, каралоолор менен бөгөт коюлууга аракет кылынды. Бомбалардын астында жабыркаган адамдарга ысык тамак жеткирилип жатканда, «Тамактар муктаждарга эмес, террористтерге жеткирилүүдө» түрүндөгү жалаалар жабылды. Бекем үй-бүлөлөр курулган, адамдар радикалдашпаган, тартиптүү коомчулук түзүлүшү үчүн тынчтык, ынтымак, бакубаттык камсыздалышына аракет кылган жана 400 жаш жигиттин үй-бүлө куруусун камсыздаган ТИКАга, террористтерге колдоо көрсөтүп жатат деген айып тагылды.

Таза аң-сезим менен ойлонулуп көрсө Түркиянын жардамдары чындыгында чыңалууну кандай басаңдатканы, кризистердин жаман таасирлерин кантип азайтканы көрүнөт. Түркия булардын бардыгына карабастан аймакта тынчтыктын жана ынтымактын кайрадан курулушу үчүн мотивациясын жоготпостон иштерин улантты жана улантууда. Бул рамазан айында да жабыркоолордун калыбына келтирилиши үчүн жаралуулардын үйлөрүнө унаа менен медициналык тейлөө жеткирилет, дары-дармек жана медициналык шаймандар Газага жеткирилет. Рамазан айы бою күнүгө 1000 үй-бүлөгө бардыгы 200 миңдей кишиге ысык тамак таркатылат жана 12 миң муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк жардамдары берилет. Шашылыш гуманитардык жардамдар менен өзгөчө газадагы барган сайын начарлаган адамзат абалынын бир аз болсо да жакшыртылышы максатталып, узун мөөнөткө жайылган өнүгүү жардамдары менен болсо Палестина калкынын эркиндигинин арттырылышына салым кошот.

Түркиянын бул аракеттери адилеттик жана тынчтык үчүн курула турган эки мамлекеттүү чечүүчү жолду колдоого алып, чындыгында кандайдыр бир түрдө Израилдин аймактагы ээлеген жерине карай мыйзамдуулук изденүүсүнө да жооп берүүдө жана Израиль калкына да колдоо болуп жатат. Израиль бөлүүчү дубалдары менен, сот чечимисиз эле өлүм жазасын аткаруулары, курал жана бомбалар менен палестиндерди жок кылууга аракет кылып эмес, адилеттик, кечиримдүүлүк менен мамлекетин башкарып мыйзамдуулукка жетише турганын эми көрүшү керек.

Кризистерди соңуна чыгарыш үчүн жандалбас урган-Түркия

Адилеттик жана кечиримдүүлүк баалуулуктарын жактоону тарыхый миссиясы жана мамлекеттик салты катары жактырган Түркия, дин, тил жана расага карабастан ар дайым зулумдукка каршы карапайым калктын жанында орун алды. Мунун сансыз мисалын тарыхтан табууга болот. 1492-жылы 200 миңге жакын жөөт Испанияда көргөн кысым жана зулумдуктан качып Осмон империясына баш калкалаган, тынчтык жана коопсуздукту ушул жерлерде көргөн. Осмон империясында жөөттөр коомчулукта жана мамлекетте маанилүү кызматтарга келе алышкан. Ушул сыяктуу үлгүлөрдү республика тарыхында да көрүүгө болот. Түркия, жөөттөрдүн 2-Дүйнөлүк согуш убагында нацисттик зулумдуктардан коргонуусу үчүн колунан келген аракетти жумшаган. Ал убактын Марсилиядагы консулу Неждет Кент, нацисттик басып алуу астында турган Францияда жашаган жана немис концлагерлерине жөнөтүлүүгө аракет кылынган бир топ жөөткө өз өмүрүн коркунучка салып түрк паспортун жасатып берген жана аларды бул зулумдуктан куткарып калган. Ошол эле мезгилде Түркиянын Родостогу башкы консулу катары кызмат кылган жана Түрк Шиндлери катары да эскерилген Селахаттин Үлкүмен, Германия менен Түркиянын ортосунда кризис чыгышына да карабастан Родос аралынан концлагерлерге алып кетүүгө аракет кылынган түрк жөөттөрүн немис генералга тапшырып берген эмес. Тарыхтагы мындай мисалдарга карасак Түркиянын бүгүнкү күндөгү аракети да жакшы түшүнүлөт.

Түркиянын өзүн бөлүнгүс бир бөлүгү катары көргөн аймакта тынчтык жана ырааттуулукту камсыздоо аракеттеринин баасы билиниши абзел жана бул тарыхый мүмкүнчүлүктөн жакшы пайдалануу керек. Бүгүнкү күндө кагылышуу жана ыраатсыздык борбору катары көрүнгөн аймакты 400 жыл бою адилеттик менен башкарган жана башкача дин жана этникалык топтун мүчөсү болгон элементтердин тынчтыкта жанаша жашоосун камсыздаган Осмон империясынын мурасын алып жүргөн мамлекет, шексиз аймактын бүгүнкү күндө туш болгон кагылышуу жана ыраатсыздык маселелеринин чечилишине да абдан маанилүү салымдарды кошот.

Түркиянын максаты эч качан башка өлкөлөрдүн үстүндө эгемендик куруп аларды эзүү жана өз кызыкчылыгын көздөгөн иш-аракеттерин ишке ашыруу болбоптур, ошондуктан өз улуттук чек араларынын тышындагы адамдар үчүн да дүйнөнүн дагы адилеттүү жана жашаса боло турган жер болушун камсыздоо болуптур. Ошондуктан Түркия 80 миллионду эмес, 7,5 миллиард кишини кызыктырган глобалдык максаттын артынан чуркайт. Бул темадагы чынчылдыгын, жакынкы бир убакта Мьянма жана Бангладеште көрсөттү. Араканда кыргынга учураган жана жүз миңдегени Бангладешке баш калкалаган жабыркаган калкка Түркия миңдеген чакырым алыстан кучак жайды. Президентибиз, кризис башталган алгачкы убактан тартып тынымсыз дипломатиялык алакалары менен дүйнөнүн көңүлүн кризиске бурууга аракет кылды. Аймакка өзүнүн үй-бүлөсүн жөнөтүп кризистин таасирлерин жеңилдетиш үчүн өлкөбүздүн жардамдарын жеткирди. Бангладешке баш калкалап лагерлерде жашаган жүз миңдеген качкынга ТИКАнын ысык тамак берүү жардамдары күнүгө берилүүдө. Түркиянын 5500 чакырым ары жакта бул жардамдарды берип жатып өз кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылганын ким айта алат? Түркиянын аракети, институттук эреженин өз кызыкчылыктары үчүн дүйнөнү барган сайын башкарылгыс абалга келтирүү аракетине «токто!»-деп айтуудан башка эч нерсе эмес.

Түркия-Израиль карым-катнаштары

Түркия Республикасы Израиль менен болгон дипломатиялык карым-катнаштарын, аймактын тынчтыгына жана ыраттуулугуна салым кошо турган аракеттердин маанилүү бөлүгү катары эсептейт.

Израилдин аймак өлкөлөрү менен болгон келишпестиктерин жана чыңалууларды ойлогондо, карым-катнаштардын жакшы улануусу Израилдин аймакта жалгыз калуусуна да бөгөт болууда.

Палестинада болуп жаткан ар бир кризистен кийин Түркия-Израиль карым-катнаштары солгундап жатат. Түркиянын сезимталдуулугу жана адамдык мамилеси кээ-кээде Израиль өкмөтүнүнө жакпай жана бул абал эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелерге да таасирин тийгизүүдө. Газада болгон акыркы кризистен кийин да элчилердин бир канча мөөнөткө өлкөлөрүнө кайтуусу, дипломатиялык алакалардын деңгээлин төмөндөтүп же төмөндөтпөй тургандыгы жөнүндөгү суроону жараткан эле. Элчилердин эки тараптуу түрдө убактылуу өз өлкөлөрүнө кайтуусу туура кадам болот, бирок дипломатиялык карым-катнаштардын узак мөөнөттүү токтотулушу, окуялардан жапа чеккен палестиналыктарга да кандайдыр бир санкция киргизилиши түшүнүгүн бериши мүмкүн. «Мави Мармара» кол салуусунан кийин 6 жылга созулган чыңалуу эки жактуу түрдө элчилердин дайындалышын камсыздаган келишимдин негизинде оңолуп, кайрадан башталган дипломатиялык карым-катнаштар бардык нерсеге карабастан Түркиянын Палестина маселесине салым кошуусун жана жардамдарынын муктаж адамдарга жеткирилишин жеңилдеткен эле. А бирок Кудс басып алуу, Газа эмбарго, Батыш Шериа болсо курчоо астында жана Палестинага жетүүнүн жолдору мыйзамсыз болсо дагы Израилдин көзөмөлүндө турат. Бул жерде сезимталдыктан алыс болуп, акыл калчап иш кылып маселелерди тереңдете турчу кадамдардан алыс туруу керек. Уюмдарыбыз дагы бул боюнча координациялуу кыймыл кылып, өз иш-аракеттерин дипломатиялык миссияларыбыз жана аянтта активдүү иш алып барган ТИКА кеңсебиз менен кеңешип пландашы керек.

Израиль башкаруусу бүгүнкү күнгө чейин эч кылбаган болсо дагы, эми эл аралык коомчулукка кулак салуусу керек жана палестиналыктарга жасаган зулумдугун токтотуусу зарыл. Тарыхта эң көп сүргүнгө дуушар болгон улуттук өкүлдөрү, мурда башынан өткөргөн кайгылардын окшошун учурда башкаларына жашатпашы керек. Экинчи тараптан кризисти күчөткөн, адамдарды тукурган жана ыраатсыздыкка алып барган кандайдыр бир өлкөнүн «арачылык» ролун аткара албай тургандыгы эми көрүнүүсү керек. 100 жылдан бери тынчтыкты самаган Кудста тарыхта болгону сыяктуу ар кайсы диндердин өкүлдөрү ынтымактуу жана тынчтык ичинде жашашы керек.

Адамдар эркин жана коопсуз түрдө иш кыла алган, соода-сатык жанданган ар бир аймакка тынчтык орноору шексиз. ТИКАнын миссиясы да ар бир барган аймактарда экономикалык инфраструктураны күчтөндүрүп тынчтык жана бакубаттыкты коргоо, бузулган жерлерде болсо тартиптин кайрадан түзүлүүсү үчүн аракет кылып келе жатат.



Тектеш кабарлар