Кышкы Олимпиада оюндарында хафпайп боюнча мелдештер

Америкалык Шон Уайт алтын медалга ээ болду.

Кышкы Олимпиада оюндарында хафпайп боюнча мелдештер

Пхенчхан-2018 Кышкы Олимпиада оюндарында эркектер арасында сноуборддун хафпайп түрү боюнча мелдештерде америкалык Шон Уайт алтын медалга ээ болду.

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында уланып жаткан оюндардын бешинчи күнүндө, 31 жаштагы АКШлык спортчу Уайт, 97.75 балл менен биринчиликти алды.

Уайт 2006-жылы Турин жана 2010-жылы Ванкуверден кийин ушундай эле тармакта үчүнчү жолу алтын медалга ээ болду.

2014-жылы Сочиде күмүш медаль алган япониялык Аюми Хирано, 95.25 балл менен Түштүк Кореяда да ийгилигин кайталады.

92 балл менен коло медаль таккан 23 жаштагы австралиялык Скотти Жеймс болсо карьерасынын биринчи олимпиада медалына ээ болду.

 



Тектеш кабарлар