Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-9

Казан-Татар адабиятынан Аяз Гыйлежевдин “Бир ууч топурак” чыгармасы.

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-9

  Урматтуу китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү уктуруубузда Казан-татар адабиятынан Аяз Гыйлежевдин “Бир ууч топурак” аттуу чыгармасынан кеп салмакчыбыз. Бул чыгарма – Казан татарларынын 20-кылымдын баштарындагы реалдуу турмушун чагылдырганы үчүн өзгөчө орунга татыктуу. 1983-жылы Абдуллах Тукай атындагы жогорку даражадагы сыйлыкка ээ болгон бул чыгарма алгач орус тилинде жазылган. Саясий абалдан улам 20 жылдан кийин гана татар тилинде жарыяланган. Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон бул роман Туркияда “Бенгү” басмасынан 2013-жылы жарыяланып “Эң мыкты которулган роман” сыйлыгына ээ болгон.

          Кадырлуу окурмандар, алгач автор жөнүндө баяндай өтсөк, татар адабиятынын алдыңкы жазуучуларынан бири болгон Аяз Гыйлежев татар адабиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон ысымдарын арасында. Ал 1928-жылы жарык дүйнөгө келген. 1948-жылы Казан мамлекеттик университетинин татар тили жана адабияты бөлүмүндө окуй баштаган. Ошол жылдары жазган эмгектери үчүн учурдун саясий кырдаалы менен, “жалгыз гана татар элинин пайдасына иштеген”, деген күнөө коюлуп 7 жылга соттолгон. Түрмөдөн чыккандан кийин окуусун уланткан жана бир топ журналдарда иштеген. Жашоосунун дээрлик көбүн Казан шаарында өткөргөн. Эли үчүн күрөшүп кыйынчылык менен өткөргөн өмүрүндө бир топ сыйлыкка ээ болуп, беш роман, кыркка жакын пьеса жана көптөгөн аңгемелерди тартуулаган. Жазуучунун “Бир ууч топурак” аттуу романы чыгармаларынын арасынан эң мыктысы деп айтууга болот.

SİNYAL        Чыгармада окуя Татаристандын Каракуча деген айылында болуп өтөт. Советтер союзунун жаңыдан куралып жаткан мезгили чагылдырылат. Орустар жергиликтүү элге келип мал-мүлкүн алып, колхоздоштуруу системасына өтүп аткан учуру. Белгилүү болгондой эле 1920-30-жылдары Советтер Союзунун түптөлүшүнүн алгачкы жылдары эле. Ушундай чоң өзгөрүүлөрдүн бири айылдагы бай дыйкандардын, колунда бардар үй-бүлөлөрдүн, кулактардын мал-мүлкүн тартып алып колхоздоштурулушу болгон. Мал-мүлк ээлерин жөн койбой, сүргүнгө айдашты, түрмөгө камашты. Ушундай кыйын турмушка көптөгөн күнөөсүз адамдар дуушар болду. Чыгарманын баш каарманы Мирвели да мына ушундай абалга туш болот. Бирок ал башына сүргүн же түрмө деген балээ коно электе бул маселени өз билгениндей чечкенге киришет. Айылдын бай кишиси болгон атасынан калган мүлктү жараксыз кылып талкалап, малдарга уу берип, жубайы Шемсигаянды жанына алып айылын таштап чыгып кетет. Орустун бир шаарына барып жайгашат. Өзүн отуз жыл бою ошол шаарда жашап калууга зордойт. Эң аягында жубайы рак оорусуна чалдыгып, анын өтүнүчү менен айылга кайтууга мажбур болот. Поездде кайтып келе жатып оорусуна байланыштуу жубайынын абалы начарлайт. Алардын максаты туулуп-өскөн жерин тирүү кезинде көрүп калуу эле. Бирок поезддеги элдин нааразычылыгынан жана кыйноолорунан улам айылына жетпей жолдо эң жакын айылдын медпунктуна жеткирилет. Мына ошол жерде жаш кезинде сүйүп, ала качып алган жаркын элес жубайы менен түбөлүккө коштошот. Өлгөндүн керээзин аткаруу менен чымырканып айылын көздөй бет алат. Мына ошондо отуз жыл бою ичине көмгөн муңу-кайгысы, сагынычы козголуп тирүүсүндө айта албаган сөздөрүн өлгөнүндө жолду карай айтып жүрүп отурат. Тирүүсүндө жооп берилбеген суроолорго ошондо жооп берет. Жубайынын өмүр бою жалгыздык менен күн өткөргөнүнө өкүнөт. Балалуу да болушпаган бул жубай ошол учурда туугандарынан, досторунан да алыс калып өлбөстүн күнүн көрүп, башкача айтканда отуз жылын жалгыз өткөрүшкөн экен. Чыгармада автор адамдын ички жан дүйнөсүнүн катуу жабыркаганын таамай баяндаган. Мирвели отуз жыл бою адамда шок жараткан ошол айылынан кечип кеткен күндү унутуу менен алектенет. Аракеч, кумарпоз да болуп бүтөт. Жада калса айылын эске салган буюмдардан да алыс турат. Күндөрдүн биринде жубайынын бет аарчыга сайма сайганын көрүп аны да алып ыргытат. Анткени саймага түшкөн оюу дагы эли-журтун эске салат. Үйүндө татар тилиндеги бир да китеп коюлбайт. Жалаң орусча китепке толгон болот. Мына эми эскерүүсүнөн да безе качкан Мирвели айылын көздөй келе жатат. Эми кеч эле, ким эмне дейт, кандай кабыл алат, унутушкан бекен сыяктуу ой гана тынчын алат. Мына ошентип айылына жеткен кезде эл жубайы үчүн абдан кайгырышат. Мирвелиге күнөөлүү катары мамиле кылып бетин карашпайт. Тирүүлөй өлүк сезими менен мына ошондо беттешет. Бир жылуу сөзгө зар болот. Көрсө ошол учурга чейин жубайы жылуу сөз менен өмүрүн жеңилдеткен тура. Муну ошондо гана туят. Тирүүсүндө жубайы айылында жайгашып калуусун айткан эле. Эми кантип ушундай бет тызылдаткан абалда калат эле. Өмүрүн ага арнаган аялы үчүн акыркы керээзин аткарууга да бел байлайт. Бирок аны чайга да чакырып коюшпайт. Кайниси гана чайга чакырымыш болот. Буга бел байлаган Мирвели конторго барып иш сурап кеңешүү үчүн бет алат. Башкарманы таппаган Мирвели кайтып кайнисинин үйүнө келгенде минип келген атынын дагы деле токулуу турганын көрүп нес болот. Бир-эки мүнөттүн ичинде жашоосу куурулат. Бирок татар элинин канына сиңген бир боордош, тууганчыл сезими Мирвелини кайрадан жашоого кайтарат. Көрсө кайниси сөөктү жеткирип келген атты ээсине кайтарыш үчүн жайдактабаган экен. Мирвелиге акырында жезделеп аны мындан кийин жанында бирге жашай турганын айтып өмүрүнө өмүр кошот. Адамдын психологиясын таамай чагылдырган бул чыгармада автор ата мекендин, тууган элдин баалуугугун баса белгилеген.

    Бул роман жазылып чыкканда татар адабиятынын чөйрөсүндө бир топ талкуулар жаралды. Кээ бирөө жактырса, кай бири сындады. Бирок ошол учурдун саясатына туруштук берип эрдик менен жазылган бул чыгарма коомчулуктун жүрөгүнөн түнөк тапты. Эгер бул чыгарма кызыгуу жараткан болсо, анда орус тилинде же түрк тилинде басылып чыккан китептеринен окуй аласыздар.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар