Түрк басма сөзү  10.10.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү  10.10.2018

«Сабах» гезити «Эрдоган Гүл Баба күмбөзүнүн ачылуу аземине катышты» деген макаласында президент Р. Т. Эрдоган жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Венгриянын борбор шаары Будпештте Гүл Баба күмбөзүнүн ачылышын аткаргандыгын жазган. Венгриянын премьер  - министри Виктор Орбан да ачылуу аземине катышты. Президент Эрдоган ачылууда : «Гүл Баба 477 жыл мурда ушул дөңсөөдө шейит болду. Өткөн 5 кылымга карабастан бул улуу киши унутулган жок. Келерки кылымдарда да Гүл Баба руханий мурасы эки өлкө достугунун белгиси болууну улантат»,- деди.

«Ватан» гезити «Соода министри Пекжан : венгер фирмалары Түркияда инвестицияларын арттырат» деген кабарында соода министри Рухсар Пекжан Венгриянын борбор шаары Будапештте өткөрүлгөн Түркия  - Венгер иш форумунун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө : «Түрк фирмаларыбыз Венгрияда олуттуу инвестиция салууну пландап жатышат. Венгер фирмаларын да Түркияда инвестицияларын арттырарын ойлоп жатабыз»,- деди. Пекжан өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки өлкөнүн ортосунда соода жана экономикалык байланыштын дагы да артуу менен жаңы көлөмгө жетишеринен үмүт кылгандыгын баса белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Түрк Агымынын эки жолунан 2020 -  жылы бирдей убакта газ өткөрө алат» деген макаласында Орусиянын энергетика министри Александр Новак Түрк Агымы жаратылыш газ түтүк жолунун бирөөсү түрк базары, бирөөсү да Европа базары үчүн 2020 -  жылдын январь айында жаратылыш газ өткөрө аларын айткандыгын жазган. Новак Орусия  -24  телекөрсөтүүсүнө берген маегинде : «Түрк Агымынын курулушу бекитилген пландарга карата алдыга жылып баратат. Билесиздер Орусия менен Түркиянын ортосунда өкмөттөр аралык келишимге кол коюлуп жана бир жол картасы бекитилген. Баары планга жараша бара жатат»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түрк аба жолдору каттамдарында ТРТ  Worldды түз эфирден көрүүгө болот» деген кабарында  түрк аба жолдорунун учактарында берилген түз эфир телекөрсөтүү каналдарынын арасына англис тилинде берүүлөрүн эфирге чыгарган эл аралык маалымат платформасы ТРТ Worldды да кошкондугун билдирген. Түрк аба жолдорунун башкаруу кеңеши жана аткаруу комитетинин төрагасы М. Илкер Айжы : «Учак каттамы болгон 122 өлкөнү ТРТ Worldдын объективдүү, көз карандысыз жана альтернатив көз караш менен жолугуштуруудан сыймыктанабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Голливуд кинолорунда түрк колу» деген маалыматында Канаданын белгилүү кино мектебинде билим алгандан кийин визуалдык эффект / сан ариптик композитор болууга чечим чыгарган Абдуллах Эжирли Голливуд кинолоруна  долбоорлогон  эффекттер менен көрүүчүлөрдү кино залдарында башка бир жерге алып баргандыгын жазган.  Үстүндө иштеген белгилүү кино Жылдыздардын согушу The Force Awakens жана Han Solo кинолору экендигин  билдирген Эжирли Black Panther, Transformers: The Last Knight, Star Trek Beyond, Warcraft, The Hunger Gamesтин үстүндө иштеген башка кинолор экендигин айтты.



Тектеш кабарлар