Күн тартибине сереп салуу - 42

Сирияда Сочи процесси жана С-300 ракеталык системасынын жайгаштырылышы

Күн тартибине сереп салуу  - 42

Сирияда Сочи процесси жана С-300 ракеталык системасынын жайгаштырылышы

Сирияда өткөн мезгилде бир топ маанилүү окуялар болду. Асад режиминин Орусия жана Ирандын колдоосу менен Идлибге карай ыктымалдуу кол салуусу Түркиянын чечкиндүү туруму менен токтотулду жана Сочи саммитинде Түркия жана Орусиянын ортосунда меморандумга кол коюлду. Сочи меморандуму 3 миллиондон ашуун жаран жашаган Идлибди ыктымалдуу кол салуу жана адамзат кризисинен коргоп жатканда орус жана түрк тараптарга белгилүү жоопкерчиликтер жүктөлдү. Меморандумда чечим чыгарылганы сыяктуу 15-20 км кеңдигинде куралсыздандырылган аймак курулуп, М4 жана М5 автожолдору эркин соода кылууга ачалыт. Түркия жана Орусиянын аскерлери фронт сызыгынын эки тарабында күзөт кылат жана Түркия жана Орусиянын учкучсуз учуучу аппараттары Идлибдин үстүндө күзөт иштерине катышат. Башка маанилүү окуя болсо Орусиянын Ил-20 учагынын Израилдин абадан кол салуулары убагында жаңылыштык менен Асад режиминин абадан коргонуу системалары тарабынан атылып түшүрүлүшү болду. Орусия учагынын түшүрүлүшү боюнча Израилди жооптуу көрсө, Израиль Асад режиминин иш билбестигин жооптуу көрсөттү, болгон окуяга каршылык катары Орусия Асад режимине С-300 абадан коргонуу системаларын тапшырды.

SETA (Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фонду) аналисти-жазуучу Жан Ажундун бул тема тууралуу талдоосу.

Түркия жана Орусиянын ортосунда жетишилген Сочи меморандумунун Идлиб аймагында ишке ашырылышы темасында Түркия жана Орусияга чоң милдеттер жүктөлүүдө. Меморандумдун ишке ашырылышы Түркия жагынан айрым коркунучтар жана кыйынчылыктарды камтыйт. Бир тараптан Түркиянын Сочи меморандумунун ишке ашырылышы жагынан колунда бир топ инструмент бар. Түркия үчүн эң маанилүү коркунуч жана кыйынчылык, Идлиб аймагында турган радикалдык топтор. Хейет Тахрир ус Шам (ХТШ) сыяктуу радикалдык уюмдардын Сочи меморандумунда макулдашылганы сыяктуу куралсыздандырылган аймактан чыгарылат. Муну ишке ашырыш үчүн Түркия бир тараптан керектүү иштерди аткарып жатканда экинчи тараптан өзүнө ыктаган Сириядагы оппозициячылдарга дагы керектүү кысымды көрсөтүүүгө мажбур.

 Сочи меморандумуна караганда кыралсыздандырылган аймактан сириялык оппозициячылдардын оор куралдарын Идлибдин илгерисине карай артка чыгарып кетиши керек болчу. Ошондуктан түрк жооптууларынын демилгелери менен Сириянын оппозициячылдары фронт сызыгынан танка, ракета аткыч,  миномет жана замбиректерин Идлибдин ички аймактарына чыгарып кетти.  Бирок ыктымалдуу режим кол салуусуна каршы түзүлгөн коргонуу фронтторундагы аскерлери ошол бойдон турат. Алыстан башкарылуучу анти-танка ракеталары, жеңил жана орто аралыкка атуучу куралдар менен катар 23-мм жана 57-мм куралдар дагы куралсыздандырылган аймакта турат. Бул жагынан алганда куралсыздандырылган аймактын чындыгында ашкере оор куралдардан тазаланганын айтуу туура болот.

 Орусия жана Түркиянын ортосунда кол коюлган Сочи меморандумунан кийин Идлибге багытталган абадан кол салуулар токтоду жана жарандардын күнүмдүк турмушу кайра жанданды. Өзгөчө Түндүк Хаманын элет жеринен көчкөн 60 миң чакты жарандын кайра үйлөрүнө кайта баштагандары жергиликтүү булактар тарабынан белгиленди. Түркиянын дипломатиядагы чоң ийгилиги менен 3 миллиондон ашуун адамдын жандары жана мүлктөрү корголуп калды. Түркия адамзаттын атынан чоң ийгиликке жетишти.

Берки темага келе утрган болсок Орусиянын учагы түшкөндөн кийин Орусиянын тийиштүү кызматкерлери Израилди күнөөлөгөн оор билдирүүлөрдү айтышса дагы, андан кийин Москвадан жумшартуучу билдирүүлөр айтылды. Израиль жана Орусиянын ортосундагы чыңалуу кризиске айланбаса да, Орусия Асад режимине С-300 абадан коргонуу системаларын тапшырып, Израилдин Сириянын аба мейкиндигиндеги аянтын тарыткан болду. Израиль көптөн бери Сириянын аба мейкиндигин колдонуп, Сириянын ичкерисиндеги Иран жана Хизбуллах топторуна каршы абадан чабууларды жасай алчу. Орусиянын абадан коргонуу системаларынын эч качан Израилдин учактарына каршы күзөткө өтпөөлөрү жана режимдин абадан коргонуу системаларынын жетиштүү болбошу менен Израиль операцияларын жеңил-желпи ишке ашырып жаткан болчу.

Орусиянын Асад режимине С-300 Абадан коргонуу системаларын тапшырышы алгач Израилдин абадан кол салуу көлөмүн тарытуу жагынан баа бычылып жатса дагы, С-300 абадан коргонуу системалырынын башка таасирлери да сөзсүз болот. Келечектеги абалдардын жүрүшүнө карата ыктымалдуу абалда Асад режими С-300 Абадан коргонуу системалары менен АКШнын жол башчылыгындагы Эл аралык коалицияга каршы, ошондой эле Түрк аба күчтөрүнө каршы мурдагысына салыштырамлуу кыйла күчтүү абалда болот. Режимдин бул багыттагы көлөмүнүн артышы бир гана Израилди эмес, Сириянын аба мейкиндигин колдонгон бардык актерлорго таасир тийгизүүчү потенцияга эгедер.

SETA (Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фонду) аналисти-жазуучу Жан Ажундун бул тема тууралуу талдоосун окудуңуздар.

 



Тектеш кабарлар