Кутубузга кат келди-20

"Кутубузга кат келди" аттуу программабыздын кезектеги чыгарылышы.

Кутубузга кат келди-20

Саламатсыздарбы, кадырман окурмандар! Бүгүн «Түркия үнү» радиосунун «Кутубузга кат келди» аттуу программасында ТРТга тажрыйба алуу максатында келген Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн студенти Каденова Жанаранын Түркияга болгон сапары туурасында уга аласыздар.

«Мен,  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде окугандыктан, биздин окуу жайда жыл сайын ар бир бөлүмдүн алдыңкы үч студентинин Түркиядан тажрыйба алуусуна шарт түзүлгөн. Мына ошондой мүмкүнчүлүктүн шыбагасы мага да буйруп, үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда коммуникация факультетинен сегиз кыз Түркияга сапар тарттык...

Сапар жолубуз Бишкектен Стамбулга, андан соң Анкарадагы биз барчу Түркиянын ТРТ мекемеси эле. Стамбулга эртең мененки саат  08:30 чамасында кондук. Андан соң 10:15те Анкарага учмакпыз. Каттоодон өтүү үчүн эл катары кезекке турдук. Убакыт, мындайда бат өтөбү, же бизге ошондой сезилдиби, айтор, кезекте тура берип келерки учагыбыздын учуусуна аз эле мүнөттөр калды. А биз болсо, кезегибизди күтүп, жылбаганыбыз- жылбаган. Чый-пыйыбыз чыгып, эмне кылаарыбызды билбейбиз. Эл болсо, кумурскадай көп. Акыры орус эли “наглость вторая счастья”,-  демекчи, биз дагы элди карап, карабай, түртүлүп, асты-үстүнөн чыга баштадык. Өзгөчө мен. (J)  Каттоого жакындап өтө берейин десем эле, алдымда далылуу, денелүү арап аял туруптур. “Өткөрүп коюңуздар, учактан кечигүүдөмүн”,-десем, ал дагы күтүүдөн зарыккан немеби, айтор, алая карап “Жок” деп корс мүнөзүн көрсөтүп койду. Умсунуп кала бердим. Акыры кезегим келип, каттоодон жаңы гана өткөндө сааттын жебеси 10дон өтүп, учактын эшиги эбак эле жабылып калган экен. Мен биринчи өткөн менен артымда мени менен сапарлаш группалаштарым кезек күтүп турушкан. Аларды таштап кайда кетмек элем? Ошентип, учагыбызды учуруп, кийинки учакка отура турган болдук. Көрсө, текшерүү системасында катачылыктар кетип, ошондуктан, кезекте тургандар арбын болгон тура. Жаныбызда биз менен сапарлаш Кыргызстандык эки мекендеш келин бар эле. Алар Түркиянын Анкара шаарына жумушка иштөө үчүн бара жатышкан. Тил билбегендиктен, бизди караан тутуп келе жатышкан. Анысы туура болгон экен. Учак билеттерибизди алмаштырып бергенде, алардын билети алмашпай калыптыр. Жанымда туруп, көздөрү жашылданып кетти. Кайра барып билеттерин калыбына келтирип, аларды тосуп ала турган жакындары менен аэропорттогу бир түрк жаранынын телефону менен сүйлөштүрүп койдум. Кубангандарын айтпай эле коеюн. Сүйүнгөндөрүнөн мени бооруна  кысышып, ыраазычылыктарын аянбай берип жатышты. Бөлөк элде тил билбегени аздык кылгансып, учактан кечигип калышса, жаман эле эмеспи. Бул ишке ичимден өзүмө-өзүм ыраазы болуп койдум. Кичинекей болсо да, тилди билгеним менен бирөөгө пайдам тийгени жакшы эмеспи... Ошентип жети сааттык зарыгып күтүүдөн соң кийинки учак менен Анкарага да жеттик.

Анкара өзүнүн серүүн таза абасы, көчөлөрүнүн таза, кенендиги, элдеринин адамгерчилиги, сыпайылыгы, меймандостугу менен бат эле бизди сүйдүрүп алды. “Жол экономиканын күрөө тамыры” демекчи, баарынан дагы жолдоруна суктандым. Биздикиндей унаа кырсыгы деген нерсе дээрлик жокко эсе экен. Анкарага баруу менен чет өлкөгө келгендей эмес, өз мекенибизде жүргөндөй эле болдук. Биз барган ТРТ мекемесинин имаратынын чоңдогу боюнча дагы, кызматкерлеринин саны боюнча дагы Түркиядагы эң чоң канал болуп саналат экен. Бизди ТРТ кыргыз кызматынын жетекчиси Алмазбек Асанбаев агай тосуп алып, багытыбыз боюнча бөлүмдөргө бөлдү. Журналистикадан барган үч кыз Алмаз агайдын колунда иштеп баштадык. ТРТ кыргыз кызматынын басымдуу иши түркчө кабарларды кыргызчага которуп, веб-сайтка жайгаштыруу экен. Биз дагы кабарларды которуп, веб-сайт менен, андан тышкары “Түркия үнү” радиосунун “Кыргыз жана түрк дүйнөсү” аттуу программага китеп окуп, анын негизинде радиопрограмма жасадык. Күнүгө түштөнүүдө Алмазбек агай, биздин тил менен айтканда “мейманкана”, түркчө “мисафирхане” дегенди, тамашалап “мусаапырканаңардан” чай ичели деп, баарлашып, боорубузду эзе турган тамаша чыны аралаш, анекдотторду айтып отураар эле. Түркияга барган журналисттерден Алмазбек агайды тааныбыган адам жок болсо керек. Дегеним, агай Кыргызстандан барган журналист болобу, студент болобу, бардыгын өзү тосуп алып, өзү шаар кыдыртып, жада калса, кетээрде белек-бечкегин берип мекенге өзү узатат экен. Агайдын адамгерчилиги өзүнчө узун сабак. Барган кыздар агайга жакшы эле эркеледик окшойт.(J) Эң кызыгы агайдын машинесине сегизөөбүздүн, агай менен кошо тогуз адамдын батып алганы болду. Агай менен таанышып, өрнөк алып, адамдык асыл сапаттарын өздөштүрдүм. Бул дагы мен үчүн чоң олжо болду. Учурдан пайдаланып агайга чын көнүлдөн ыраазычылык билдирип кетмекчимин...

Мекенден алыс жүргөндө, ар бир мекендешиңди көргөндө бир тууганыңды, жакыныңды көргөндөй сезим жаралат эмеспи. Анын сыңарындай, биз дагы Анкарада жүрүп, ал жердеги окуп-иштеген, ал тургай жеке ишкердигин баштаган агай-эжелерибиз менен жолуктук. Алардын бири жакынкы арада эле ишке кирген “Аманат” жүк жеткирүү ишканасынын жетекчилери Нурбек Табышев жана Адилет Абишев агайлар, Кыргызстандан барган студенттерге сый тамак уюштурушту. Анкарада кыргызга тиешелүү эмне иш-чара өтпөсүн, демилгечил, жигердүү жаштардын сап башында тураарын көрүп, биз дагы алар менен сыймыктандык...

Сапарыбыздагы дагы бир эсте калаарлык окуя, Түркиядагы отурукташып калган кыргыздар менен Йозгат аймагында өткөн биримдик саамалыкка катышканыбыз болду. Майрамдык салтанатка жергиликтүү түрктөр, ван кыргыздары катышышты. Шаан-шөкөттө кыргыз студенттери катары биз дагы  жакшы маанай тартуулоо үчүн чакан концерт уюштуруп, улуттук кара жорго бийибизди бийледик. Арабызда бишкекте эмес, Түркияга барып алгач ирет “кара жорго” бийлеген группалаштарыбыз да бар экен. Салтанаттын катышуучусу катары аземде улуттар аралык ынтымак, биримдик, достук дагы бир жолу бекемделгенине күбө болдум. Көрсө, мына ушундай саамалыктарда ынтымак-ырашкердик бекемдейт тура. 

Бизге берилген бир айлык мөөнөттү жемиштүү пайдаланалы деген максатта жума сайын Анкаранын тарыхый, маданий жерлерине барууну адатка айландырып алдык. Ошондой жерлердин бири Каппадокия аймагы эле. Каппадокия Түркиянын эң таанымал жерлеринин бири. Анткени,  шаарда бир топ жер алдындагы шаарлар орун алыптыр. Үңкүргө киргенибиз, байыркы адамдардын жашоо-шартын өткөргөн жерлерин көрүү кызыгуубузду жаратты.  Каппадокия- өзүнүн табышмактуулугу, уникалдуулугу, тарыхыйлыгы менен туристтердин бүйүрүн кызыткан жер экен. Өзгөчө, бул аймакка Европадан туристтер агылып келет тариздүү. Себеби, дал ушул жерде алгачкы христиан дини ойлору башталган көрүнөт. Бул туурасында биз дагы ошол жерден кабардар болдук. Түркия калкынын 99 пайызы мусулман болгонуна карабай, Каппадокияда христиан дини жаралганы биз үчүн таң калаарлык эле болду.

Дагы бир ары кубанычтуу, ары сыймыктанта турган окуя Стамбулдагы “Манастын” айкелинин ачылышы болду. Бул тарыхый окуяга биз дагы катышууну көздөп, эстелик ачыла турган түнү Стамбул шаарына жөнөдүк. “Манастын” эстелиги шаардын “Сүтлиже” паркынын жанында, деңиздин кылаасында орнотулган экен. Көрүп өпкө-өпкөбүзгө батпай сүйүнүп турдук. Ошол сүйүнүчтө мекенге болгон сүйүү сезими, улуттук дем, улуттук дух көкүрөктү тепкилеп турду. Кудум “Манас” тирүү өңдөнүп, аккуланы алкынтып туруп, “Кыргызым, башыңды көтөр! Сен менин урпагымсың! Мен тарыхтан өчмөйүнчө, сенин даңкың, зоболоң жогорулай бермекчи!” деп айтып тургандай сезим жаратты. Мекенди сүйүү, журтуңду сүйүү сезими мына ошондой учурларда даана билинет тура...

Эстеликтин демилгечиси, демөөрчүсү Темирлан Сарлыкбек уулунун “Адашкан көч” аттуу китебин окуп, абдан таасир алгам. Агайды көрүп ыраазычылыгымды билдирдим. Ыраазычылык билдирүү адамдын андан аркы ишине шык берет эмеспи.  

Мына ошентип, бир айлык эң сонун көз ирмемдерге бай Түркияга жасаган сапарыбыз карып, бат эле соңуна чыкты. Бир айдын ичинде тажрыйба алуу менен катар, буга чейин алган тажрыйбабызды колдондук, мотивация алдык. Тагыраагы, максатыбыз ишке ашып, жемиштүү кайттык. Жаңы тааныш, дос-курбу, агай-эжей күтүп элдин меймандостугуна маарыдык. Ал жактан таанышкан адамдарымды эстеген сайын жүзүмдө жылмаюу пайда болот. Тилегеним, ар бириңиздердин эстегениңиздерде жылмаюуну жараткан адамдарыңыздар көп болсун!” Жанара Каденова

Урматтуу окурмандар, «Манас» университетинен ТРТга жыл сайын ийгиликтүү студенттер тажрыйба аууга келип турушат. Быйыл да алар июнь-июль айларында келип керектүү тажрыйбаларды алып кетишти. Алардын бири Жанара Каденова болчу. Жанара өзүн журналистикага болгон шыгы менен көрсөтө алды. Берилген тапшырмаларды так аткарып, китептердин мазмунун чыгарып, көмөк көрсөтүү менен бирге өзүнүн дилгирлиги менен бул жактан үйрөнө турчу нерселерди илип алып жатты. Жанаранын мындан аркы окууларында ийгилик каалайм. Келечекте Кыргызстандын журналистика тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон кыргыздын көрүнүктүү кыздарынан болушуна тилектешмин. «Манас» университетинде окуган студенттер албан-албан ийгиликтерге жетишип, тажрыйба алуу үчүн ТРТга келүүгө аракеттенгиле.



Тектеш кабарлар