Түркиянын майып-ампутант футбол командасы финалда

Түркия, Мексикада уланган майып-ампутанттар арасындагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта  тайпадагы оюндарын бүткөрүп акыркы дүйнө чемпиону Орусияны 5-1 эсебинде утту.

Түркиянын майып-ампутант футбол командасы финалда

Европа чемпиону, футбол боюнча улуттук майып-ампутант курама командабыз Дүйнөлүк кубокто да тарых жазууда.

Мексикада уланган майып-ампутанттар арасындагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта  тайпадагы оюндарын бүткөрүп акыркы дүйнө чемпиону Орусияны 5-1 эсебинде уткан Түркиянын улуттук курама командасы ар кимди кубандырды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган да, Мексика менен ойной турган жарым финал беттешүүсүнүн алдында майып-ампутант командасынын спортчуларына телефон чалып куттуктады.

Эрдоган, федерациянын бышчысы Ариф Үмит Узтүрктөн команда тууралуу маалымат алды.Президент оюндун алдында командага ийгилик каалады.

Курама команда президент Эрдоганга дүйнөлүк кубоктуу алуу убадасын берди.

Бул сүйлөшүүдөн кийин ойнолгон оюнда Мексиканы 4-0 эсебинде уткан улуттук курама команда финалга жоголрулады.

Түркия берки жарым финал беттешүүсүндө Бразилияны 2-1 эсебинде утуп алган Ангола менен финалда беттешет. Финал беттешүүсү эртең Түркия убактысы боюнча саат 5:00дө башталат.



Тектеш кабарлар