Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-5

Казак адабиятынан Гүлзат Шойбекованын “Үч бала” аттуу чыгармасы...

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-5

 Урматтуу китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү “Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар” аттуу чыгарылышыбызда сиздер үчүн казак адабиятынан Гүлзат Шойбекованын “Үч бала” аттуу чыгармасын тандап алдык жана ушул аңгемени сиздерге баяндап бермекчибиз.       

Кадырлуу окурмандар, алгач жазуучу Гүлзат Шойбекова тууралуу кыскача баяндап өтсөк, ал 1967-жылы Казакстандын Кызылордо деген жеринде жарык дүйнөгө келген. 1991-жылы журналистика факультетин бүткөрүп “Арай”, “Заря” аттуу журналдардын жана “Казак адабияты” гезитинин үстүндө бир топ жыл бою эмгек кылган. Мындан сырткары “Казакстан” улуттук каналында жана дүйнө жүзүндөгү казак коому “Аманат” студиясында редакторлук кызматын аркалаган.

                        Жазуучунун “Арман канатында”, “Базардын боёктору”, “Тоту аралынын тургуну”, “Үч бала” сыяктуу белгилүү чыгармалары бар. Бир топ чыгармасы түрк жана башка чет тилдерине которулган. Жазуучу котормо жаатында да эмгектенип, татар тилинен казакчага татар аңгемелерин которгон. 2001-жылы Казакстан жаштар союзу сыйлыгынын ээси, 2013-жылы Эл аралык "Дарабоз" адабий сыйлыктын биринчи кезектеги лауреаты болгон. Анда эмесе кийинки кеп Гүлзат Шойбекованын белгилүү “Үч бала” аңгемесинде болмокчу. Бул чыгармасы түрк тилине которулуп окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон аңгемелерден бири болуп эсептелет.

SİNYAL  Бул чыгарма, чыгыш Түркстанды байырлаган казак уруусунун улуттук-бошотондук күрөшүнөн бир үзүндү баяндайт. Аңгеме бир үңкүрдө үч боз баланын жашырынып отурган жеринен башталат. Бири 9 жашар Токтаган, экөөсү 12 жаш чамаларындагы Абдулсатар менен Абдулхадим эле. Мезгилдерден кыш. Үч күн наар албастан, үн чыгарбастан каракчылардан жашынып отурган чактары. Төртүнчү күн дегенде гана 9 жашар Токтагандын “курсагым ачты” деген алсыз үнү чыгат. Аталары Алтай жергесинен эркиндик издеп жолго чыкканына эки айдын жүзү болгон экен. Максаттары Тибеттин Лхаса калаасына жетип Далай Лама менен жолугуу болгон. Ал жерден убактылуу башпаанек сурашып, андан ары Индияга өтүп Тайпейге жетүү эле. Бирок максаттарына жетпей чыккынчынын курманына чалдыгышат. Кызыл кытай, ак орус, казак жана уйгурлардан куралган аскерлердин башындагы Жолбарыс аттуу чыккынчы, азаттык издеп жолго чыккан бул айылды кыйроого учуратат. Ошол маалда айылдан алыс кыргынды көргөн үч бала жанын куткарып үңкүргө жашынып тирүү калышат. Аскерлер кеткен соң төртүнчү күн дегенде конушка кайтып боз ингенден башка тирүү жанга кабылышпайт. Балалык чактары унутулуп, төрт күн ичинде чоңоюшуп оор кайгыга дуушар болушат. Үч жаш бала мусулмандык парз менен сөөктөрдү таш калкалап жашырышат. Токтолуп ойлонбоско арга жок эле. Аталарынын максатын оорундатууну ойлоп боз ингенди минип, калган-каткан азык-түлүктү алып, Тибетти көздөй бет алышат. Аталарынан көргөн жашоонун сырлары менен жан сакташат. Кузгун айланган жерден сөөк таап мүлжүшөт. Жолдо кичинекей айылга кез келишип белиндеги күмүш кемерин сатып бир баштык азык-түлүк алышат. Кычыраган суукта таш чакмак колдонуп жан багышат. Кышында ушул сыяктуу ар түрдүү кыйынчылыкка кабылып 32 күн дегенде Тибетке да жетишет. Тил билбесе да ар кимге Далай Ламага келгенин айтышат. Бул үчөөнөн чочуркап жакындабаган эл, бир эсеби балдарга боору ооруп жардам беришет. Тамак-аш берген соң, Далай Ламага да кабарлары жетет. Алдына чакырып котормочусу менен иштин чоо-жайын түшүнгөн Далай Лама булардын эрдигине таң калат. Ал учурда Далай Лама дагы 16-17 жашар өспүрүм эле. 1950-жылы кызыл кытай менен Кеңеш аттуу союз биригип чыгыш Түркстанды басып алат. Эркиндиги чектелген бир топ билимдүү, жол башчылар көчө качып жан сакташат. Бул үч баланын биринин атасы министр, экөөсүнүн атасы тарыхчы-аалым болот. Аталары курман болсо да максаттарын көңүлдөрүнө түйүп мына ошентип Далай Ламанын астында отурушкан эле. Каракчы Жолбарыстан озунуп жеткен бул үчөөнү коргоого сөз берет. Кийин келген Жолбарыстын башын алып ата-энесинин кунун алып берет. Муну уккан кызыл кытай жөн койбой тинтүү иштерин жүргүзүшөт. Далай Ламага кат жазып тууган жерин кайтарып берээрин билгизишет. Бирок үчөөнүн тең көргөн кыргын элеси көз алдынан кетпей бир ооздон кайтпасын билдиришет. Кайсы элге кошулаарын сураган Далай Лама аларга убакыт берет. Ошол учурда Далай Ламага келген индус кербенин тааный калышып, жашыруун анын арабасына сактанышат. Чек арада тинтиген кытай аскерлеринен аман өтүп кетишет. Жолдо кербен башы буларды көрүп жан-далбастап сүйүнөт. Анткени, аталарынан көп жардам алган жана үй-бүлөсүн таанып калган эле. Кербен башы өз балдарындай кийинтип, жанына кошуп алат. Ошентип бул кичине баатыр үч бала Индиянын Калькутта шаарына жеткен экен. Бул окуя ушуну менен аяктайт. Бирок, окуянын эң кызык жери мына ушул үч бала чыныгы турмуштан алынып жазылган. Азыркы тапта 80 жаштарын ашып калган, ошол кездеги кичинекей балдар азыр улуу карыя. Бирөөсү Туркиянын Стамбул шаарында жашаса, экинчиси Кашкарда жашап жатат. Ал эми бирөө чын дүйнөгө аттаныптыр. 

Урматтуу китеп күйөрмандары, бул окуяга кызыгуу жаралган болсо, окуяны кененирээк билгиниз келсе анда казак тилинде “Үш бала” аттуу чыгарманы окууңуздарды сунуштайбыз. Айрыкча бул чыгарманын түрк тилине которулган котормосунан да окуй аласыздар.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар