Роналдунун трансфери кризис жаратты

Италиянын жумушчуларынын профсоюздук уюму иш таштоого чакырды.

Роналдунун трансфери кризис жаратты

Италиялык «Fiat» аттуу автоунаа чыгаруучу фирмасы жылдар бою жумушчуларынын айлык маянасын көбөйтбөй келет. Ал акчаны португалиялык белгилүү футболчу Кристиану Роналдунун футболдук командага өткөнү үчүн төлөнүшүнө 15-августта жумушчулар иш ташташат.

Мындай кадамга италиянын жумушчуларынын профсоюздук уюму чакырды.

Уюм тарабынан берилген маалыматта аты аталган ишкананын жумушчуларынан экономикалык жактан кайрымдуулук иштерин аткаруусу талап кылынып жаткан учурда, мындай суммадагы акчанын футболчуга берилиши алардын бүйүрүн кызыткан.

Берилген кабарда 15-август күнү 22:00дөн тартып 17-августтун эртең мененки саат 6:00гө чейин иш таштоо боло турганы айтылган.

Айта кетсек, Ювентус футбол клубу менен «Fiat» компаниясынын башында Андреа Анжелинин Exor холдинг турат. Ювентус клубу Роналдуга мындан мурда 112 миллион евро төлөгөнүн айтса, италиялык басмаларда футболчуга жыл сайын 30 миллион евро болуп, 4 жыл үчүн бардыгы 120 миллион евро берилери жазылган. 



Тектеш кабарлар