Түрк басма сөзү 14.11.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

Түрк басма сөзү 14.11.2018

«Ватан» гезити «Фуат Октай жарыялады : Түркия чыкты» деген маалыматта вице  - президент Фуат Октай кечээ Түркиянын Италияда өткөрүлгөн  Эл аралык Ливия конференциясынан чыккандыгын айткандыгын билдирген. Конференция өткөрүлгөн Палермо шаарындагы мейманканада басма сөз кызматкерлерине маалымат берген Октай : «Эл аралык коомчулук тилекке каршы бүгүн эрте менен бириге албады. Акыркы минутада буйрук бергендей кээ бирлери Италлиянын үй ээлигин унутуп, бир тараптуу кийлигишүүдө болду. Кээ бир өлкөлөр процессти өз пайдаларынын негизинде жаралоого аракет кылган сайын Ливияда ырааттуулук түзүлө албайт»,- деди.

«Сабах» гезити «Стамбул аэропортунан 15 миң киши учту» деген кабарында түрк аба жолдору 31 -  октябрдан баштап каттамдарын баштаган Стамбул аэропортунан ушул күнгө чейин 15 миң жүргүнчү ташыгандыгын, жылдын акырына чейин 43 миң кишинин билет алгандыгын жазган.

«Хүррийет» гезити «Түрк балы эң көп Германияга сатылды» деген макаласында Түркия жылдын биринчи он айында жыйырма бир миллион жети жүз сексен беш миң алты жүз жыйырма үч долларлык бал экспорттогондугун жазган.

Тышка бал сатууда эки миң эки жүз жети тонна менен Германия биринчи орунду алды.

Бул мезгилде АКШга  беш миллион отуз алты миң жүз жыйырма беш доллар, Испанияга бир миллион үч жүз жыйырма төрт миң он алты доллар, Сауд Аравияга болсо бир миллион эки жүз сексен миң төрт жүз он беш долларлык бал сатылды.

«Хабер түрк» гезити «Түркия 97 миң чет элдикке жумуш каалгасын ачты» деген кабарында үй  - бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министрлиги тарабынан бул жылдын январь  -  октябрь мезгилинде 97 миң чет элдикке эмгектенүү уруксатын бергендигин жазган.

Эмгектенүү уруксаты берилген өлкөлөрдүн арасында Сирия, Грузия, Кыргызстан, Украина, Кытай жана Түркмөнстан жарандары сан жагынан алдыңкы орундарды алды.

Финландиядан Мексикага, Япониядан Бразилияга, Эстониядан Перуга чейин дүйнөнүн төрт тарабынан кишилерге иш каалгасы болгон Түркияга 165 өлкөнүн жараны эмгектенүү боюнча кайрылган.

«Стар» гезити «Бешикташ жеңишке жетишти» деген кабарында  Бешикташ аялдар волейбол командасы CEV Challenge кубогунун экинчи элеме турунун биринчи оюнунда Косованын командасы Кастриотини 3 – 0гө жеңгендигин белгилеген. Реванш беттеш 15 -  ноябрь бейшемби күнү Бурхан Фелек волейбол стадионунда өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар