Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-11

Алим Төппе’нин адабий мурасы – Карачай-Балкар адабиятынан

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-11

Урматтуу китеп күйөрмандары, “Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар” аттуу программабыздын бүгүнкү чыгарылышында Карачай-Балкар элинин атактуу адабиятчысы Алим Төппе тууралуу кеп кылабыз.

  Кадырлуу окурмандар, Кавказдын ажарлуу Эльбрус тоосунун көк тиреген эки чокусун, Карачай-Балкар адабиятынын улуу ысымдары - акын Ысмайыл Семёнов менен Касым Мечиевге салыштырышат. Ал эми ошол чокуларга чыга ала турган кадырлуу адамдардын бири Алим Төппе экени айныксыз. Алим Төппе таанымал элдик жазуучу, филолог, Россия федерациясынын жазуучулар союзу жана журналисттер биримдигинин ардактуу мүчөсү, Карачай-Балкар республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын ээси жана ошондой эле Балкар жазуучулар союзунун эски төрагасы статусуна эгедер. Ал өзү Карачай-Балкар элинде театр, драма, адабият жана журналистика жааты дегенде биринчи ойго келе турган ысым. Анын эл арасында тараган атактуу “Жолго түшкөн таш”, “Коммунист”, “Сенин жарыгың” сыяктуу чыгармалары бар.

                        Алим жаш кезинен эле адабий чыгармачылыгына аттанды. Карачай-Балкар жана орус тилинде отуздан ашуун чыгармалары китеп болуп жарыяланган. Анын аңгеме-романдары орусча, болгарча, украинче, кыргызча жана башка көптөгөн тилдерге которулган. Муну менен гана чектелбей илимий макалалары, окуу китептери жана жеке изилдөөлөрүнүн саны 200гө таянат. Карачай-Балкардын атактуу адабиятчысы мына ушундай адабий мурас калтырып анан о дүйнөгө атанган.

SİNYAL  Алимдин жашоосуна көз жүгүртсөк, анын жашоосу кыргыздар менен да байланышып кетет. Ал 1937-жылы Балкардын Көнделен айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы менен жаштык кезин 1957-жылга чейин эне-атасы сүргүнгө айдалган жер - Кыргызстанда өткөргөн. Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кегети айылына барып жайгашкан үй-бүлө, бир четинин ата мекенди сагынуу кусалыгы менен жашаган болсо, бир жагынан боордош кыргыз эли менен туугандашып жашашкан. Алим алгачкы жана орто мектепти ошол айылда окуган. Кыргызча жазган эмгектери байма-бай гезиттерге жарыяланып турган. 1957-жылы сүргүндөн өз элине кайтканда “Коммунизм жолу” газетасында иштей баштаган. Ошол эле учурда кийинки адабий жашоосуна чоң таасирин тийгизген Москвадагы Максим Горкий атындагы адабий институтта окуган. Алим Төппе учурда Балкар адабиятчыларынын жана илимпоздорунун даанышманы, жол баштоочусу болуп кала берет.

             Жазуучу - сүйүүнү, согушту, элдин тарыхын жана үрп-адаттарын, Карачай-Балкар элинин башынан өткөргөн оор турмушун “Кызыл кыргын” жана “Сүргүн” аттуу драма жаатындагы чыгармаларында так жазып чыккан. “Азап жолу” аттуу чыгармасында да сүргүндөгү болгон окуяларды чагылдырган. Ал пьеса катары көрсөтүлүп элге кеңири жайылган. Чыныгы жазуучу чындыктан кайтпасын далилдеген Алим советтер учурунда тыюу салынган сүргүн темаларын коркпостон чыгармаларында чагылдырган. Бирок саясий соккуга учурап көп жылдары азап чеккен. Анын дагы бир белгилүү чыгармасы “Артутай” аттуу пьесасы болуп саналат. Бул пьесасы кийинки жаш муунга жол көрсөтүп, стимул берген чыгармага айланган. Чыгармада элдин улуттук жан-дүйнөсүнө суроо салып, коомдун ичиндеги жол издөө, улуттук максаттын белгилениши сыяктуу олуттуу маселени козгоп чыккан. Бул чыгарма бир четинен советтер союзу кулагандан кийин жазылганы үчүн жаңыча көз караштын башталышы болгон. Бирок жазуучу бул чыгармасын “көзүмдүн нуру” деп баалаганына карабастан негедир сахнага аз гана көрсөтүлүп калган. Адабий чөйрөдө өтө маанилүү болгон бул чыгармасы Карачай-Балкар элинин тарыхындагы кыйынчылык жашоосун чагылдырып, кийинки муунга суроо салат. Эмне себептен дагы деле элинин бутка турбаганын иликтейт жана буга жооп берет. Буга окшош бир топ аңгемелери да жарык көргөн.

             Катуу саясий талап коюлган учурларда көп акын-жазуучунун кымырылып чыгара албаган үнүн, Алим тайманбай “Азаттык” аттуу чыгармасында угузган. Бирок ал учурда бул теманы тилекке каршы көбү түшүнгүсү келбеген же түшүнүүдөн алыс болгон.

             Кайсы элдин адабиятчысы жана жазуучусу болсо да ушул жерде орток суроо пайда болгондой. Бир жазуучу идеалогиядан же саясаттан азаттыкка чыга алабы? Же болбосо элиндеги үрп-адаттан алыс бир чыгарма жаза алабы. Болушу мумкун бирок чыныгы жазуучу элинин жоопкерчилигинен эч качан алыстай албайт. Мына ушунун бир үлгүсү Алим Төппе болгон. Алим Төппе адабияттын дүйнөлүк аренасына чыгып кеңири темаларды да жазып чыккан. Анын акыркы чыгармаларынын бири “Ас-тах” деп аталып, амазон элин сүрөттөгөн. Бул романында да элинин тагдырын ойлоп өз элине насыят берет. Ал насыятта Карачай-Балкар эли биримдиктүү болуп бири-бирин сыйлашын, изилденип эмгектенишин, куттуу ата-мекендерине эге болушун, биримдиктүү бир улут болушун ниет катары жазат.

             Алим Төппе элге үлгү болгон улуу жазуучу. Анын улуулугу өлгөндөн кийин да даңазаланган. Ал 1937-жылдан башталган өмүр жолунда жашоосунун акыркы мүнөттөрүн да эмгектерине арнап 2010-жылы дүйнө салган.

Урматтуу китеп күйөрмандары, түрк элдеринин орток мурасы болгон орток тил, дин жана үрп-адаттарын ар дайым биле жүрүш биздин милдетибиз. Бүгүнкү чыгарылышыбыздын каарманы Алим Төппени да өз элинен башка түрк элдеринин китеп сүйүүчүлөрүнө сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар