Түрк басма сөзү-15.10.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү-15.10.2018

«Сабах» гезити «ТУУЖдун төрагасы Бинали Йылдырым Швейцарияда түрктөр менен жолукту» аттуу маалыматында Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Бинали Йылдырым жана аны коштогон парламент мүчөлөрү Швейцариянын Лозанна шаарына барып жолугушууларды өткөрүшкөнүн жазган. Йылдырым, ал жердеги түрк коомчулугу менен болгон жолугушуусунда биримдик жана ынтымакка чакырды.

«Ватан» гезити «ASELSAN Кипрге инвестиция салат» аттуу маалыматында ASELSAN Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) технология инвестициясын сала турганын маалымдаган. Коргонуу өнөр жайы жаатында Түркиянын алдыңкы мекемеси ASELSAN жылдын акырында ТКТРда технология борборун ачат. Ачыла турган борбордо ТКТРда жүргөн окуучулардын асистант боло ала тургандарына көңүл бурган ASELSANдын башкы директорунун орун басары Мехмет Челик: «Бала мекен менен бирге дүйнөдө өнүккөн технология өндүргөн өлкөлөрдүн катарына кирүүнү максаттап жатабыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Индонезиялык жер титирөөдөн жабыркагандар түрк чатырларында баш калкалайт» аттуу маалыматында индонезиядагы апаатта үйлөрүнөн ажырагандардын баш калкалоо муктаждыктарын камсыздаш үчүн Түркиядан алып барылган 250 чатыр муктаждык болгон аймактарга курулганын жазган. Түрк Кызылайынын Индонезиядагы тобунун башчысы Али Акгүл, айрыкча жүкташуучу учактары менен Түркиядан алып барылган миң төшөк менен жабыркагандардын муктаждыктары камсыздала турганын жана андан кийин азык-түлүк жана тазалык заттарын тарата тургандарын айтты.

«Хүррийет» гезити «Лондондун эң мыкты ресторандары белгилүү болду! Түрк рестораны дагы орун алды» аттуу макаласында дүйнөнүн эң престиждүү экономика журналдарынан «Форбес», Англиянын борбор шаары Лондондо 2018-жылы ачылган эң мыкты ресторандарды жарыялаганын баяндаган. Макалада орун алган эң мыкты 5 ресторандын катарына түрк рестораны «Рүя» да кирди. Анадолу даамдарын дүйнөгө таанытуу үчүн курулган ресторанда, эң тандамал даамдарга орун берилет.

«Стар» гезити «54-Президенттик Түркия велосипед турунун чемпиону Эдуард Прадес болду» деген маалыматында 54-Президенттик Түркия велосипед турун (TUR 2018) Эускади Баск Контри-Мурьяс командасынан испаниялык спортчу Эдуард Прадес Ревертер жеңип алганын жазган. Астана Про командасынан казакстандык Алексей Луценко экинчи, Team Katusha Alpecin тобунан австралиялык спортчу Натан Хаас үчүнчүлүктү алды.



Тектеш кабарлар