Йемендик Мерве

Өз өлкөсүн өнүктүрүүгө карай умтулуу.

Йемендик Мерве

 

Адамдар биз өзүбүз кээде кичинекей эле маселени абдан чоңойтуп алабыз. Дүйнөгө болгон көз карашка ошол эле маселе боюнча карап кыйын абалга алып келебиз. Мындай абалдарда бир аз тышка чыгуу, ал маселеге тыштан кароо, жашаган өлкөбүзгө тыштан көз чаптыруу дагы бекем баа берүүбүзгө салым кошот. Ушул алкакта төмөнкү чыныгы болгон окуяны, Түркия билдирип жаткан түшүнүктү көрүү үчүн бөлүшүүнү туура таптым.

Түркия өзгөчө абалдарга карабастан барган сайын чоң катнашта билим берүү базасы болуп баратат. Мен окуучу болгон кезде Түркия өзүнө келе турган бир өлкө эмес эле. Азыр болсо 150 миң эл аралык окуучу Түркиядан, түркчөдөн келечегин издеп жатат. Бирок ар бир окуучунун турмушу  өзүнчө бир кайгы, дастан, аракет, үмүт жана изденүү. Түркиянын бул жаштар үчүн кандай толкундануунун, үмүттүн түшүндүрмөсү экендигин көрсөтүү үчүн бөлүшө турган баяным йемендик Мерве тууралуу. Мерве бул студенттердин бирөөсү гана.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы, профессор Кудрет Бүлбүлдүн баяны.

Ано Йемен, гүлү чемен..

Йемен... Кызыл деңизге, Аден булуңуна, Омман деңизине жээктеш болуп, стратегиялык абалынан улам дээрлик тарыхтын ар бир мезгилинде кыйынчылык тарткан өлкө. Биз үчүн Мекке жана Мадина коргонуусу ошол жерден башталгандыктан эң көп шейит берген аймактарыбыздын бирөөсү. Чанаккале менен бирге балким да эң көп жоготуу берген, калкыбыз эң көп кошок айткан, жүрөгү титиреген жер. Дастандарыбыздын, кошокторубуздун, кыйынчылыктарыбыздын жүрөккө кылымдар боюу калтырган шейит саны менен байланыштуу болсо керек Чанаккале менен Йемен башка сыздатат ал көңүлүбүздү.

Үмүткө жолчулук...

Мерве мына ушундай өлкөлөрдүн бири Йемендин борбор шаары Санадан. Ар бир эле жаш сыяктуу келечегин ойлоп жатканда  2014 -  жылдагы жарандык согушу менен өлкөсүнүн келечеги дагы бир жолу карарды. Козголоң болгон мезгилдерде сүйлөгөндөр бир гана куралдар болду. Адамзаттык унутулуп, жаштар да келечектери да эске келбес болду..

2015 -  жылы өлкөсүндө болуп жаткан баш  - аламандык ичинде келечегин ойлогон Мервенин жолуна жарык чачкан бир нур чыкты. Өлкө тышы Түркия стипендиялары тарабынан Түркияда билим алуу укугуна жетишкендиги билдирилет. АКШнын Fulbright, немистердин Daad, англистердин Chevening стипендиялары Йемендеги жарандык согуштан улам токтотулгандыктан Түркия стипендиялары Мерве менен 150 йемендик студент үчүн үмүткө, келечекке карай кеткен жол болду. Түркия түшү менен Түркияга келип билим алгандан кийин өлкөлөрүнө кайтып кыйраган өлкөлөрүн кайрадан куруу үчүн абдан чоң толкунданууга кабылышат.

Бир тарапта үмүттөрү, бир тарапта турмуштун ачуу чындыгы. Өлкөлөрүндөгү жарандык согуштан улам Санадагы элчиликтер жабылып, көпчүлүгү Жиддага көчтү. Коопсуздуктан улам учак каттамдары да аткарылбай жаткан. Түркияга келүү үчүн виза алуулары керек. Бул үчүн бир гана жол Жиддага көчкөн Түркия элчилигине кургак жол менен баруу. Бирок кагылышкан түрдүү топтордун текшерүүсү астында болгон бул жолдордон бомбалар, кагылышуулар, кол салуулар, текшерүү жерлеринин арасынан Сауд чек арасына баруу мүмкүн эместей. Сауд чек арасына барса да Сауд Арабияга киришинин да кепилдиги жок.  

Чарасыздыктын ичинде чара издеген жаштар бат  - бат Санада жолушуп турушту. Жиддадагы Түркия элчилиги менен байланышка өтүшөт. Виза үчүн паспортторду Жиддага алып баруудан башка жол жок эле. Акырында бир эркек окуучу бардык паспортторду Жиддага алып баруу үчүн ыктыярдуу болот. Жаштар чоң үмүт менен Йемендеги окуучулардын паспортторун чогулта баштайт. Бирок үмүмттөрү өчөт. Ыктыярдуу болгон эркек окуучу бомбалоолор астындагы Йемен шаарларынан өтүп паспортторду Жиддага алып баруудан баш тартат. Үмүттөрү толугу менен жок болуп бара жатканда «ким бар дегенде оң  - солуна карабастан мен бармын»,- деген аң-  сезим менен  Мерве чогултула туган паспортторду Жиддага алып барууда ыктыярдуу болот. Мервенин  чечиминен үй  - бүлөсү тынчсызданат. Баш тарттырууга аракет кылышат. Бара турган болсо дагы бир гана өз паспортун алып барышы керектигин айтышат. Бирок Мерве стипендия алууга укуктуу окуучулардан келе тургандардын баарынын өзүн карап тургандыгын билгендиктен чечиминде катуу турат. Окуучулар, үй  - бүлөлөрү ылдам түрдө уюмдашып 90 паспортту чогултушат. Окуучулардын көпчүлүгүнө жетише алышпайт. Бир бөлүгү  Мервенин бул жолчулугунда ийгиликтүү боло албай тургандыгын, ийгиликтүү болсо да ошончо паспорт менен Сауд Арабияга кире албай тургандыгын ойлоп паспортторун беришпейт.

Элчи Фазлы Чорман Мервенин бул чечимине абдан кубанат. Бирок бул аткара турган ишинин тобокелчилиги тууралуу кайра  - кайра түшүндүрөт. Текшерүүдө ошончо паспорттун жанында болушу өмүрүн коркунучка салышы мүмкүн экендигин айтат. Бул бардык ыктымалдарга карата ага : «Түркия стипендияларына жетишкендигине, стипендия ала турган окуучулардын виза иштеринин чечилиши үчүн башка паспорттор менен бирге Жиддага келгендигине» байланыштуу бир жазуу бере аларын белгиледи.

Мерве үй  - бүлөсүнүн, башка окуучулардын жана үй  - бүлөлөрүнүн дуалары менен жолго чыгат. Эки күн боюнча Сауд чек арасына чейин Йемен территорияларында жол жүрөт. Балким да алган дуалары менен жол боюнча бир кагылышуунун ортосунда же бомбалоо астында калбайт. Көп сандаган текшерүү жерлеринде болсо Йемендеги отурукташкан маданияттын негизинде кыз окуучу болгону үчүн кенен түрдө тинтүү болбойт. Эрте менен саат 10 чамаларында Йемен бажысына барат. Бирок алдында узун кезекке турган кишилер бар. Бул кезекке турууну күтө турган болсо ал күнү өзүнө кезектин келиши мүмкүн эмес. Йемендик кызматкерлер менен сүйлөшүп бул жерден өтөт. Артында аскан сумкасында 90 окуучунун келечеги болгон паспорттор менен Сауд бажысына карай жөө басат.

Сауд бажысында иштер оңой менен бүтпөтй. Кызматкерлер Мервеге ишенишпейт. Ал күнү эч нерсе кыла алышпай тургандарын, эртең келүүсүн айтышат. Чөлдүн ортосунда жалгыз кыз эмне кылат? Мерве кайра элчилик менен байланышка өтөт. Элчилик маселе тууралуу факс жиберет. Саудиялык кызматкерлер бул жолу жанында бир жакыны болбостон Сауд Арабияга киргизишпей тургандарын айтышат. Мерве ажылык үчүн барбагандыгын, Сауд Арабияда үч күндөн ашуун калбай тургандыгын, паспорт ишетринен кийин ылдам түрдө кайтарын көптөгөн жолу айтат. Көнүшпөсө да расмий кагазга бир ысымды кошо жазуу менен 9 сааттык убаракерчиликтин акырында Мервенин өтүшүнө уруксат беришет. Элчилик кызматкерлери Мервени чоң кубанычтуулук менен кабыл алышат. Үч күндүн акырында виза иштери бүткөрүлөт. Бирок Мерве үчүн кыйынчылыктар бүткөн жок.  Кайтуу жолу да келген жолунчалык коркунучтуу. Кайтышында автобустары бир көпүрөдө бомбалануудан бир канча минута мурун кутулат. Автобус кыйынчылык менен Санага барат.

Мерве эми Йылдырым Беязыт университетинде студент. Башка студенттер да өлкөлөрүнө салым кошуу үчүн Түркияда ийгиликтүү билим алууну улантышууда. Бул баянды өздөрү бардык сындарды, ал түгүл акаартты кылып, кичинекей бир сынды көтөрө албастан, бир жерге барганда туура болбосо да «бул өлкөдө жашоого болбойт, кеттим эми» дегендерге арнадым.

Анкарадагы Йылдырым Бейазыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Булбулдун баяны.



Тектеш кабарлар