Кутубузга кат келди-16

"Кутубузга кат келди" кат келди аттуу уктуруубуздун кезектеги бөлүмү.

Кутубузга кат келди-16

Урматтуу окурмандар, «Кутубузга кат келди» аттуу программабызды улантабыз. Бул программага угармандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин, эскермелерин, Түркия тууралуу эсинде калган окуяларын жаза алышат.

Алгач  азыноолак маалымат бере кетсек. Түркия мамлекеттик радио теле каланы-ТРТ менен Кыргызстандын коомдук теле радио каналы-КТРКнын ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында ТРТга 2013-жылдан бери КТРКнын журналисттери тажрыйба алмашууга келип турушат. Ошолордон бири Назира Молдокулованын эскермеси келген эле. Бүгүн ушул эскермеге орун беребиз.  Алар 1-радиодон Назира Молдокулова, Гүлбүбү Үсөнова жана «Кыргыз радиосу» бирикмесинен Калчоро Көкүлов болуп  келишкен. Түркияга алгач ирет келишкендиктен бир канча күлкүнүчтүү, эсте калаарлык окуяларга күбө болушуптур. Ал күлкүнүчтүү окуялардын бир четин Гүлбүбү Үсөнова жазган катта мурдагы программаларыбыздан биринде берген элек. Бүгүн болсо Назира айымдын өзү жазган каттан алардын окуяларына күбө болобуз.

 

                  «Салам Анкара. ТРТнын «Түркия үнү» радиосу. Мен сени сагындым.

 

  Түркиянын ажайып кооз жаратылышы эстен кетпейт. Кайракы жерин гул зарга айлантып, чырпыгын чынар кылган  мээнеткеч, кең пейил түрк элине салам.

Бир ай Туркияда жургондо убакыт. Тез эле отуп кеткендей болду. Биринчи жумасы акын Гүлжамила Шакирова эжекебиз жазгандай;

 « Кызыл ай, Кызыл ай,                                                                                                 Кызыл айдын кызыгы ай» деп Анкаранын соода борборлорун кыдырдык. Экинчи жума Стамбулга  автобус менен жол тарттык. Акыркы орундукка мен, Гүлбүбү эже, Гүлай эже, Калчоро агай болуп  олтуруп алганбыз. Улам бир окуяны айтып, ыкшып эле күлүп калабыз. Айтор көп күлдүк. Жеткичекти…азыр бири да эсте калбаптыр.

  Кийинки жума Кыргызстандан баргандар Кападокияга бардык. Кападокия ЮНЕСКОнун тизмесине кирген өзгөчө кооз жер. Жер астына 55 метр төмөн түшүп  шаарды кыдырдык. Жер астындагы шаар дегенибиз кыргызча айтканда үңкүрлөрдү кыдырдык.  Чычкандын уясындай каршы – терши үңкүрлөр. Ошол кылымда эле бирок желдеткичтер жасалыптыр, дегенибиз жел уруп турат айрым жерлеринен. Анан чубалжыган үңкүр  менен жердин алдын карай Гүлбүбү, Чынар, Калчоро агай болуп түшүп баратабыз, ошол кездин кишилери илмийген эле болгонбу айтор, үңкүр кууш, кээ бир жерлери өтө эле тар. Мен күлгүзүп баратам. Батпай калам го деп. Анан  чын эле Калчоро агай да олбурлуу киши эмеспи, мындан ары мага кыйын болчудай деп кайтып кетти…

Түбүнө түштүк. 55 метр тереңдикке  аз эле адам барат окшойт. Караңгы үлбүрөгөн чырактар. Чынар «келатат» деп  чоочутуп, тамашалап качканда кыйкырганды көруп ал. Ошентип Кападокияда жер алдындагы шаарды каткырыкка бөлөдүк.

  Бир ай Түркияда жашап, тил билбегенибиз деле сезилген жок. Барган күндөн тарта, түшүнбөсөк деле бир сериалды көрүп баштадык. Анда жаш кызды кыйнап турмушка узатмакчы болгон атасынын аракетине кызы каршылык көрсөтүп, далай- азап тозокту тартат. Кыргызстанга кайтып жатып секелектин тагдыры эмне менен бүтөт деп кабатырландык. Ал сериалдын аягы кандай болуп бүткөнү алиге кызык...

Эми өзүм көрүп, таасирленген нерселерден  кеп салайын. Күлкүлүү окуялар туурасында,  Алмаз байке баргандардын баарына айта берип, “ Мерхаба” окуясы жаңылык деле болбой калды.

 Алгач жергиликтүү калк жөнүндө. Түрк эли кең пейил, билимге умтулуп,иштерман. 2013- жылы  октябрь айынын башында барып  ноябрда кайттык .Кыш келе жатса, гүлдүн ошол мезгилге ылайыкташкан сортун көчүрүп жатышат.   Мага жаз келип,  гүлдөр жаңыдан ачылып жаткандай таасир калтырды. Анкара  жашыл карагайга чулганып, гүлгө оронгон шаар...

  Түрк эли  коопсуздугун камсыз кылып турган,  Куралдуу күчтөрүн абдан сыйлайт. Кичи автобуста кетип бара жатсак, Аскер министрлигинин жанынан унаанын  ылдамдыгы адаттан тыш жайланды, ичиндеги эл таазим кылып өткөнүн көрүп, суктандым.

 Желегин-  Түрктөрдөй сыйлап, даңтаган дүйнөдө эл аз.  Түркия чамгарагы бийиктеп- көктү жиреп жатса да,  тамырын тереңге жайып, тарыхын – маданиятын өнүктүрүп жатат...

 Эми Түркиядагы кыргыздар туурасында. “ Ырыс алды- ынтымак” алар үчүн башкы принцип.  кыргыз коому  бири- бирине  “ өйдөдө- өбөк- ылдыйда жөлөк”. Бир чоң үй- бүлөнүн балдарындай ынтымактуу.  Силер менен  ырыскылаш болуп калганыма ыраазымын.

Унутчаак жаным ай. Бир ай тез эле өтүп, Кыргызстанга кайтмай болдук. Мусаапырканадагылар менен коштошуп, кыстара кетсем түрктөр конок үйүн «мисафирхане» дешет экен. Аны биз мусаапыркана деп койгонбуз.  Алмаз байке айдаткан машинесине олтуруп алып, ойда жыргап-бажырап бара жатабыз. Аэропортко жетип эле жүктү түшүрсөк менен баштыгым жок. Документтин бары ошондо болчу. Уялганды айтпа. Жер катуу болуп калды. Алмаз байкенин өңү кыпкызыл болуп чыкты. Бирок бир ооз жаман сөз айткан жок. Айтор бизге түтүп эле жүрөт. Ушул жерден сизге « кош кабат» рахматымды айта кетейин.

  Алыс сапарга чыксаң, жоого аттансаң  Калчоро байке менен бар. Алмаз байкенин авторитети менен ТРТнын жеңил унаасы мүнөт- мүнөт, секунд- секунд калганда баштыгымды жеткизди. Калчоро байке мени менен чогуу регистрациядан өтпөй күтүп турду.Анан шашканда самолетту карай чуркаганды айт…

Дагы далай жоруктар калды. Арадан 4 жылдай убакыт өтүпүр…ТРТга баргандар баарын унутса да Фуат бейдин даамдуу сый тамагын унтпай!

Алмаз байкенин кызыл машиненсин айдап алып Анкараны кыдыртканын унутпайт. Ыссык демделген кок чайын унутпайт!

  Эсте калган жакшы күндөр үчүн рахмат сага Анкара. ТРТ Түркия үнү радиосу. Көрүшкөнчө».

 Назира Молдокулова “ Биринчи радио”

Эми ушунча болгон соң Назира айымдын катына кошумча жаза кетпесем оюмдагылар ичимде калчудай. Назира өзү да эске сала кеткендей алардын кайта турган күнү келип, менин иштерим кычашып «силер машинага түшө бергиле менин бир аз иштерим бар, ошону бүтүрө салып келип калам» деп аларга айтып коюп, иштерди бүтүрө калып келсем ТРТ чыгарган машинага жүктөрүн жүктөтүп, баары даяр олтуруп калышыптыр. Анан сурап калдым; «Эч нерсе унуткан жоксуңарбы? Документтериңерди алдыңарбы?»-деп. Ошондо Назира; «Баары жайында»-деп жооп берди эле. Аэропортту көздөй бет алдык. Ошентип аэропортко жетип жүктөрдү түшүрүп жатсак эле, Назира шашкалактап калды. «Эмне болду?»десем, паспортум калып калыптыр десе болобу? Ошондо заманамдын тарыганын айтпа...Эмне кылсам деп ары басып, бери басып ойлонуп калдым. ТРТ Анкаранын аркы башында, аэропорт бул башында. Барып келейин десем учакка жетише албайм. Анан ошол жерден ТРТнын айдоочуларына телефон чалып биздин бир коноктун паспорту калып калыптыр, аны тез алып келгиле же болбосо учакка жетише албай калат» деп алар менен сүйлөшүп анан Назирадан сурасам, «Биз мисафирханеде кетээр аяк чай ичкенбиз. Колумдагы баштыгымды ошол жерге унутуп кетиптирмин» дейт. Анан дароо мисафирханенин кабылдамасында иштеген кызматкерге чалып сумканы айдоочуларга берип коюшун сурандым. Ошентип кол баштык учак учаарына 5 мүнөт калганда келип тийди. Ал аңгыча мен аэропорттун кызматкерлери менен акылдашып абалды түшүндүрүп, ушул кишилерди өткөрүп жибергиле деп сүйлөшүп жаттым. Назира анда санда жаныма келип, «Эми эмне болот, мени баллдарым күтүп жатат» деп бушайман.  Паспортту алаар менен текшерте калып аларды өткөрүп жибердим. Андан аркысын Калчоро байке менен Гүлбүбү айым КТРКда жомоктотуп айтып берген имиш...Назиранын кантип чуркаганын...

Назира Молдокулова айымга ийгилик каалайбыз. КТРКнын Биринчи радиосундагы чыгармачылыгы өркүндөй беришин тилейбиз.



Тектеш кабарлар