Күн тартибине сереп салуу  - 39

Түркия миллиондогон сириялыкты коргоо астына алууда ийгиликтүү болду.

Күн тартибине сереп салуу  - 39

   Президент Р. Т. Эрдоган менен Орусиянын мамлекет башчысы В. Путин Сочидеги эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү. Эки лидер өткөргөн пресс  - жыйында Идлибде демелитаризациялык зона тууралуу макулдашкандары баса белгиленди. Бир тапатан орчундуу саммиттен кийин Орусиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта : «Идлибде операция жүргүзүлбөйт»,- деп билдирилди.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү – жазуучусу Жан Ажундун тема тууралуу пикири.

  Түзүлгөн макулдашуу менен Түркия абдан чоң ийгиликке жетишти. Президент Р. Т. Эрдогандын чечкиндүү кыймылы акыркы мезгилде Идлиб маселесине ээ чыгып, Тегерандагы ок атышпоо тууралуу катуу турушу өзүн көрсөттү. Акыркы күндөрдө түрк куралдуу күчтөрү Идлибдин ичинде күчүн күчтөндүрдү. Түркиянын Идлибдеги 12 байкоо жерине көп сандаган оң өткөрбөс унаа, танка жана аскердик бөлүктөр жиберилди.  Түркия канчалык чечкиндүү экендигин Орусия, Иран жана Асад режимине, шиит куралдуу топторуна көрсөткөн болду. Албетте бир тараптан жүргүзүлгөн дипломатиялык сүйлөшүүлөр жана бир тараптан аянтта ташталган аскердик кадамдар акырында жыйынтык берди. Орусия Сочиде олуттуу түрдө артка кадам таштаган болду. Орусия, Иран жана Асад режими Идлибде кенен түрдө аскердик кыймыл жүргүзүүнү каалап жаткан. Буга карата олуттуу кысымдар сөз болуп жаткан.

Ошондуктан мындай аскердик кыймылдын тоскоолдукка учурашы Түркиянын улуттук коопсуздугун жана Сириянын келечеги үчүн тынчтык процессинде абдан чоң мааниге ээ болууда. Эң негизгиси Түркиянын аракеттери менен 3 миллиондон ашуун киши коргоого алынып, чоң качкындар агымына жолтоо болушу. Идлибде жетишилген ийгиликтен улам президент Р. Т. Эрдоганды түрк куралдуу күчтөрүн жана Улуттук чалгындоо уюмун куттуктоо керек. Дүйнө тынчсыздануу менен караган аймакта адамзаттык кризистин болушуна тоскоол болду.

Орусия менен Сочиде түзүлгөн макулдашууга карата түзүлө турган демилитаризацияланган зонадан эки тараптуу болуп радикал элементтердин жана оор куралдардын чегинишине мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Ушунун негизинде Орусия менен Түркияга абдан чоң иш түшүп жатат. Орусиянын аянттагы шиит куралдуу күчтөрдү көндүрүүгө аракет кылып, Түркия Хейет Тахрир уш Шам сыяктуу уюмдарга карата чечүүчү жол табууга мажбур.

Түркия жана Орусиянын 15 – 20 -  километр ичкериде демилитаризацияланган зонанын түзүлүшүнүн кепили болуп, ошол эле учурда координациялуу көз карандысыз күзөт иштерин аткарат. Түркия менен Орусия Астана процессинин негизинде курулган байкоо жерлерин аскердик жактан күчтөндүрө турган жана демилитаризацияланган зона эки өлкөнүн учкучсуз аба аппараттары менен байкоо астында болот. Демилитаризацияланган  зоналардагы Сирия оппозициясынын жана режим күчтөрүнүн текшерүү аянттары коргоого алынат жана эки тараптуу оор куралдар фронттон чегинет.

Түзүлгөн макулдашунун негизинде стратегиялык мааниге ээ М4 жана М5 авто жолдору коопсуздук астына алынып, кайрадан соода үчүн ачылат. Латакия жана Дамаскты Халепке байланыштырган М4 жана М5 авто жолдору Сирия экономикасы үчүн чоң мааниге ээ болууда.

Түркия менен Орусиянын ортосундагы макулдашуу ошол эле учурда Түркиянын террор менен күрөшүнө да оң таасирин тийгизет.

Акыйкаттан да ПКК/ЙПГ террористтери Идлиб операциясынан пайдаланып Африн аркылуу кысым кылууну каалап жаткан. Макулдашуу менен бул коркунуч да тоскоолдукка учурады. Өзгөчө Идлиб операциясынын тоскоолдукка учурашы менен бирге Түркиянын кайрадан ПКК/ЙПГнин коркутуусуна карата кадам ташташы күтүлө алат.



Тектеш кабарлар