Күрттөр кыянаттыкка учурадыбы?

Глобалдык перспектива-52

Күрттөр кыянаттыкка учурадыбы?

Глобалдык перспектива-52

Күрттөр кыянаттыкка учурадыбы?

АКШнын президенти Дональд Трамп, дагы бир жолу Сириядан аскерлерин чыгарып кете турганын жарыялады. Американын мурдатан түзүлгөн тартибине Трамптын дагы бир жолу моюн сунбай турганы кааланат. Айтканы сыяктуу Сириядагы Американын аскерлери аман-эсен үйлөрүнө кайтат.

АКШнын бул чечимди эмне үчүн чыгарганы, чындап эле чегинип чегинбей турганы, чегинген учурунда аймакта башкача турумун улантып улантпай турганы талкууланып жатат. Израилдин чегинген учурунда кандай жайылуучу саясатты иштеп чыга турганы, империалисттик каалоосунан баш тарта албаган Франциянын чегинген учурунда АКШнын ордун ээлөөгө күчү жетип жетпей турганы, чегинүүнүн Иран, Орусия, Сирия режими, Сауд жана берки араб өлкөлөрүнүн саясаттарына кандай таасир тийгизе турганы сыяктуу темалар шексиз маселенин сөзсүз талкууланышы керек болгон жагдайы болуп саналат. Муну менен бирге мен бул жазуумда эл аралык медиада маселенин дагы көп күрттөр тууралуу чыгарылган ыкмасына токтолгум келет.

 Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы, проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Батыштык айрым медиа органдарында АКШнын чыгуусу, АКШнын дүйнө жүзүнүн жандармы болуп болбогону жана Сирияда күрттөрдүн жалгыз калтырылганынын талкууларынын коштоосунда болуп жатат. Франциянын президенти Макрондун шериктештердин чогуу кызмат өтөгөн катмарларга ишеним бериши керектигин билдирүүсү да ошого окшогон мамилеге ишаарат берип турат.

АКШ дүйнө жүзүнүн жандармыбы?

АКШ дүйнө жүзүнүн жандармы болушу керекпи? Жандарм сөзү балким абдан ылайыктуу айтым эмес. Ал эми негизинен АКШ менен катар бардык өлкөлөр глобаддык адилеттик изденүүсүнө колдоо крсөтүүсү керек. Адам укуктарын бузуулар, өз коомчулугуна карай тобу менен кыргын салуулар, этникалык тазалоолор өлкөлөрдүн ички маселеси катары каралбашы керек. Билемин бул билдирүүлөр же чындыктар, глобалдык актерлор тарабынан көбүнэсе эл аралык кийлигишүүлөр үчүн инструментке айландырылган абалда. Бул абал ошондой эле этникалык тазалоого барган адам укуктарын бузуулардын өлкөлөрдүн ички маселеси катары көрүнбөй турганынын чындыгын өзгөртпөшү керек.

Күрттөр дагы бир жолу кыянаттыкка учурадыбы?

Батыштык айрым медиа органдары өз коомчулуктарын ПКК жана ПЙДнын күрттөрдү өкүлдүк кылганына, балким көндүрүп койгон болушу мүмкүн. Көндүрө албай турган жалгыз катмар бар болсо ал дагы күрттөр болсо керек. Анткени күрттөр ПКК жана ПЙД террордук уюмдардын ондогон жылдар бою эң көп аларга зыян тийгизгенин күнүгө белгилеп келишет. Ал эми түрк ымыркай балдар, аялдар, жапжаш Айбүке мугалимдер, жарандар, полициялар, аскерлер да шейит кылынды. Бирок ПККнын 40 миңден ашык кыргын салган адамдын чоң көпчүлүгү күрттөн турат. ПКК Марксист, Ленинист тоталитардык идеологиясына каршы чыккан, террорду ыкма катары жактырбаган күрттөргө өлүмдөн башка альтернатива калтырышкан жок.

ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнын ишке ашыруулары да мындан башкача эмес. Өзү сыяктуу ойлонбогон күрттөргө жана арабдарга карай этникалык тазалоонун эң жакын күбөсү кайра эле күрттөр болуп саналат. ПКК жана ПЙД террорунан качкан күрттөрдүн баш калкалаган жери болсо бул уюмдардын бардык бурмалоолоруна карабастан Түркия болуп саналат. Тилекке каршы Батыш басма сөзүндө Түркияга баш калкаган күрт аял, бала жана оппозициялык катмарга карай кабарлар дээрлик жокко эсе. Батыштык айрым берүү органдарында, аларды көздөй этникалык тазалоо жасагандар, согушкер, эркиндик баатырлары сыяктуу көрсөтүлсө да, карапайым күрт калкы бул жалганга ишенбейт.

Түркиядагы 4 миллион баш калкалоочу кимдерден турат?

Бир канча жүз миң сириялык качкындардын батыштык өлкөлөргө кетиши менен батыштык демократиялардын канчалык неонацизм жана неофашизмдин коркунучу астына киргени, бул коркунучтун улам артканы белгилүү. Түркия багып жаткан 4 миллион баш калкалоочу менен батыштык демократиялар үчүн кудум эле бейтарап аймак милдетин аткарууда. Анда батыштык айрым борборлор атайылап ПЙД менен күрттөрдү окшоштуруп жатканда бул 4 миллион адам кимдерден турат? Арасында христиандар жана түркмөндөр да болушу менен бирге албетте көпчүлүгү сириядан келген арабдар жана күрттөрдөн турат. Бул чындык ачык эле ортодо турганда бул борборлор тарабынан ПЙД террорунан качкандар эмес, ПЙД күрттөрдүн өкүлү сыяктуу көрүнүүдө.

Батышта абийир калган жокпу?

Айрымдарыбыздын «чындык кандай болсо болсун, батыштык чалгындоо жана маалымат каналдары тарабынан батыштык калктар, ПЙДнын күрттөрдүн өкүлү болгону боюнча маалыматтары менен көндүргөн абалда. «Бекер түшүндүрүп жатасыз» дегенсийсиз. Бираз акылуу болушуңуз мүмкүн. Бирок ошентсе да батыш менен кошо бардык өлкөлөрдө империализм эмес, баалуулукка индекстелген дүйнө изденүүсүндө болгон, ой-жүгүртүүсүн чалгындоо кызматтарынын кызыкчылыкка индекстелген кабарларына тапшырып бербеген адамдар да бар. Кыска мөөнөттө бобосо да узун мөөнөттө дүйнөнү формаландырган бул кайдыгер калбаган адамдардын аракети болуп саналат. Ушул себептен чындыкты билүүлөрү алардын укугу болуп эсептелет. ДЕАШ арабдарды, Гитлер немистерди өкүлдүк кыла албаган болсо ПЙД да күрттөрдү өкүлдүк кыла албайт. Эч бир калк террордук уюмга  жармаштырылса болбойт. Ушундай жармаштыруу алгач ошол калкка карай оор акаарат болуп эсептелет.

Жыйынтыктасак, ортодо кыянаттык же жарым жолдо калтырылгандык бар болсо, бул күрттөргө эмес. ПКК,ПЙД,ДЕАШ жана Сирия режиминин чеңгелинин астында эзилген күрт калкы, АКШнын чегинүүсүнөн эмнеге тынчсыздансын? Аймактагы террордук уюмдарды начарлата турган ар түрдүү абалга эң көп алар кубанышат. Ушул себептен ортодо калган күрттөр эмес, учурга баш ийбеген идеологияларын күрттөргө мажбурлап кабыл алдыруу жана моюн сунбагандарды жоюш үчүн ар түрдүү ыкманы колдонгон террордук уюм болуп саналат.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.

 



Тектеш кабарлар