Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-4

Рахимжан Отарбаев “Баш” чыгармасы

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-4

Урматтуу китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү “Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар” аттуу чыгарылышыбызда сиздер үчүн казак адабиятынан Рахимжан Отарбаевдин “Баш” аттуу чыгармасын тандап алдык жана ушул роман боюнча кеп салмакчыбыз.       

Кадырлуу окурмандар, алгач жазуучу Рахимжан Отарбаев тууралуу кыскача баяндап өтсөк, ал казак элинин эмгек сиңирген жазуучусу жана драматургу. Эл аралык Чыңгыз Айтматов атындагы академиянын академиги. “Парасат” орденинин ээси,  “Махамбат” сыйлыгынын лауреаты. Ошондой эле көп жылдар бою казак телерадио комитетинде редакторлук, Атырау облустук драма театрында директорлук, Маңгыстау облустук радиотелевидение компаниясында төрагалык сыяктуу жогорку кызматтарды аркалаган талбас кызматкер. Ал Кыргызстанда Казакстан элчилигинде бир топ жыл бою иштеп кыргыз-казак мамилесине чоң таасирин тийгизген мамлекеттик ишмер дагы. Рахимжан аганын ийгилигин, чыгармаларынын бир топ тилге которулуп окулганынан байкай алабыз.  Анын “Шер”, “Жайыктын ыры”, “Жылдыздар түшкөн жер”, “Үнүңдү уктум”, “Баш” сыяктуу жана башка чыгармалары кыргыз, орус, англис, түрк, кытай жана арап тилдеринде жарык көргөн.

                Учурунда кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматов ал жөнүндө “Рахимжан – интелектуалдык казак прозасынын 21-кылымдагы алдыдагы өкүлү” деген экен.

                        Жазуучунун “Ак көпөлөктөр” жана “Баш” аттуу аңгеме жана романы Туркияда “Бенгү” басмаканасында жарыяланып окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапты. Анда эмесе кеп “Баш” романынан болмокчу.

SİNYALРоман - Нойел аттуу изилдөөчүнүн адамдын баш сөөгүн ойлуу кармап отурганынан башталат. Ал 2-дүйнөлүк согушта казактын башын бириктирип турган  Жумабай Шаякметовдун уулу Нойел эле. Атасы Ноелди Москвага окутууга жөнөтүп эми минтип антропологияны бүткөрүп, изилдөө үчүн өз жерине келип отурган чагы. Башына келген балакеттин баары, изилдөө үчүн эски көр казып атканда күмүш кесени таап алгандан башталат. Сак дооруна тийиштүү күмүш кесе менен ал дүйнөгө таанымал болуп чыга келет. Чет элде барктуу болуп, бирок өз элинде көрө албастык менен четтетиле башталат. Жада калса жөнөкөй конференцияларга чакырылбай турган абалга жетет. Көрө албастык, жалган жалаа акыры чарчатат. Москвага качып кутулат. Анын кайра кайтышынын бир гана максаты бар эле. Москвадан келип казак акыны Махамбет Өтемис уулунун сөөгүн таап чыныгы жүзүн казак элине арнап кайтуу эле. Казактын изилдөөчүлөрү менен илимпоздору анын ийгилигин көрө албастыгына карабай аны колдогондор да чыгат. Алар аркылуу Махамбет акындын сөөгүн таап баш сөөгүн Алматадагы лабораториясына алып келет. Баштын калыбын жасап бүтүп башты кайра ишеничтүү мекемеге тапшырууну ойлойт. Андан соң өзүн Москвада күтүп турган дүйнөгө таанымал Герасимов аттуу агайы менен Аризонага казуу иштери менен кетмек эле. Акындын баш сөөгүн көтөрүп алып барбаган мекемеси калбайт. Акыры Тарых Этнология Институтунун кароолчусу жаш Даурен аманатты сактаарын айтып алып калат. Махамбеттин сөөгүн таап берген Курак карыяга Нойелдин кадамына бут тоскондордун айынан каттары жетпей бири-биринен кабары үзүлөт. Акыры Курак карыя аманатка кабатырланып борборго кат жазат. Нури Утеповичке жеткен кат менен чаң-тополоң башталат. Астында иштеген болгон мекеме башчыларынан башты таап келүүнү буйруйт. Аркасынан 1 миллион доллар сүйүнчүсү болоору жарыяланат. Муну уккан Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо башчысы Ыкас төрт ай мурун иштен кууп жиберген, башты аманатка алган Дауренди издеп таппай калат. Элдин ыйманы бузулуп Даурендин аркасынан түшөт. Ыкастын акылдуу кызы Айым Дауренге жардам берип башты сакташат. Ал учурда Нойел Аризонада изилдөө иштеринде эле. Ошентип, Махамбеттин ким экенин билбеген башчылар анын ырларын сайрап калган учур келет. Конференциялар уюштурулат, эстелиги тургузулат, көчөгө аты берилет, Махамбеттин айылдаштары менменсинип ооздорунан түшүрбөй, радио-телеберүүлөр Махамбет деп макташат. Даурен аманатты Курак карыяга жеткире албай убара болот. Ага Ыкастын кызы Айым жардам берип жашыруун кат жөнөтүшөт. Баягы кароолчу Даурен укмуш макталып, Ноел болсо укмуш атактуу изилдөөчү катары макталып, Курак карыяны көргүсү келбеген айыл башчысы анын жанында айланчыктап эле калат. Акчанын күчү адамдардын экинчи жүзүн көрсөтөткөн бул романда акырында Махамбеттин үч баш сөөгү табылып чыга келет. Дүйнөлүк жана жергиликтүү кабарларда “Махамбеттин үч башы тең табылды” деген сенсация кабар чыгат. Министирлик муну аныктоо максатында атайын комиссия түзөт. Учурунда баштан кутулуш үчүн түртө салгандын баары ошол жерден жармашып чыгышпайт. Чыгарманын оң каармандары Даурен, Айым жана Курак карыя бул маскаралыкты токтотуш үчүн комиссияга башты алып кирет. Баркталбаган баш алтынга тете болгондо ошентип ааламга үн салат. Бирок карыя Курак ал жерде абдан жакшы акыл-насаатын айтат. “Руханий байлыктын наркы жок. Акындын башы сатылбайт” деп бул маселеге чекит коёт.

             Чыгармада учурдун ирониялык жүзүн көрсөтүү менен бирге тарыхка кайрылып өз эл-жердин баалуулугун сүрөттөп отурат. Орустардын басып алышын, жергиликтүү чыккынчылардын кылган кылыгы да баяндалат. Мына ошентип тарыхты чаң басса да аны барктаар кез келээр деген сөз бекер айтылбаса керек.   

Урматтуу китеп күйөрмандары, Казак-кыргыз бир тууган демекчи, эки эл бири-биринин тилин айныксыз түшүнөт деген ойдобуз. Эгер Рахимжан Отарбаевдин чыгармаларына кызыгуу жаралган болсо анда өз казак тилинде же болбосо кыргызча жарыяланган чыгармаларынан окуунуздарды сунуштайбыз.  

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар