Европанын исламы кандай?

Глобалдык перспектива-45

Европанын исламы кандай?

Глобалдык перспектива-45

Европанын исламы кандай?

Көптөн бери Европада тынымсыз түрдө Европанын исламы жөнүндө талкуу жүрүп жатат. Көбүнчө мусулмандарга карай талкуу болушу менен бирге маселенин тараптары негизинен европалык мамлекеттер, коопсуздук мекемелери, батыштык академиктер жана жазуучулар.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы, проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Талкуу негизинен орунсуз талкуу эмес. Глобалдашуу процесстери менен ар башка өздүк, маданият, дин жана тилдеги адамдар аралашып, жанаша жашоодо. Бул жанаша жашоо Осмон мамлекети сыяктуу өлкөлөр үчүн белгилүү абал болсо да, батыш үчүн бул жаңы абал болуп саналат. Мурдагы кылымдарда батыштык өлкөлөрдүн ар башка дин жана маданияттардан өлкөлөр менен карым-катнаштары эзген жана эзилген мамилесинде болсо, бул өлкөлөрдөгү адамдардын Батышка көчүшү менен батыштык өлкөлөрдүн айырмачылыктарга туш болгону айтылса болот. Бул мезгил бир эле убакта заманбап, борборчул, текчилик улут-мамлекет мезгили болгону үчүн айырмачылыктардын чогуу болушунун дагы татаалдашкан мезгили болуп саналат.

Исламга шайкеш Европа маданияты

Башкача тарых, дин жана маданиятка эгедер адамдар бүгүнкү күндө дагы көп чогуу жашап жатышканда, бул абалдан келип чыга турган жыйынтыктар менен албетте мамлекеттер, мекемелер, интеллигенттер алек болушат. Европа исламынын максаты, Европага тышкарыдан келген ар башка исламий практикалардын эмес, Европанын өзүнүн ичинен ислам менен шайкеш практикалардын алдыңкы планга чыгарылышы болсо бул абал түшүнүктүү абал. Европа исламы менен түшүндүрүлгүсү келген тил, маданият, ыкма сыяктуу тармактарда белгилүү катышта жергиликтүүлүк болсо муну ансыз деле ислам өз ичиндегидей өздөштүрөт. Ушул жагынан алганда Түркиядагы ислам менен Ыраакы Чыгыштагы, Балкандагы, Жакынкы Чыгыштагы ислам түшүнүктөрү жана практикалары, негизи окшош болушу менен бирге белгилүү катышта бири-биринен айырмачылыктарды камтыйт. Бул алкакта европалык мусулмандардын да адамдардын келген аймактары менен шайкеш исламий практика жана түшүнүк эмес, ислам айлампасынын ичинде калуу шарты менен ислам менен шайкеш Европа маданияты, жашоосу жана түшүнүгүн алдыга чыгаргандары жетээринче түшүнүктүү абал. Африкадагы, Жакынкы Чыгыштагы, Ыраакы Чыгыштагы күнүмдүк турмушту, ишке ашырууларды, маданий, фольклордук элементтерди, искусство, адабият түшүнүгүн өзүндөй Түркияда же башка өлкөдө гүлдөтүү кандай жагымдуу кабыл алынбаса, муну Европада дагы жасоонун жагымдуу кабыл алынбай турганын түшүнүү керек. Жагымдуу кабыл алынбоо абалы негизинен бул маданий ишке ашыруулардын жаңылыштыгынан эмес, ар бир коомчулуктун өз аймагы менен шайкеш өзүнө таандык маданий элементтери бар экенин билүү тууралуу абал. Жашалган аймак жагынан алганда белгилүү катышта белгилүү катышта ээлик кыла турган бул орток маданияттан тышкары, шексиз ачык жана цивилизациялуу коомдо, ар башка маданияттар өз маданияттарын жашатуу аракетинде болушу мүмкүн.

Ислам менен шайкеш Европа маданияты бир гана Европага келгендер жагынан эмес, Европанын өзү жагынан да баа берилиши керек болгон абал. Ислам менен шайкеш Европа маданияты дегенибизде Европанын маданий генетикасында болгон жикчилдик, фашизм, нацизм сыяктуу элементтердин да тышта калтырылышы керектигинен сөз кылган болобуз.

Европа исламы урааны айрым убактарда Европага келгендердин теңдик, эркиндик, адам укуктары, плюрализм, айырмачылыктар менен бирге жашоо сыяктуу дүйнөлүк баалуулуктарга ээ болбогондорун айтууга карай колдонулууда. Чындыгында европалыктардын балким жакынкы мезгилде бул баалуулуктардан дагы көп алыстаган болушу айтыла алат. Качкындарды адам катары санабаган мамиле, күчөгөн мигрант жана исламга каршы туруу эң эле башында эске түшкөндөр болуп саналат. Коомдук пикирди изилдөөлөрүндө башкача болгондон коркуу, жумушта же үйгө коңшу катары өзүнөн башкача болгонду каалабоо катышы жогорулап баратат.

Эркиндик каалаган эмес, коопсуздукту жактаган Европа исламы мамилеси

Жазылгандарга жана батыштык мамлекеттердин ишке ашырууларына караганыбызда Европа исламы талкуусу жарандык, маданий жана баалуулуктарга карай талкуу сыяктуу көрүнбөйт. Европа мамлекеттери бул талкууга дагы көп коопсуздук жагынан карап жатат. Ансыз деле бул иштер жалпысынан маданият, жанаша жашоо, плюрализм, айырмачылыктар эмес, коопсуздук жагынан чалгындоо жана коопсуздук мекемелери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Коопсуздук маселеси бар болсо шексиз албетте коопсуздук жагы менен чара көрүшөт. Бул талашсыз. Бирок миллиондогон адамды кызыктырган жарандык, социалдык, маданий, саясий маселелерге бир гана коопсуздук преспективасынан кароо маселелерди болгону тереңдештирет. Мамлекеттер мурда билбеген, жаңы абалдар үчүн кеңештерди түзүүлөрү абдан түшүнүктүү жана керектүү абал. Бирок бул аракеттер түшүнүүгө карай болушу керек. Кысымга алууга, айлантууга, камакка алууга багытталган эмес. Европалык мамлекеттер ушул себептен түзгөн ислам кеңештери сыяктуу кеңештерге түздөн-түз жана көбүнчө исламга тиешеси болбогон ысымдарды дайындоонун ордуна бул мекемелердин мусулмандар тарабынан түзүлүүсүн шыктандырышы керек. Бул эмгектер коопсуздук же чалгындоого байланыштуу мекемелер тарабынан эмес, дагы жарандык мекемелер тарабынан жүргүзүлүшү керек.

Мусулмандардын милдети...

Европа Исламы жагынан алганда мусулмандардын милдетин аткарганын белгилөө жана бир гана тийиштүү өлкөлөрдү сынга алуу ахлактуу абал эмес. Бүгүнкү күндө Батышта болуп жаткан мусулмандардын билим берүү, экономика, саясат, интеллектуалдык, академиялык кошулуу маселелери бар болсо, кылмыш кылуу катыштары жогору болсо, иштөө маданияттары жетиштүү эмес болсо, шексиз бул темаларда мусулмандарга жана алардын уюмдарына чоң жоопкерчиликтер түшөт.

Ал эмес жашаган өлкөлөрүндө өздөрүн өкүлдүк кылуу жана айтуу маселелерине шилтеме көрсөтүш керек. Тийиштүү өлкөлөрдүн жооптуу кызматкерлери менен дагы жакындан иштешсек, түздөн-түз жана ачык карым-катнаштарды түзүп, пайда болгон коркуу климатын жоюуга карай иштерди ортого салуулары күтүлөт.

Коомчулугун жоготкон ислам Европага эмне алып келет?

Белгилүү катмарлардын Европа исламы менен жетүүнү каалаган нерсеси, коомго, үй-бүлөгө, адамга тиешелүү бардык ойлорунан тазаланган Ислам же мусулман каалоосу болуп саналат. Чындыгында Европада кыйраган үй-бүлө, ээсиз балдар, кан кошулуу, кош жыныстуулар катнашы, баңги зат колдонуусу дүйнөнүн калганы менен салыштырыла албай турганчалык кеңири жайылган. Европа, коомдук баалуулуктар жагынан адамга таандык болгон бардык нерсе ылдам жок болгон, жогорку экономикалык моокум кануунун себебинен адамдарга мыйзамдуу жана нормалдуу карым-катнаштар жетиштүү болбогон кудум эле оолуккан доорун башынан өткөрүүдө. Исламий баалууулктар балким бул темаларда али басылып алына элек акыркы чеп болушу мүмкүн. Ушул себептен коомчулукка, үй-бүлөгө, адамга тиешелүү айтымдарды жоготкон мусулмандык бир гана Европанын кыйрашын ылдамдатат.

Христиан жана еврейлер дагы мусулмандарга колдоо көрсөтүшү керек

Мындай мусулмандык эч нерсе алып келбей турганын, иудаизм жана христиандыктын башынан өткөргөн ушуга окшогон процесстерде көрдүк. Коомдук баалуулуктардын ушунчалык эрозияга учурашынан, ахлактык кыйроодон, ашкере эгоизмден христиан жана еврейлердин дагы тынчсызданганын ойлоодомун. Ал эмес адамдык баалуулуктары толугу менен жок болуп баратышынан тынчсызданган секулярдык башкаруунун дагы...Негизинен христиандык жана еврейликтин дагы негизинде болгон бул баалуулуктардын жок болушуна алар дагы каршылык көрсөтүшү керек.

Европалык мусулмандар өз күн тартибине ээ болушу керек

Булардын бардыгынын ары жагында мусулмандар, Африкада, Америкада, Кытайда, Индияда дагы, Жакынкы Чыгышта дагы жана темабыз жагынан шексиз Европада дагы өз күн тартиптерине ээ болуулары керек. Кантип? десеңиз, алдыдагы аптада түшүндүрөлү...

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.

 



Тектеш кабарлар