Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-6

Адил Хикметтин “Азияда беш түрк” аттуу чыгармасы.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-6

Урматтуу китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү уктуруубуз үчүн түрк адабиятынан “Азияда беш түрк” аттуу тарыхый китепти тандап алдык. Бул китеп 1928-жылы осмон түркү Адил Хикметтин калеминен жаралып, “Жумурият” аттуу гезитке 16-июндан 16-октябрга чейин арап ариби менен жарыяланган. Бул эмгек кийинчерээк латын алфавитине которулган. Китебинде автор - Адил Хикмет Бей сапарын карыткан соң эскерүүлөрүн жазган жана бул түрк дүйнөсү үчүн өтө пайдалуу саякатнаама деп да айтсак болот.       

  Кадырлуу окурмандар, алгач автор жөнүндө баяндай өтсөк, Адил Хикмет Бей 1914-жылы Орто Азияга келген беш түрктүн бири болгон. Ал 1887-жылы төрөлгөн. Траблусгарп деген жерде италия лицейинде билим алган. Ал англис, арап, италия, орус жана француз тилдерин жакшы билген. Өз мезгилинде аскердик жөндөмдүүлүгүнөн улам жүзбашылык (капитан) кызматка чейин көтөрүлгөн. Автордун эскерүүсүндө Орто Азияга жана чыгыш Түркстанга барып калышынын бирден-бир себеби мугалими болгон. Аскердик окуу жайында окуп жүргөн мезгилинде Исмаил Хаккы аттуу мугалиминин Түркстан тууралуу айтып бергендеринен таасирленгенин жазат. Кийин ал төрт досу менен Орто Азияга сапар алат. Эмгектеги маалымат боюнча Осмон мамлекетинен беш киши соодагер кейпинде 1914-жылы жайында жолго чыгышат. Алар, Кушчубашы Селим Сами, Хусейин Эмруллах, Ибрахим, крымдык Хусейин жана автор өзү Адил Хикмет. Бул эскерүү китебинде беш түрктүн Түркстанга куралдуу түрдө эмес, түрк тектүү элдердин аң-сезимин ойготуу максатында келгендери туурасында жазылат. Бирок алар 1916-жылкы көтөрүлүшкө туш болгондуктан, бир колуна кылыч, бир колуна шам чырак кармаган көтөрүлүшчү болушат. Автор китебинин кай бир жерлеринде пикирин айтып отуруп тыңчы катарында жолго чыккандарын да белгилеп өтөт.

SİNYAL 1916-жылы улуттук-боштондук кыймылынын бир бөлүгүн түзгөн Жети-Суудагы көтөрүлүштө Түркиядан келген беш түрктүн ролу чоң болгон. Тарыхый баалуулугу жогору болгон бул саякатнаамада беш түрктүн баштарынан өткөргөн сапардагы кыйынчылыктарын кызыктуу баяндап берет. Эмгекте автор сапарлаштары менен соодагер кейпинде Түркиянын Измир шаарынан 1914-жылдын 22-июлунда Индиянын Бомбей шаарына кеме менен бет алышат. Ал жерден Памир аркылуу Ооганстанга өтүү үчүн жол улантышат. Алар Орто Азияга келген кезде Түркстан аймагынын батыш бөлүгү Орусия тарабынан, чыгышы – Кытай жана түшүгү Англия тарабынан басып алынган мезгил болгон. 1915-жылы Чыгыш Түркстанга өтөөрдө орус аскерлери тарабынан кармалып калышат. Орустар аларды Ташкентке жөнөтүшүп өлүм жазасын пландаштырышат. Ал мезгилде Германиянын Кытайдагы элчиси кызматын аркалаган Фон Хинце аларды өлүмдөн куткарып калат. 1915-жылы 14-июлда беш түрк абактан чыгышып, Балкаштагы Капал шаарына, андан кийин кыргыз-казактар жашаган Сархан шаарына сүргүнгө айдалышат. Ал жерде оор турмушту баштарынан өткөрүшөт жана көтөрүлүштүн башталышына туш келишет. Эмгекте автор 1916-жылдагы көтөрүлүш тууралуу кеңири маалымат берет. Мындан сырткары бул эмгекте, ошол учурдагы кыргыздар тууралуу абдан көп маалымат кездешет. Кыргыздын каада-салтын, турмуш-тиричилигин жана ошол учурдун экономикасын жазып калтырган. Алар Памир аркылуу өтүп баратканда кыска убакытка болсо да памирдик кыргыздардын арасында жашап калышкан. Алардын маданияты, күндөлүк жашоо турмушу тууралуу маалыматтарды жазат. Ысык-Көлгө келишкен учурларында памирдик кыргыздар менен ысык-көлдүк кыргыздардын маданиятын салыштырып окшош экенин да баяндап өтөт.

             Ноябрь айында беш түрк Шабдан баатырдын уулу Хисамидинге кошулуп, орус аскерлерине каршы көтөрүлүшкөн. Бирок кыргыз жана казактар орустун куралдуу күчүнө туруштук бере алышпай чыгыш Түркстанга көчүүгө аргасыз болушкан. Көтөрүлүштү басууда орус аскерлеринин башында генерал Куропаткин турган. Ал козголоңго жардам берген беш түрктү таба албай, беш түрктү кармап өкмөткө тапшырган адамга ар бир түрк үчүн он миң сом акчалай сыйлык берээрин жарыялаган. Аларды кыргыздар аскерлерден коргоп, токойго жашырып, өлүмдөн сактап калышкан.

Эскерүүнүн аягында беш осмон түркү 1917-жылы Кучарга барат. Ошол маалда орустар менен кытайлар өз ара келишип алып, аларды кармоого аракет кылышат. 1918-жылы Шанхайга өтүп барган беш түрктүн артынан бул жолу ангичандар сая түшүшөт. Артынан түшкөн куугунду адаштыруу максатында беш түрк бир-бирден ар кайсы жакка чачырап, ар башка жол аркылуу качып отуруп, араң дегенде аман-эсен Туркияга кайтып келишет. Тактап айтканда, Селим Сами менен Ибрахим 1920-жылы Манжурия аркылуу Россияга, Адил Хикмет менен Хусейин Япония кемесине түшүп Гамбургга келишет. Эмруллах Афганистан, Батуми, Трабзон аркылуу 1919-жылы Стамбулга келет. Эмгектин автору Стамбулга 1921-жылда араң жетет. Жыйынтыктап айтканда, 1914-жылы Орто Азияга келип, Жетисуудагы көтөрүлүшкө активдүү катышкан беш түрк кыргыз эли үчүн чоң кызмат өтөгөн. Ошол учурдан табылгыс баалуу тарыхый маалымат калтырган.     

Урматтуу китеп күйөрмандары, бул тарыхый чыгармага кызыгуу жаралган болсо анда Адил Хикмет Бейдин “Азияда беш түрк” китебин окуп чыгууну сунуштайбыз. Айрыкча кыргызча булак катары Роза Абдыкулованын беш түрк боюнча изилдөөсүнөн кошумча маалымат ала аласыздар.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар