Түрк басма сөзү 05.10.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү 05.10.2018

«Ватан» гезити «Түркия Африка иш дүйнөсүн Стамбулда тосуп алат» деген кабарында соода министри Рухсар Пекжан жаш калкы жана бай географиялык аймагынын берген потенциалы менен Африканын негизги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштагандыгын айтканын жазган. Пекжан ушунун негизинде өкмөттүн 100 күндүк аткаруу программасындагы иштердин арасында орун алган  2 -  Түркия  - Африка экономикалык жана иш форумун 10 – 11 -  октябрда Стамбулда ишке ашырышарын белгиледи. Форумдун саясында континент өлкөлөрү менен экономикалык жана соода карым  - катнаштарын алдыңкы деңгээлге жеткирүү, инвестициялардын арттырылышын максат кылууда.

«Хабер түрк» гезити «Жергиликтүү гибриддик мотордун заводунун курулушу үчүн күн саноо» деген маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Долбоорлорду колдоо системасынын негизинде колдоого алынган гибриддик унаа моторун өндүрүүгө карата инвестиция проектисинин эң негизги бөлүгү болгон алюминий заводунун пайдубалынын 19 -  октябрда Бурсада түптөлөрүн белгилегендигин жазган. Варанк : «Туруктуу инвестиция наркы 100 миллион евродон ашкан бул проектинин экономикага 2, 3 миллиард доллар салым кошору күтүлүп жатат. Түркияда биринчи жолу алюминий мотор өндүрүлөт»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Аккуюуда алгачкы атомдук энергия 2023 -  жылы өндүрүлөт» деген маалыматында Аккуюу атомдук күч станциясынын биринчи атомдук энергетиканы Түркия республикасынын курулушунун 100 – жылына тактап айтканда 2023 -  жылы курулушу максат кылынып жаткандыгын жазган. Мерсин Аккуюудагы аянтта иштеген кызматкерлердин 85 пайызы түрк кызматкерлерден турат. Алдыда аянтта 10 миң кишини жумуш менен камсыздайт. Аккуюу атомдук станциясы эң жогорку технология менен жабдылган станция болот. Кийинки учурлардагы заманбапташтыруулар менен өмүрү 100 жылга чыгартыла алат.

«Стар» гезити «Түрк Агымынын деңиз бөлүгү 2 айдан кийин бүткөрүлөт» деген маалыматында Орусиянын Санкт Петербург шаарында өткөрүлгөн эл аралык жаратылыш газ форумунда сөз сүйлөгөн орус мамлекеттик энергетика фирмасы Газпромдун төрагасы Алексей Миллер : «Түрк Агымы түтүк жолунун деңиз бөлүгүнүн курулушун 2 айдан кийин бүтүрөбүз»,- дегендигин билдирген. Бүткөрүлгөндө  1100 километрдик узундукта боло турган Түрк Агымы түтүк жолунун 937 километрдик бөлүгү деңизден өтөт. Түрк Агымы ар бири 15, 75 миллиард метр куб жаратылыш газ көлөмүндө болгон 2 башка жолдон турат. Бул жолдордун бирөөсү түрк базарынын муктаждыктарына бирөөсү болсо европалык керектөөчүлөрдүн колдонушу үчүн бөлүнөт.



Тектеш кабарлар