Түркиянын айымдар баскетбол командасы үч оюнду тең утуп алды

Беларусь болсо тайпада алгач ирет жеңилүүгө учурады.

Түркиянын айымдар баскетбол командасы үч оюнду тең утуп алды

Түркиянын «А» Улуттук курама айымдар баскетбол командасы, Европа чемпионаты-2019дун тандоолорунун «В» тайпасындагы үчүнчү беттешүүсүндө атаандаш талаасында Беларусту 64-54 упай эсебинде жеңди.

Тайпадагы алгачкы эки беттешүүдө Эстонияны 81-56 упай, Польшаны 73-53 упай эсебинде утуп алган «А» Улуттук курама айымдар баскетбол командасы 3 оюнда тең жеңишке жетишип лидерлигин улантууда.

Беларусь болсо тайпада алгач ирет жеңилүүгө учурады.

Түркия тайпадагы төртүнчү беттешүүсүн 14-февраль шаршемби күнү Эстония менен Стамбулда ойнойт.



Тектеш кабарлар