Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-1

Кыргыз элинин жазуучусу жана котормочу Ашым Жакыпбековдун «Биз атасыз өскөнбүз» аттуу чыгармасы.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-1

Биз атасыз өскөнбүз

                   Урматтуу  китеп күйөрмандары, биз, “Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар” аттуу чыгарылышын сиздер үчүн даярдап, өзгөчө китеп коллекциясын топтодук. Бул китеп коллекциябыз түрк тилдүү элдерден тандалган адабий чыгармалардан, анын ичинен поэзия жана проза жанрларынан жаңырмакчы. Бул китептер түрк элдеринин маданияты, күнүмдүк жашоосу жана ички жан дүйнөсү тууралуу жазылган маанилүү китептерден турат. Биз эки жумада бир жолу түрк дүйнөсүнөн топтогон китеп коллекциябыздан бир китепти тандап алып, сиздер үчүн окуп, ал китептердеги кызыктуу окуяларды жана башка тууган түрк элдеринин адабиятына чагылдырган жан дүйнөсүн баяндап бермекчибиз.       

                    Бүгүнкү чыгарылышыбыз үчүн тандалып алынган китеп «Биз атасыз өскөнбүз» деп аталат. Китептин автору кыргыз элинин жазуучусу жана котормочу Ашым Жакыпбеков.

                    Түрк дүйнөсүндө, деги эле чет элде кыргыз элин Чынгыз Айтматов аркылуу таанышат. Ал эми Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын көбүн орус тилинен кыргызчага которгон Ашым Жакыпбеков экенин сиз билесизби? Жакыпбеков өзүнүн котормолору, аңгеме жана повесттери менен таанылган улуу инсан. Жазуучунун адабий ийгилигин кыргыз элинин чыгаан адабий сынчысы Салижан Жигитов, ал тууралуу “Азыркы учурда адабиятыбызда кыргыз тилин Ашымдай мыкты чеберчилик менен колдонуп жазган жазуучу жок” деп баса белгилеген.  

                    Жакыпбековдун чыгармаларындагы каармандары жөнөкөй кишилер болгон. Ал каармандарын чыныгы жашоодон таап, алардын ички психологиясын мыкты сүрөттөгөн. Мына ошондой чыгармаларынан бири «Биз атасыз өскөнбүз» аттуу аңгемеси. Бул китеби түркчөгө которулуп, Туркияда “Бенгү” басмасынан жарык көрдү жана окурмандардын жан дүйнөсүнөн түнөк тапты.

                      Ашым Жакыпбековдун чыгармаларын түшүнүш үчүн жазуучунун жашаган доорундагы саясий жана социалдык жашоого көз жүгүртүү керек. Анын доору Советтер Союзунун учурунда өткөн.

                      Баяндай турган бул чыгармасындагы окуялар дагы Совет доорунда өткөн каргашалуу 2-дүйнөлүк согуш учуруна туш келет.  Чыгармада 2-дүйнөлүк согушту балалык чагында башынан өткөргөн каармандын эскерүүсү менен баяндайт. Каарман бойго жетип мугалим болот. Окуучуларын фамилиялары менен атап чакырат. Бирок фамилияларын унутуп койсо “Кимдин баласысың?” деп сурар эле. Дароо аркасынан дайыма “Атаң барбы?” деп кошумчалар эле. Окуучу таң калуу менен карап “Бар!” деп жооп берет. Бирок, каармандын балалык чагында бул суроону далай уккан жана ал суроого “жок” деп жооп берер эле. 

                         Экинчи дүйнөлүк согуштун кыргыз элине алып келген терең кайгыны сүрөттөгөн бул чыгарма жети жашар каармандын көзү менен туюнтат. Ошол учурдагы ок майданынан алыс тылдагы элдин кыйын күндөрүн, согуштун коомго тийгизген зыянын чагылдырат. Анткени эр жүрөк эркектер согуш майданына кетишип, аркасында карыялар, аялдар жана балдар калат. Ошол оор турмушта балдардын жан дүйнөсү кандай эле?

                         Чыгармада жети жашар каармандын досторунун аталары да согушка кетишкен. Кудайдын куттуу күнүндө кара кагаз келип ар бир үйдө муң-кайгы. Мына ошондой күндөрдүн биринде Темир аттуу классташ баласынын атасы согуштан кыска мөөнөткө кайтат. Көрсө анын атасы согушта эрдик көрсөткөн тура. Атасы уулун колунан жетелеп, уулу да дайыма жанынан чыкпайт. Ал учурда дептер деген жок эски китептердин четине жазышар эле. Калем сап деген кайдан бар эле, бүлдүркөндү эзгилеп сыя жасап, куштун канатын калем кылып жазышаар эле. А тиги Темирдин атасы баласына дептер дагы, жазса түгөнбөгөн укмуштай калем дагы алып бериптир да. Ал эле эмес ышкырык да алган тура. Темир атасынын белектерин менменсинип беркилерге карматпайт, көздү күйгүзөт да турат. Көрсө ата деген опол тоо тура. Кечээги балдардан таяк жеп мурдун тарта албай жүргөн Темирге бүгүн кол тийгис. Башкы каарман баш болуп анын достору балалык сезими менен Темирди жек көрүшөт, туталанышат. Аттиң ай эмнеге биздин атабыз да эрдик көрсөтпөдү экен деп кыйылышат. Ушул күнгө чейин Темирдей ким бактылуу болуп көрүптүр. Анын атасын тезирээк согушка кайтса экен деп тилешет. Мына ошентип белгиленген күн келип Темирдин атасы майданга кайтат. Ички жан дүйнөсү жабыркаган, таарынычта жүргөн достору Темирден ачуусун чыгарышат. Темир болсо өзүнүн оюн бербей “силердин да атаңар эрдик көрсөтүп келсин” дейт. Ошондо ар бири өз жан дүйнөсүнө жамынып ойлуу отуруп калышар эле. Бала чакта согуштун кесепетинен түштөрүнө оюн кирбей согуш киргени чыгармада таамай сүрөттөлгөн. Ачкачылыкты айтпаса да түшүнүктүү эле. Тылда калгандар согуш майданына тамак-аш, кийим-кечек жөнөтүшкөн баштыктан балалык менен чекесинен чукуп жеген эскерүүсү жазылган бул китепте. Башкы каармандын үйүнө да күндөрдүн биринде каргашалуу кабар келет. Апасынын чаңырыгы каарманды балалыктан сууруп чыгат. Ал эле эмес ачуусу келип жүргөн досу Темирдин да үйүн окшош муң-кайгы каптайт. Ошол күндөн тарта карыялардын “Атаң барбы?” деген суроолоруна бир ооздон “жок” деген жоопко көнгөнбүз, деп эскерет каарман. Мына ушундай оор балалыктын ички жан дүйнөсүн Ашым Жакыпбеков “ата” деген кандай болоорун билбей калган жети жашар баланын эскерүүсүндө баяндап берет окурмандарына. Кызыккандар жана адабият таануучулар үчүн бул чыгарма баалуу булак десек жаңылышпайбыз.    

                                    Урматтуу окурмандар программабыздын келээрки чыгарылышында Азербайжан элинин чыгаан жазуучусу Анар Рызаевдин “Назым Хикмет Керем сыяктуу” аттуу китеби менен тааныша аласыздар.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар