«Алия: Рижат убагы Иззет»

Глобалдык перспектива - 43

«Алия: Рижат убагы Иззет»

Глобалдык перспектива-43

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы, проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

«Алия: Рижат (артка чегинүү) убагы Иззет»

20-кылым мусулмандар үчүн шамал терс соккон, ислам аймактары бир бирден басылып алынган, өлүм, кысым жана мажбурлоо албарсты сыяктуу үстүнөн баскан кылым болду. Алия Иззетбегович мына ушундай кылымда өзү ээ болгон цивилизациянын жакшы жагын, үстүндөгү кара кышка карабастан байчечекей сыяктуу адамзатка суна алган сейрек кишилерден бири эле. Ислам ой-пикири дээрлик альтернатива болуудан чыккан кылымда, турмушун, чечүүчү жолдун ислам философиясында экенине арнаган лидер болуп саналат.

Алгачкы жаштык, алгачкы абак жылдары; Млади Мусулмани

Алия Иззетбегович, чоң атасына окшош атка ээ болгон, Стамбулдагы Үскүдарда аскерлик милдетин өтөгөн убакта таанышып баш кошкон түрк кызы Сыддыка айымдын небереси катары 1925-жылы жарык дүйнөгө келген. Балким ушул себептен Алияда жана Стамбулдун эң тарыхый, эң көркөм райондорунан бири болгон Үскүдарда абдан окшош нерселер сезилет. Тарыхтын тереңдиктеринен сүзүлүп чыккан жетилгендик, билимдүүлүк жана ырайымдуулук.

Төрөлгөн убагы жана алгачкы жаштык жылдары балким дүйнө тарыхынын эң баш аламандуу жылдары болсо керек. 1-Дүйнөлүк согуштун акыры жана 2-Дүйнөлүк согуш жылдары... Жалпысынан алганда мусулмандар, өзгөчө алып караганда Балкан мусулмандары үчүн эң оор, эң аесуз убак болду. 2-Дүйнөлүк согуштан кийин жеңгендер, коомунизм менен башкарылган Сталин Орусиясы менен өз ичинен чыккан фашизмди жана нацисзмди жеңип чыккан Батыш болуп эсептелет. Осмон мамлекетинин начарлоосу жана кулашы менен бирге өзгөчө Балкан өлкөлөрүндө 200 жылдан бери ислам альтернатива болуудан чыккан. Ушундай чөйрөдө Алия, лицейдеги жылдарында жолдоштору менен «Млади мусулмани» жаш мусулмандар кыймылын баштаткан. Коом/кыймыл бир жагынан мүчөлөрүнүн арасында исламий аң-сезим жаратууга аракет кылып жатса, экинчи тараптан согуш алып келген кыйратууну калыбына келтирүүгө аракет кылган. Бирок бул аракеттери өзү жашаган аймактагы атеист жана коммунист режим тарабынан жылуу кабыл алынган эмес. Алия жаштыгынын алгачкы жылдарында эле 5 жылга абакка түшүп калат.

Чыгыш жана Батыштын ортосунда-Алия

Абактан чыккандан кийин Алия кайрадан эли жана адамзат үчүн пайдалуу деп билген иштерин улантат. Бир жагынан күнүмдүк турмуш менен алек болуп жатканда, экинчи тараптан жашаган мезгилинин ой-пикир кыйынчылыктарын жеңип чыгыш үчүн интеллектуалдык күрөш менен алек болот. «Чыгыш жана Батыштын ортосунда Ислам» эмгеги Алиянын кеңири ислам көз карашынын алкагында Чыгышты же Батышты сындоосу болуп саналат. Тактап айтканда Чыгышка же Батышка жанаша бирге жашоо чакырыгы болуп эсептелет. Батыштагы оң өнүгүүлөрдү мактап жатканда сындаган учуру да болот: «Мен Европага бара жатканда башымды жерге салып барбаймын. Анткени бала, аял жана картаңдарды өлтүргөн жокпуз. Анткени эч бир ыйык жерге кол салган жокпуз. Чындыгында алар булардын баардыгын кылышты. Болгондо дагы Батыштын көз алында; Батыш цивилизациясынын атынан жасады».

    Алияга караганда Ислам дүйнөсүнүн башкы маселелери бири-биринен ажырап калуу, сабатсыздык, айткандары менен кылгандарынын башкача болушу. Алия бир жагынан «Ислам мен үчүн сонун жана эң негизгиси бардык нерсенин аты болуп эсептелет» десе, анын бул сөзү мусулмандардын өздөрү менен беттешүүлөрү үчүн кудум эле чакырык болуп саналат: «Исламдын эң мыкты болушу чындык. Бирок биз эң мыкты эмеспиз. Булар көбүнчө биз чаташтырган эки башка нерселер»,-дейт. Буга чечүүчү жолду да сунуштайт: «Жер жүзүнүн мугалими болуш үчүн көк асмандын окуучусу болуш керек».

Согуш жылдары

Балкан өлкөлөрүнүн кайрадан бөлүнүүсүнөн мурда «Ислам манифести» китебинин себебинен Алия кайра абакка түшөт. Ага 14 жыл абак жазасы берилет. 5 жыл жаткандан кийин, мунапыс менен 1988-жылы эркин кое берилет. 1990-жылы Демократиялык кыймыл партиясын түзөт. Шайлоолордон кийин Алия өлкөсүнүн алгачкы президенти болот. Босния-Герцеговина 1992-жылы Югославиядан көз карандысыздыгын жарыялайт. Андан мурда Хорватия жана Словениянын көз карандысыздык күрөшүнө колдоо көрсөткөн Батыш, ар дайым кылган эки жүздүүлүгүн кылып босняктарды сербдердин кол салуусунда жалгыз калтырат. Натыйжада жүз миңдеген киши өлдү, жаралуу, көч, ачкачылык, кан, өлүм, мыкаачылык өкүм сүрөт. Босняктар Европада 20-кылымдын акырында адамзаттын көз алдында ачык геноцидге учуратылат.

Алия согуш жылдарында дүйнөгө таанылган лидерге айланды. Бардык жокчулуктарга, курчоолорго карабастан ислам ой-пикиринин жана тарткан ошончолук азап ала келген билимдүүлүк менен адамча/мусулманча туруштук берүүнүн кантип жасала турганын бүткүл дүйнөгө көрсөттү. Сербдердин босняк аялдарды, балдарды, картаңдарды өлтүргөнү, ушул себептен өч алынышы керектиги жөнүндө адамдардын көтөрүлүп каршылык көрсөтүүлөрүнө берген жооптору, согуш ахлакынын алтын эрежелери сыяктуу;

«Душмандарыбызга карата бир гана карызыбыз бар; ал адилеттүүлүк»,

«Сербдер биздин мугалимибиз эмес»,

«Согушту жеңилгенибизде эмес, душманга окшогонубузда жеңилебиз».

Согуш убагында бир немис кабарчынын, «Ушунчалык зулумдукка каршы эмне үчүн өч алуу буйругун берген жоксуз, ичинде орун алган Батыш цизилизациясынын себебиненби?» деген суроосуна «Мен ишенген китеп буга уруксат бербейт!» деген жообун берип өзү ээ болгон ислам ой-пикирин канчалык сиңирип алганын көрсөтүп турат.

Эгерде Боснияда Алиянын идеялары кем калган болсо, бул Алиянын же идеяларынын жетишсиздигинен эмес, АКШнын жол башчылыгындагы заманбап дүйнөнүн Европанын ортосунда мусулман коомго жана мамлекетке болгону ушунча толеранттуулук көрсөтүшүнөн болуп олтурат.

Мурасы...

«Бизди топракка көмүштү. Бирок үрөн экенибизди билишкен жок».

Алия бул сөздү Балкан өлкөлөрү үчүн айткан болушу мүмкүн. А бирок бул сөз мусулмандардын 200 жылдык аңгемесин да камтып турат. 200 жылдык рижат, артка чегинүү мезгилинде, кара кыштын астында бүчүрлөнүп, байчечекей сыяктуу кардын астынан чыга алган лидерлер тилекке каршы көп болгон жок. Мындан мурда «Батышка карата кандай позицияда туруу керек» дегенде четке кагуучу же ийкемдүү эмес, аналитикалык ой-жүгүрткөн, сынчыл жакындаган кайдыгер болбогон лидерлер же көз караштар чечүүчү жолду сунуштай алышат дегенбиз. Алия дагы, Саид Халим Паша, Икбал, Акиф, Рашид эл Ганнуши сыяктуу кылымдын эркине исламды айттырган, исламдын бул доордо адамдарга берген белгилерине багыт алган сейрек адамдардан.

Башынан өткөргөн ошончолук кысым, зулумдук жана каракыштын астында жаңылыштыктан жаңылыштыкка оодарылган, айтчусун туура айта албаган, көз карашы уруусунан, өлкөсүнөн, элинен ашып кете албаган лидерлердин коомчулуктарына бере турган көп нерсеси болбойт. Алия сыяктуу туш болгон ошончолук зулумдукка карабастан, жек көрүү менен эмес, ээ болгон ислам ой-пикиринин жетилгендиги, сабаттуулугу, акылы жана ырайымы менен сөз сүйлөй алган, ар бир абалда адилеттикти издеген лидерлерге, бир гана мусулмандардын эмес, дүйнө жүзүнүн муктаждыгы бар.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.

                                              



Тектеш кабарлар