Күн тартибине сереп салуу  - 43

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун пикири.

Күн тартибине сереп салуу  - 43

2 -  октябрь күнү Сауд Арабиянын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирген «Washington Post» гезитинин жазуучусу Жемал Кашыкчынын кайрадан чыкпашы менен Кашыкчы менен турмуш кура турган Хатиже Женгиз түрк жетекчилерине маалымат берген жана Кашыкчыны табуу үчүн кенен түрдө изилдөө башталган болчу. Дүйнөлүк басма сөз жакындан иликтеген Кашыкчы окуясында түрк жетекчилердин кээ кээде жаңы далилдерди басма сөз менен бөлүшүүсүнөн кийин Сауд тарабы  ичинде Кашыкчыга эмне болгондугуна байланыштуу маалыматтарын өзгөртүүгө мажбур болду. Оболу Кашыкчынын консулдуктан чыккандыгын айткан Сауд тарабы камера көрүнүштөрүнүн болбогондугун ортого салып, Кашыкчынын консулдуктан чыккандыгына байланыштуу көрүнүштөрдү коомчулук менен бөлүшкөн жок. Стамбулга келген 15 кишилик топту турист катары чагылдырган Саудия башкаруусу андан кийин кылмышты кабыл алып, 15 киши менен Сауд консулдугунда кызмат кылган башка 3 кишини Кашыкчы окуясынан улам камоого алды. Президент Р. Т. Эрдогандын Сауд Арабиянын королу Селман менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин Сауд тарабы Кашыкчынын консулдукта чыккан чыр  - чатакта жаңылыштык менен өлтүрүлгөндүгүн айткан болсо да түрк жетекчилеринин коомчулук менен бөлүшкөн Кашыкчы дублёрун көрсөткөн көрүнүштөр жана башкалардын негизинде Кашыкчы кылмышынын пландуу кол салуу экендиги такталды.

Сауд Арабия башта кылмышты моюнга алган жок. Хатиже Женгиздин консулдуктун алдында Кашыкчыны күтүшү жана коопсуздук жетекчилерин бир канча убакыттан кийин эскертиши андан кийин аткарылган бардык чалгындоо иштеринин натыйжасында кылмышка таандык абдан маанилүү далилдердин ортого чыгышы менен бирге процесс башка бир жерге барды. Саудиялыктар көпкө моюнга алышкан жок. Бирок Түркиянын процессти башкаруу жөндөмдүүлүгү жана муну дүйнөлүк медиа менен бөлүшүүсүнөн жаралган кысым менен судиялыктар позициясын өзгөртө башташты. Оболу танган окуяны альтернатив сценарийлерди ортого салуу менен башкарууга аракет кылышты. Бирок азыркы учурда ортого салгандары Түркия жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан кабыл алынган жок. Президент Р. Т. Эрдоган сөзүндө ортого салган маалыматтар менен бул кылмыштын мурунтадан пландалгандыгын айтты. Стамбулдагы сауд жетекчинин кылмыштан мурда Риядга барды деген план түзгөндүгү, 15 кишилик топтун келгендиги, Йалова жана Бельград токоюнда  текшерүүнүн жүргүзүлгөндүгү жана соттук эксперттердин да ичинде экендигине байланыштуу абдан маанилүү далилдерди Түркия ортого салды. Түркия ортого салган далилдер менен Сауд тарабынын сценарийи бири бири менен дал келбей жатат.

Сауд Арабияга жасалган кысым күч алган сайын Сауд башкаруусу маневраларды ишке ашырууда. Сауд үчүн негизги маселе Мухаммед Бин Селманды процесстин жана жоопкерчиликтин тышында кармоо. Түркия да муну көргөндүктөн президент Р. Т. Эрдоган сөзүндө Король Селман менен Мухаммед Бин Селманды бөлдү жана Король Селманга Мухаммед Бин Селмансыз чыгуусуна жол ачкан болду. Кашыкчы окуясынан мурда да Сауд булактарынын билдиргенине караганда Мухаммед Бин Селман Жемал Кашыкчыны жеке бир бутага алган. Андан мурда да Кашыкчыны сүйлөтпөө үчүн  кыймылдар аткарылган. Сауд чалгындоосунун төрагасы Асири Жемал Кашыкчы менен өткөргөн сүйлөшүүдө аны өлкөгө кайтуусу үчүн көндүрүүгө аракет кылган.

Түркиянын процессти стратегиялык түрдө башкаруусу менен Сауд Арабияга карата эл аралык кысым пайда болду. АКШда Ак үйдө өзгөчө Мухаммед Бин Салманды окуянын тышында кармоого аракет кылынып, Америка санатынын мамилеси жана Түркиянын колундагы билдириле элек далилдер менен бирге Мухаммед Бин Салман үчүн чамбар барган сайын тарайып баратат. Трамптын Король Селмандын күнөөсүз экендигине байланыштуу ишеничин билдиргенден кийин ал жердегилерди азыркы учурда принц башкарууда. Эгерде бирөө кетиши керек болсо ал да принц деген мааниге келет...

Алдыдагы процессте Түркиянын жаңы далилдерди табышы жана колунда болгон бирок коомчулук менен бөлүшпөгөн далилдердин коомчулук менен бөлүшүлүшү  Сауд Аравиянын мураскер принци позициясы коркунучка кириши мүмкүн. Сауд королдук үй  - бүлөсү ичинде күчүн атасы Король Селман жана өлкө тышынан алган колдоо менен бекемдеген Мухаммед Бин Селман атасынын жана өлкө тышындагы колдоочуларынын  колдоосун жоготкону турат.

 

          

 



Тектеш кабарлар