Эрдогандын футболго болгон кызыгуусу...

Президент Режеп Таййип Эрдоган,жеке менчик телеканалдын футболдук программасына конок болду.

Эрдогандын футболго болгон кызыгуусу...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, түрк футболундагы чет элдик футболчу саны тууралуу маалымдоо жасады.

Президент Эрдоган, жеке менчик телеканалдын футболдук программасына конок болду.

Программада кичине чагынан бери футболго аябай кызыкканын айткан Эрдоган, бул кызыгуусу ушул убакта да азайбаганын белгиледи.

Түрк футболунда чет элдик футболчу санынын көптүгү, ал сандын азайтылышы керектиги жөнүндөгү сереп салууларга токтолгон Эрдоган, спорттук клубдардын чет элдик футболчулар менен 2019-жыга дейре келишимдерди түзгөнүнө шилтеме кылып, бул темада кандайдыр бир спекуляция кылуунун кереги жоктугун айтты.

Эрдоган: «Бул биринчиден уланып жаткан процесс. 2019-жылдан кийинкисине карай Түркия Футбол Федерациясы бул ишти бардык футболдук клубдар менен жыйналыш өткөрүп талкууга салышы керек жана «мындан кийинки процессти кандай уланталы, кандай жүргүзөлү деп ошонун үстүндө турууларында пайда бар»,-деди.

Түрк футболунда аянттарда белгилүү сандарда чет элдик футболчу болушунун да керектүүлүгүн айткан Эрдоган: «Эч чет элдик футболчу болбосун деген түшүнүк жаңылыш. Анткени алардын да биздин футболубузга кошо турган көп нерселери бар. Муну менен катар алар кошо турган салым, трибуналарга да өзгөчө жандуулук алып келет. Буларды да көрмөксөнгө сала албайбыз»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар