Кутубузга кат келди-19

"Кутубузга кат келди" аттуу программабыздын кезектеги чыгарылышы.

Кутубузга кат келди-19

Урматтуу окурмандар, мурдагы программаларыбызда белгиленибиз сыяктуу «Түркия үнү» радиосунда угармандар сиздерден келген каттарды кайра сиздерге жана башка угармандарга угузуучу «Кутубузга кат келди» аттуу программабызды улантабыз. Бул программага угармандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин, эскермелерин, Түркия тууралуу эсинде калган окуяларын жаза алышат. Жакшы көргөн түркчө ыры болсо ошол ырды да угузганга аракет кылабыз.

Биз, бүгүнкү программабызды кыргызстандык   журналист  Эмилбек Момуновдун эскерме катына бөлдүк. Ал Түркия жергесинде  бир нече жолу болуп, өзүнүн  эскерүүлөрүн кеңири  жазган. Бир жолу Кыргызстандан отузга жакын райондук, шаардык бийликтеринин аким, мэрлеринен түзүлгөн делегациянын курамына ал иш-чараны чагылдыруу үчүн журналист катары ал кезде “Кабар” агенттигинде иштеп жаткан Эмилбек Момунов тандалган экен. Мына ошолор тууралуу  автордун эскерүүлөрүн окурмандарга   сунуш кылабыз. Ал мындайча эскерет:

 

“Стамбулда он күн

Жер ортолук деңизиндеги Азия менен Европа материктеринин бириккен жеринде орун алган, Африка континентин да бириктирип турган, дүйнөнүн соода борбору аталган байыркы Стамбул шаарын көрбөгөн, көрүүнү эңсебеген саякатчылар болбосо керек. Анткени бир кезде дүйнөнүн жарымын дээрлик 600 жыл бою башкарып турган Осмон империясынын ордосу болгон бул шаар бир гана деңиз жолу аркылуу эмес, аба катнашы боюнча да тогуз жолдун тоому болуп саналат. Баарынан да деңиз жолу болобу, самолет аркылуу учуп өтүп жаткан транзиттик жүргүнчүлөрбү, конок менен туристтердин көзүнүн карасы менен кошо айланып, ички сезимиңди көзүңдөн билип-туюп турган Түркия мамлекети баардык шарттарды түзүп койгон. Башкача айтканда, эл аралык “Ататүрк” аэропорту аркылуу Европа, АКШ, Австралия, Азия өлкөлөрүнө учуп бараткан жүргүнчү сөзсүз 6 же 12 саат тыныгуу жасап, башка учакка которулат. Учактар чымындай учуп-конуп турган аэропорт суткасына 300гө жакын учууларды кабыл алып, узатып турат экен. Албетте, бул убакытта кааласаң бекер Стамбулдун мейманканаларында эс алып же шаарды кыдырсаң болот. Бирок мени ушул өзүнүн он миллиондон ашык калкы бар, күн сайын сырттан үч миллионго жакын адамдар кирип-чыгып турган шаардын жашоосу, тейлөөсү кызыктыра берчү.

Кудай берип, менин ушул тилегим 2010-жылы июнь айында орундалып, өзүм кызыккан бир топ суроолорго жооп алдым. Башкача айтканда, Стамбулдун мэриясынан баштап, 42 райондорунун баарына жетише албасак да, 12синин администрациясында болуп, район акимдери менен таанышып, элди медициналык, коммуналдык жактан кандай тейлеп жаткандыгын, билим берүү мекемелеринин иштери менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Биздин бул сапарыбыз ошол бизде экинчи ирет революция болуп, бийлик алмашкан учурга да туш келгендиктен, көчөдөгү карапайым стамбулдуктардан тартып, мэриянын кызматкерлерине чейин чоң кызыгууну жаратып жатты.

Ошол жылы ал кездеги өкмөт башчылар, азыркы эки өлкөнүн тең президенттери Алмазбек Атамбаев менен Режеп Таййип Эрдогандардын жолугушуусунда эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуу тууралуу келишимине кол коюлган экен. Андыктан Кыргызстандан отузга жакын райондук, шаардык бийликтеринин аким, мэрлеринен түзүлгөн делегациянын курамына бул иш-чараны чагылдыруу үчүн журналист катары ал кезде “Кабар” агенттигинде иштеп жаткан мен тандалган экенмин.

Бишкектин “Манас” аэропортунан таңкы саат бештерде Стамбулга уча турган акимдер менен мэрлердин катарында түңкү саат үчтө чогулуп, чоң автобус менен чогуу бардык. Адатта биз, журналисттер “балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” болуп, башка өлкөдөбү же өзүбүздөбү, бири-бирибизди тез эле таанып, тил табышып кетебиз. Бирок мен бул ирет алгач башка үйүргө түшүп калган койдой өзүмдү бөтөн сезип жаттым. Бир чети элди башкарып, мартаба менен аброй күткөн чиновниктер сүрдүү жана сырдуу болушат эмеспи. Анткен менен Стамбулга жетер менен эле аларга аралашып кеттим.

Бизди аэропорттон тосуп алган тарап түз эле учактар учуп-конуп турган жерден анча алыс эмес, деңиз жээгинде жайгашкан ресторанга тамактанууга алпарышты. Алгач эле көзүбүзгө жолдун тегиздиги менен тазалыгы, кызыл, тазыл гүлдөрдүн өсүп тургандыгы урунуп, өзүбүздү бейишке келгендей эле сезип жаттык. Тамактанып бүткөн соң Стамбулдагы эң кымбат жана чоң мейманканалардын бирине жайгаштырылып, кечке чейин эс алдык.

Ошол күнү Стамбул мэриясы менен кайсы бир европалык шаардын ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлмак экен. Бул иш-чара биздегидей мэриянын имаратында расмий документтерге кол коюу менен гана чектелбестен, шаардын белгилүү маданий жайында фуршет, эркин пикир алышуу форматында өтүп, сыйлуу конок катары бизди да чакырышты. Башкаларды билбеймин, мен үчүн бул салтанатта ушул таржымалы легендага айланган Стамбулдун мэри Кадыр Топбаш менен жолугуп, пикир алышып, баарлашкан көз ирмемдер түшүмө да кирбеген күтүүсүздүк болду. Баарынан да жогоруда айтылган жүздөгөн жылдарды камтыган тарыхы жана байлыгы менен маданияты бар мегаполистин башчысынын өтө жөнөкөйлүгүнө таң калдым. Дегеле Түркияда мэрби, депутат, министрби, бой көтөрбөгөн, карапайым элден өзгөчөлөнбөгөн тең катарда болушат окшойт. Анткен менен Кадыр Топбаштын чын ниеттен жылмайган күлкүсү менен шашпай баскан басыгынан мыкты өндүрүшчү жана саясатчы, тажрыйбалуу чарбакер экендиги байкалып турду. Кыскасы, кыргызстандык мэрлер менен акимдердин Стамбулдагы алгачкы күнү өтө жемиштүү жана тарыхый болду. Сыягы, бул учурду бир гана мен эмес, азыр да көпчүлүгү иштеп жаткан, ал тургай кызматтык даражасы көтөрүлгөн биздин чиновниктер унута элек болуш керек.

Албетте, ошол он күндөгү көргөн, билгендерибизди толук жазса, өзүнчө эле чакан китепче болчудай. Андыктан ал тууралуу дагы бир ирет учуру келгенде кеңири баяндап, азыр кыска гана  учур тууралуу учкай кеп кылалы.

Сыягы, бир эле Бишкек эмес, Москва, Париж сыяктуу ири мегаполистер үчүн деле башкы көйгөй таштанды маселеси болсо керек. Ал эми Стамбулдун коммуналдык кызматы таштандыларды өз учурунда гана ташып чыгарууга жетишпестен, аны кайра иштетип, темир, курулуш материалдарын, газ менен электр энергиясын өндүрөт экен.

Эң оболу ушул 13 миллиондон ашык калк жашаган шаарда бир да таштанды челекти, ал тургай жерден кагаз менен тамекинин калдыгын көрбөйсүң. Бул эң оболу элдин маданияттуулугунда болсо керек. Эң негизгиси шаардын тиешелүү кызматтары биздегидей жашоочуларга ай сайын таштанды акысын төлөөчү квитанцияны таратып, анысын шамал учуруп кетип, айлап төлөнбөй калган учур жок экен. Анткени ар бир адам дүкөндөн таштанды салуучу кара баштыкты сатып алганда эле таштанды акысын төлөгөн болуп калат дешти. Коммуналдык кызмат жол боюнан ушул кара баштыктарды гана чогултуп кетет. Андан соң алар бир жерде 60 тонналык салмактагы жүктү көтөрө турган, поезддин вагонундай узун машиналарга жүктөп, ал шаардан 50-60 чакырым алыстагы таштанды полигонуна жеткирет. Биз эртеси күнү ошондой кызыл түстөгү таштанды ташыган машина менен жарышып бардык. Полигонго киргенде бир аз гана каңырсыган жыт болбосо, ал жерде баары автоматташтырылып, ал тургай компьютер менен башкарыларын көрүп, кыргызстандык чиновниктер оозу ачылып калышты.

Көрсө, алгач ошол шаардан темири темирге, кагазы кагазга, тамак-аш калдыгы өзүнчө сорттолуп бөлүнүп келген таштандылар полигонго төгүлгөн соң, ал ачытылып, биогаз өндүрүлөт экен. Бирок бул газдын метаны аз болгондуктан, кайра иштетилип, электр энергиясы иштелип чыгарыларына күбө болдук. Бул электр энергиясынан 110 миңге жакын жашоочулар энергия менен камсыз болушарын угуп, көрүп, көргөн көзүбүзгө, уккан кулагыбызга ишенбей турдук. Ал эми бизде шаардыктар таштандыны төккөндөн тартып, аны тиешелүү коммуналдык кызматтар чогулткандан тартып жалаң эле көйгөй болуп келатпайбы”.

Эмилбек Момунов,

2010-жыл. Июнь, Стамбул.

Эмилбек мырзага эскерме кат жазгандыгы үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Ал учур жазылбаганда эч ким деле укпай билбей калмак экен. Радио аркылуу Эмилбек мырзанын катын элге угузуп, кандай сонун окуялар болгонун дагы бир ирет эске сала кеттик. Эмилбек мырзага ден-соолук, чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалоо менен Түркияга дагы көптөгөн сапарларды жасап, чоң-чоң чыгармаларды жаза беришине тилектешмин.



Тектеш кабарлар