Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-22

Карачай-Балкар адабияты

Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-22

Урматтуу  китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусун кыргыз адабиятында кеңири таанымал, Чынгыз Атматовдун замандашы жана калемдеши, карачай-балкар акыны Кайсын Кулиевдин чыгармачылыгына арнайбыз.  

                Кадырлуу окурмандар, Кайсын Кулиев Орто Азия түрк элдеринин ичинде чыгармачылыгы менен кеңири таанымал улуу акын десек болот. Кыргыз элине кеңири таанылганынын таржымалына келсек, ал совет доорунда совет бийлигинин катуу режимине кабылып, Кыргызстанга сүргүнгө айдалган элине кошулуп келген экен. Кайсын Кулиев 1917-жылы Кавказ тоолорунун этегиндеги Чегем деген айылда төрөлгөн. Анын алгачкы ыры 1934-жылы басылып чыгат. Ал Москвада адабият факультетин бүтүрүп, адабият боюнча сабак бере баштайт. Бирок Экинчи Дүйнөлүк согуштун башталышы менен аскерге алынып майданга аттанат. Согуштун аягында Сталиндин чечими менен балкар эли Орто Азияга сүргүнгө айдалган учурда, атайын уруксаты болсо дагы өз каалоосу менен элине кошулат. Үй-бүлөсү менен Фрунзеге жеткен Кайсын, Кыргыз Жазуучулар Союзунда котормочу болуп иштей баштайт. Бир жагынан жазуу ишин улантып, экинчи жагынан өз элинин камын көрүп аларга моралдык жактан таянчуу тоосу болуп турган.  Ырларынын көбү элине дем берүү максатында жазылгандай. Муну менен бирге анын кыргыз элине тийгизген таасири өтө чоң. Алып карасак, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун алгачкы аңгемеси “Газетчик Дзюдо”сун мына ушул акын “Кыргызстан” журналына жарыялатып берген экен. Кийин ага ыраазы болгон Чынгыз Айтматов балкардык жазуучу досу Салих Гуртуга мындай дегени маалым. “Кайсын силерден да бизге көп кызмат өтөдү. Менин жазуучу болуп калышымда жана адамдык мүнөзүмдүн түптөлүшүндө анын эмгеги өтө чоң. Маданиятыбыздын өнүгүшүнө да ошондой эле зор таасирин тийгизди”, дептир. Мына ошол инсан – Кайсын, Кыргызстанда жашап өткөн жылдарына таазим этип, төмөнкү “Кыргызстан” аттуу ырын арнаган:

Жаштык күндөрүм калды сенде,

Таштадым мен муң-кайгымды.

Аябадың ошол күндө,

Сууң менен наныңды.

 

Акындарыңдын саламынын

Жылуулугу али колумда.

Бактың бизди өмүрлүү бол,

Калды эскерүүм жадымда.

 

Кыргызстан көөнүмдө,

Сүйүнүчүм, чоң кайгым.

Түгөнбөсүн эч качан,

Токочуң менен ичкен сууң.

 

Он төрт жылдык сүргүнү бүтүп 1957-жылы мекендерине кайтканда эли менен өтө оор турмушту баштарынан өткөрөт. “Бирликте –тирилик” деп майышпастан элине руханий байлык тартуулап жазуу иштерине кызуу киришкен. Ыр китептерин, роман-аңгемелерин жазуу, балкар поэзия антологиясын даярдоо жана жоголуп бара жаткан акын-жазуучуларынын эмгектерин редакциялоо сыяктуу кызматтарды өтөйт. Талыкпаган эмгеги менен азия жана европада тааныла баштайт. Анын элге таанылышына себеп болгон негизги ыры “Жаралуу таш” деп аталып “Максим Горкий Адабияты” медалына татыктуу болот. Мына ошондон тартып анын чыгармачылык жолу өркүндөйт. Кайсын Кулиевдин өз эне тилинде он сегиз, орус тилинде элүү беш, чет тилдерде отуз сегиз китеби жарыяланат. Ыр китептери совет дорунда миллион тиражына жетет. Анын ырлары жүз жыйырма тилде которулуп журнал, газета жана антологияда жарыяланган. Эмгегинин үзүрүн көрүп ал 1974-жылы Советтер Союзунун мамлекеттик сыйлыгы, көзү өткөндөн кийин, 1990-жылы ошол учурдун эң жогорку сыйлыгы Ленин сыйлыгы ыйгарылган. Өз туулган жеринде көз жумган акындын үйү азыр музейге айланган. Сөөгү да ошол үйүнүн бакчасына коюлган.

 

SİNYAL                  “Эй жашоо! Адамга бердиң акындык,

             Мал каратпай, чөп жыйнатпай

             Неге бердиң экен сөз күчүн

             Уйкусуз таңды атырып”, деген акындын атак-даңк үчүн жазбаганы белгилүү.

                     Эң жөнөкөй мүнөзү менен курч калемин бириктирип реалдуу жана күчтүү ырлар жараткан Кайсын Кулиев ырларында адабий ырахаттануу тартуулоо менен бирге эле акыл-насаатын, сабагын туюнта өтөт. Ал ата-мекенинен көп жыл бою алыс калгандыктан, мекени тууралуу мыкты ырлар жараткан.

                     Сага ыраазы болуп атырамын таңымды

                     Сени унуттурчу күн эч болбойт жагымдуу.

                     Муздай таза чаңкаткан сууңа тойунуп

                     Сагынып ыйлайм жана сыйлайм жалындуу

                     Сенсиз насип болбос өмүр бир инсанга

                     Айланайын туулган жерим мен сага.

                    

                     Чыгармачыл инсандын эмгеги карыбайт демекчи түрк тилдүү элдер Кайсын Кулиевге азыр да болсо таазим кылып анын улуулугун барктап келишет. Жакында өткөн акындын 100 жылдык маарекесине карата кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин агай төмөнкүдөй ыр саптарын арнаган:

Чегемде сезим түрлөндү-эй
Чекчейген сулуу гүлдөрдөй –
Жүз жылга толгон Кайсындын
Жүрөгүн өрдөп жүргөндөй!

Бийикпиз дешип атактан,
Билерман тоолор ачат шаң.
Бакжая тиктейт балкардай
Папакчан болуп, папакчан!

Барк барбы тоонун баркындай,
Алп барбы тоонун алпындай –
Опол тоо турат обдулуп
Ортодо турган Кайсындай!

Чоң окшоп мүдөө-максаты,
Чоң жолго чейин аттачу –
Чекемден, жүздөн өөп турду
Чегемдин шаркыратмасы!

Дилдери таза ай-кандай,
Тизилип кол чаап – жайдаңдай,
Ышкын-жүз кыздар гүл сунду
Ыр-саптар тосуп алгандай.

Кубаныч жашын агылтып,
Кучакка 100дү багынтып –
Тарыхка белек бергем деп
Таш-үйү турат тамылжып!

Өрөөнү калбай жасанган!
Өбөөрү бардай тазарган!
Базылдап учкан аарылар –
Бадырак – балдан жасалган!

Акыркы калган чекитпи –
Акындын досу кезикти.
Батасын берип Мухаммед,
Байландык ырыс-кешикти!

Улуктар жайнап – сөз барскан!
Улуттар жайнап – сөзбү арстан?!
Кыргызды балкар кучактайт
Кыйын-оор кезде көздү ачкан!

Өмүрү – оң жак муруту,
Өлүмү – сол жак муруту –
Мелжип бир окшош Кайсынга
Мезгилдин мобул турушу!

… Эрдемсип болбойм, эрдемсип,
Эргүүнүн гүлүн тергенсип –
Жүз жылга толгон Кайсындын
Жүрөгүн өрдөп келгенсип!

        Акындын эң жакын досу, калемдеши Чынгыз Айтматов учурунда Кайсын үчүн “Кудай балкар элинин башынан өткөргөн кара күнгө каршы Кайсындай затты белек кылыптыр” деп айткан экен. Өмүрүн элине арнап, жан үрөп жашаган Кайсын Кулиевди Чынгыз Айтматов терең урматтоо менен мугалими катары баалаган.

                 Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда карачай-малкар адабиятынан улуу акыны Кайсын Кулиевдин чыгармачылык жолун уктуңуздар. Акындын дээрлик көп ырлары кыргызчага которулганын да маалымдай кетели.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар