Фенербахче Догуш финалга чыкты

Фенербахче  Догуш эркектер баскетбол командасы Литванын Залгирис командасын 76 – 67  упайга жеңди.

Фенербахче Догуш финалга чыкты

Фенербахче  Догуш эркектер баскетбол командасы түрк аба жолдорунун Европа лигасынын төрттүк финалынын биринчи оюнунда Литванын Залгирис командасын 76 – 67  упайга жеңип, бири биринин артынан үчүнчү жолу атын финалга жаздырды.

Сербиянын борбор шаары Бельграддагы Старк аренада ойнолгон беттешүүнүн биринчи жарымын Фенербахче Догуш 39 – 33 упай менен бүтүрдү.

Оюндун экинчи жарымында болсо 76 – 67 упай менен оюндун жеңүүчүсү Фенербахче Догуш болду.

Төртүнчү  жолу төрттүк финалда орун алган Фенербахче Догуш 2014 – 2015 – жылы жарым финалда оюндан чыккан болчу.

Бул сезондо атын чемпиондук оюнуна жаздырган Фенербахче Догуш бул ийгиликке үчүнчү жолу жетишти.

Фенербахче Догуш эртең ойноло турган финал оюнда Орусиянын ЦСКА Москва командасын 92 – 83 упайга жеңген Реал Мадрид менен беттешет. Финал оюну Түркия убактысы менен 21:00дө башталат.

Жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак түрк аба жолдорунун Европа лигасынын төрттүк финалында финалга чыккан Фенербахче Догуш эркектер баскетбол командасын куттуктады.

Министр Бак эртең ойноло турган финал беттешүүсүндө да Фенербахче Догушка ийгилик каалады.

 

 



Тектеш кабарлар