Тарыхта бүгүн - 1

Убакытты бөлүктөргө бөлүү, айларга, жылдарга бөлүү биз адамдардын иши.

Тарыхта бүгүн  - 1

 

Сүйүктүү угармандар жаңы 2019 -  жылдын бүткүл дүйнөдө жана Түркияда тынчтык, бейкуттук, молчулук жана берекеттин болушун каалайбыз. Биз да Түркия үнү радиосу катары бул жылы жапжаңы бир программада сиздер менен бирдиктебиз.

Күн сайын тарых боюнча ал күнү болгондорду сиздер менен бирге эске салабыз.

***

Убакытты бөлүктөргө бөлүү, айларга, жылдарга бөлүү биз адамдардын иши... табияттагы башка жандуулардын мындай иши жок, алар мезгилдерге карата жашашат. Биз адамдарга болсо мындай айланып туруучу мезгил аныктамасы жетпейт. Сөзсүз түрдө бардык нерсе белгилүү болсун, жылы менен айы менен күнү менен сааты менен... бул кызыгуубуздун айынан календарды табышыптыр аталарыбыз жана түрдүү календарды колдоно баштаган. Бүгүн колдонуп жаткан календарь биздин эрага чейинки 45 – жылы бүгүн колдонула баштаган. Ал күнгө чейин хижра календарын колдонгон Түркия 1925 -  жылы Григориан календарына өткөн. 1936 – жылы да бул күнү биринчи жолу жаңы жыл деп жарыяланган.

Исламиетти жайылтып жатып Меккеде беттешкен кысымдардан улам 622 -  жылы Мадинага көчкөн ислам пайгамбары Азырети Мухаммед 10 000 кишилик армиясы менен 630 – жылы 1 -  январда Меккеге кирди.

1958 – жылы Европа Коому курулду.

***

1971 – жылы АКШда теле көрсөтүүдө чылым чегүүгө тыюу салынды.

***

1992 -  жылы Европа Экономикалык Коомуна мүчө өлкөлөрдүн арасында чек ара капкаларындагы полиция жана бажы текшерүүлөрүн толугу менен ортодон жок кылууну максат кылган Шенген келишими ишке кирди.

***

2002 -  жылы Голландияда эвтаназияны мыйзамдаштырган чечим ишке кирди. Голландия өлүмчүл оорулуулардын өмүрүн акырына чыгаруу укугун берген өлкө болду.



Тектеш кабарлар