Дүйнөлүк кубокто Хорватия алгач ирет финалист болду

Эми хорваттар финалда Франция менен күч сынашат.

2018-07-11T211007Z_603134305_RC148B364570_RTRMADP_3_SOCCER-WORLDCUP-CRO-ENG - Kopya.JPG
2018-07-11T211654Z_703850879_RC153F8971A0_RTRMADP_3_SOCCER-WORLDCUP-CRO-ENG-FANS - Kopya.JPG
2018-07-11T212438Z_1301134258_RC19C9CC3280_RTRMADP_3_SOCCER-WORLDCUP-CRO-ENG - Kopya.JPG
2018-07-11T212622Z_1275267763_RC1519F91FC0_RTRMADP_3_SOCCER-WORLDCUP-CRO-ENG - Kopya.JPG
2018-07-11T212629Z_1593827339_RC1FA8E15180_RTRMADP_3_SOCCER-WORLDCUP-CRO-ENG.JPG

Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Хорватия курама командасы Англияны 2-1 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Беттешүү Москва шаарындагы «Лужники» стадионунда 12-июлга караган түнү өтүп, оюндун бешинчи мүнөтүндө Англия курамасынын коргоочусу Киран Триппьер топту атаандашынын дарбазасына киргизип, эсеп 1:0 болду. 68-мүнөттө Хорватиянын коргоочусу Иван Перишич бул эсепти теңеди.

Хорватиялыктарга жеңишти алып келген голду кошумча берилген 109-мүнөттө чабуулчу Марио Манжукич киргизди. Бул - Хорватиянын тарыхта алгачкы жолу дүйнө чемпиондугунун финалына чыгышы.

Эми хорваттар финалда Франция менен күч сынашат.

Эскерте кетсек, беттеш 15-июлда Москвада өтөт. Англия болсо коло медаль үчүн Бельгия менен ойнойт. Шейшембиде Санкт-Петербургда өткөн беттеште франциялыктар Бельгияны 1:0 эсебинде уткан.


Этикеткалар: Англия , Хорватия , Футбол

Тектеш кабарлар