Түрк басма сөзү 09.10.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү 09.10.2018

«Стар» гезити «Тунук ок өткөрбөс менен коргонуу өнөр жайында 560 миллион долларлык жол ачылат» деген макаласында кен байлыктардан баштап акыркы продукцияга чейин өндүрүштү аткара алган дүйнөнүн саналуу комплекстеринен Эти алюминий бир гана АКШ, Кытай, Германия жана Венгрия сыяктуу өлкөлөрдө өндүрүлө алган тунук ок өткөрбөстүн Түркияда да өндүрүлө баштагандыгын жазган.

Түрк инженерлери кол койгон бул ийгилик аскердик кемелер, учактар, ок өткөрбөс унаалар жана ракеталарда колдонулган атайын алюминий кыйынчылыгын жойот.

«Ватан» гезити «Түркияга 100 миллион долларлык инвестиция» деген маалыматында болот капталган суу түтүгү жана көпүрө жасоодо иш алып барган Швеция фирмасы Түркия, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка базарын максат кылган 100 миллион долларлык иш көлөмү өндүрүшүнүн баарын Түркиядан аларын жазган. 30 жылдан ашуун убакыттан бери Европада ишин жүргүзүп жаткан жана 10го жакын өлкөдө өндүрүш өндүргөн ViaCon фирмасы Түркияны аймактык борбор кылуу менен 50гө жакын өлкөнү башкарат.

«Йени шафак» гезити «Араб туристтер Трабзон экономикасына маанилүү салым кошууда» деген кабарында Трабзон  соода жана өнөр жай кабинети тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо булуң өлкөлөрүнөн келген туристтердин орточо калуу мөөнөтү 7, 8 күн, киши башына жумшалган акчанын да 2 миң 340 доллар экендигин билдирген. Трабзон соода кабинетинин кызматкерлери тарабынан Трабзон аэропортунун тышка учуулар терминалында сентябрь айынын ичинде зыяратчы ыраазычылыгын сурамжылоо жүргүзүлдү. Сурамжылоонун жыйынтыгында туристтердин 81, 5 пайызы абдан ыраазы экендигин белгилеген болсо 16,9 пайызы ыраазы экендигин, 1,6 пайызы орточо дегээлде экендигин билдиришти. Трабзон саякаттарында ыраазы болбогондугун билдирген турист болсо жок.

“Сабах» гезити «Дүйнө жылдыздарынын яхтасы “Cloudbreak” Бодрумда” деген маалыматында Женнифер Лопес, Хайди Клум, Жулия Робертс сыяктуу бир топ дүйнөгө белгилүү ысымдын мега яхтасы "Cloudbreak" Мугланын туризм бейиши Бодрумда якорь таштагандыгын жазган. Яхтанын бир жумалык аренда акысы 1 миллион 100 миң доллар экендиги бидирилди. Дүйнөнүн эң кымбат 10 яхтасынын арасында орун алган "Cloudbreakтин» ичинде бир бассейин, сауна, массаж бөлмөсү, кино залы жана спорт залы бар. Ошол эле учурда 40 кишини коноктой ала турган яхтанын баасынын 200 миллион доллар экендиги белгиленди.

«Хабер түрк» гезити «Женгиз Үндерге Бавариядан кийин дагы бир талапкер» деген кабарында Италиянын Рим клубунда ойногон улуттук футболчу Женгиз Өндер үчүн дагы бир сөз ортого чыккандыгын жазган. Өткөн күндөрдө Италия басма сөзү Женгиз Үндер үчүн немис Бундеслига-гиганты Бавария Мюнхендин аракетке өткөндүгүн жазган.

Corriere dello Sportтун  кабарына караганда 21 жаштагы Женгиз Үндерге  Бавария Мюнхен жана Боруссия Дортмунд да кызыгып жатат. Кабарда Италия Серие А командасы Римдин улуттук футболчу үчүн эң аз 60 миллион евро сурагандыгы белгиленди.

 

 

 



Тектеш кабарлар