Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-8

Крым татар адабиятынан Женгиз Дагжынын “Алар да адам болчу” чыгармасы.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-8

Урматтуу китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү “Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар” аттуу чыгарылышыбызда сиздер үчүн крым татар адабиятынан Женгиз Дагжынын “Алар да адам болчу” аттуу чыгармасын тандап алдык жана ушул роман боюнча кеп салмакчыбыз.       

            Кадырлуу окурмандар, алгач жазуучу туурасында айта кетсек. Крым татар роман жазуучусу Женгиз Дагжы 1920-жылы Крымда Кызылташ айылында төрөлгөн. Мектебин аяктаган соң 1939-жылы Крым Педагогикалык институтуна тапшырат. Экинчи курска келгенде 2- Дүйнөлүк согуш башталып аскерге чакырылат. 1941-жылы июнь айында Украинанын чек арасында согушка кирет. Бирок немецтердин колуна түшүп калат. Бир топ убакыт өткөн соң немецтердин Түркстан Легионуна катышып орустарга каршы согушат. Согуштан кийин Польшага жайгашат. 1945-46-жылдарда миңдеген Түркстандыктар менен бирге Түркияга баш калкалоо үчүн кат жазат. Бирок ал учурдун саясатчылары кабыл албаган соң Англияга кетүүгө мажбур болот. Ошондон кийин ата мекени Крымга кайра кайтпайт. 2011-жылдын 22-сентябрында Лондондо көз жумат. Анын сөөгү Түркиянын жардамы менен Крымга коюлган.

         Түрк дүйнөсүнө атагы чыккан жазуучу отузга жакын чыгармасы менен түрк адабиятында маанилүү орунду ээлеген. Чыгармаларында Крым татарларынын жашоо үчүн күрөшүүсүн жана орустардын зулумдугун чагылдырат. Анын “Коркунучтуу жылдар”, “Алар да адам болчу”, “Ата мекен биздики”, “Кайтуу” сыяктуу чыгармалары Түркияда кеңири таанымал болгон. “Алар да адам болчу” романы орустардын татар элине кылган адилетсиздигин, зулумдугун жана колхоздоштуруу учурундагы жерлерин тартып алгандары жөнүндөгү болгон окуяларды баяндайт.

SİNYAL            Бул роман Женгиз Дагжынын автобиографиясынын бир бөлүгү деп да айтсак болот. Романда чагылдырылган окуя - жазуучунун айылы Кызылташта балалык чагында башынан өткөргөн окуядан жаралган. Романдын баш каарманы Бекир - ата мекенин сүйгөн бир айыл тургуну болот. Анын тамеки айдаган кенен жери болуп, дыйканчылык менен күн көрөт. Бирок үй-бүлөсүндө бир эле кызы болгондуктан дыйканчылык иштери жай жүрөт. Күндөрдүн биринде Бекир үстү-башы кир, араң жан болгон эки орусту жолуктуруп калат. Алгач алардан кооптонот, анткени жакында эле коңшу айылга орустар келип жерлерин тартып алганын угат. Орусча билген кызы аркылуу, алардын жумуш издеп келгенин угат. Аттары Иван жана анын атасы Кала Мата болгон бул эки оруска Бекирдин боору ооруп үйүнө киргизет. Талаасында иштетип жумуш менен камсыздандырат. Айылдыктар орустардын келгенине нааразы болушат. Бирок Бекирдин иштери да тез жасалып иши илгерилейт. Бир тарабынан орустардын келиши менен Бекирдин үйүндө ырыскы кете баштайт. Жалгыз уйу ооруп калат. Буга тынчсызданган аялы аларды кууп чыгуусун айтып, болбосо жамандык болооруна жооруйт. Күндөрдүн биринде бейтааныш эки орус талаадагы жерин өлчөп жүргөнүнө туш болот. Корккон Бекир эмнеси болсо жерин бербештин жолун ойлонот. Бирок эчак айыл жергесинде орустар жол сала баштаган болот. Бекирдин кол алдында иштеген орустар да тыңып айылда бой көрсөтө башташат. Уурулук кылышат, ал эле эмес, Бекирдин кызы Айшаны Иван сабап да коёт. Бирок корккон Айша атасына айтууга батына албайт. Ушул сыяктуу окуялардын көбөйө баштаганын көргөн Бекир бир күнү Иванга жини келип уруп коёт. Ошол окуядан улам Иван орус комиссарына даттанып үйгө ээрчитип келет. Орустар четинен айылды ээлей баштайт. Ал эле эмес башчылар кечээки шөмтүрөп келген Иванды айыл башчысы кылып шайлап коет. Мына ошондо Иван болгон зулумдугун элге көрсөтө баштайт. Айылда жаңы курулуп жаткан түрмөгө карапайым элди ар түрдүү шылтоо менен камай баштайт.

               Жаздын келиши менен жолдун курулушу уланат. Орус эли көбөйгөндөн-көбөйө баштайт. Айылдын тынчы кетет. Ууручулук, буюмун тартып алуу, дүкөнүн талап кетүү, үстөмдүк кылып уруп коюу, деги эле орустун келиши менен айылды ушундай кара күн басат. Бекир абдан капаланат. Жалгыз кызынын күйөөсү да орустун айынан өлөт. Бир күнү Бекир орустардын динамит коюп иштеп жатканын көрүп талаадагы жерине зыян келээрин баамдайт. Талаадагы жерин коргоого барган Бекир динамиттин жарылуусу менен жан берет. Орустар жайгашкандан кийин бир топ татар эли набыт болот, бир тобу түрмөгө түшөт. Айылда Ленин жана коммунизмдин пропагандасы жүрө баштайт. Баш ийбегендер өлтүрүлөт. Бир күнү ал айылдын эли тобу менен сүргүнгө айдалат. Ошентип айыл жалпысы менен орустарга өтөт. Кайгылуу аяктаган роман чыныгы жашоодон алынып советтер союзунун курула баштаган жылдарын чагылдырат. Жазуучу Женгиз Дагжы романынын аяктап жатып “Романымды аяктап жатып, кудайга жалынам: Кудай алар дагы адам, аларга да мээримиңди төк... Башка элди да өзүлөрүндөй адам экенине ишендир кудай таалам” деп бүтүрөт.

           Урматтуу китеп күйөрмандары, Крым татар элинин жазуучусу Женгиз Дагжы чындыкты жазган үчүн Түркияда таанымал ысым. Бирок ошол эле учурда жазуучу эски советтер союзундагы түрк элдеринде анчейин тааныла бербейт. Байкоо салсак чыгармаларындагы ачуу чындык атайын жашырылгандай. Эгер бул романга кызыгуу жаралган болсо анда “Алар да адам болчу” романын окуп чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар