Түрк басма сөзү-17.10.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү-17.10.2018

«Йени шафак» гезити «Манбижде иштер ойлогондой жүргөн жок» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган,  Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуттук Улуу Жыйынындагы (ТУУЖ) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөп, АКШны Сириянын Манбиж аймагына жайгаштырган жикчил террор уюму ПККнын уландысы ПЙД-ЙПГга мүчө террористтерди бул жерден чыгаруу темасында берген убадаларына турууга чакырды. Түркия менен АКШнын ортосундагы 4-июнда жетишилген меморандумду эске салган Эрдоган: «Манбижде календар 90 күн болчу. Тилекке каршы иштеген жок. Иштебесе биз дагы ал жерде өз ишибизди өзүбүз кылабыз. Евфрат дарыясынын чыгышында керектүү кадамдар ташталат. Бул ЙПГ/ПЙД, тагыраак айтканда ПККга каршы жасала турчу нерселерди эң жогорку деңгээлде жасайбыз. Булардын бардыгы бир гана өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн эмес. Ал өлкөдө жашаган карапайым адамдардын дагы тынчтыгы үчүн»,-деп айтты.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу Манбиж тууралуу маалымат берди» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Манбиж темасында АКШга так маалыматтарды бергенин жазган. АКШнын колдоосу менен Сириянын Манбиж аймагына жайгашкан жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын аймактан чыгарылышы темасында АКШ менен жетишилген макулдашууга баа берген Чавушоглу: «Манбиж темасында АКШда шалаакылыкты сезсек мурдагы чийинге кайра кайтабыз. Же сиз тазалаңыз же биз тазалайлы»,-деп айтты.

«Хабер түрк» гезити «Өнөр жай өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрү жарыяланды» деген маалыматында Түркиянын Статистика мекемеси 2018-жылдын август айынын Өнөр жай өндүрүш индексинин көрсөткүчтөрүн жарыялаганын жазган. Өнөр жай өндүрүшү бир жыл мурдагынын тийиштүү айына салыштырмалуу 1,7 пайызга өстү. Өнөр жайдын астыңкы сектору (2015-жыл эске алынып) иликтенгенде 2018-жылы август айында кен иштетүү жана көмүр кени секторунда мурдагы жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 6,1 пайызга, өндүрүш өнөр жайы сектору 1,2 пайызга жана электр, газ, буу жана климаттандыруу өндүрүшү жана таркатуусу секторунда көрсөткүч 2,9 пайызга артты.

«Ватан» гезити «Түркиянын сыймыктана турган күнү! Бир жолкуда эң чоң экспорт» деген маалыматында түркиянын коргонуу өнөр жайындагы эң чоң экспорт долбоорлорунан бири болгон Пакистандын Деңизде толуктоочу кемеси (PNFT), Пакистан деңиз күчтөрүнө тапшырылганын маалымдаган. Ылдамдыгы 20 деңиз мили болгон PNFTтин узундугу 158 метр, кеңдиги 22 метр, салмагы болсо 15600 тоннага жетет. PNFT айрыкча күнү-түнү дебестен тик учак учуруу жөндөмдүүлүгүнө ээ болот. Пакистан деңиз күчтөрү тарабынан кемеге «PNS MOAWIN» деген ат коюлду.

«Стар» гезити «Нобель сыйлыктуу илимпоз Азиз Санжар Өзбекстанда» аттуу кабарында проф.др.Азиз Санжарга Өзбекстандын Улуттук университети тарабынан ардактуу докторлук наамы ыйгарылганын жазган. Нобель сыйлыктуу илимпоз проф.Санжар, Өзбекстан Улуттук университетинде анын урматына уюштурулган «Азиз Санжар;Илимдин чексиздигинде турмуш» темалуу эл аралык конференцияга катышты. Конференцияда сөз сүйлөгөн Санжар: «Илим болбостон урмат-сыйга ээ боло албайбыз. Муну Түрк дүйнөсү биргелешип иштөө менен аткара алат. Биргелешип иштөө абдан маанилүү. Тилибиз, динибиз жана тегибиз бир. Биз биргелешип иштесек көп иштерди аткарабыз. Илимде чоң күчкө айланабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар