Евразияга сереп салуу-50

Өзбекстандагы президенттик шайлоо

Евразияга сереп салуу-50

 «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын окуп жатасыздар. Программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Өзбекстандагы президенттик шайлоо жөнүндө сөз кылабыз.

2016-жылдын 4-декабрында Өзбекстанда президенттик шайлоо өткөрүлдү. Ислам Каримовдун 2-сентябрда дүйнөдөн кайтышынан кийин мажбурдуу түрдө президенттик шайлоо өткөрүлүшүнө чечим чыгарылган болчу. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Мирза Улугбек Абдусаломов, түшкө чейин эле шайлоочулардын жарымынан көбү шайлоо участкаларына барып өз добуштарын бергендерин жана шайлоонун жарактуу болоорун билдирди. Кечки маалда маалымат жыйынын өткөргөн Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы, президенттик шайлоого шайлоочулардын 87,83 пайызынын, б.а 17 миллион 941 миң 955 шайлоочунун катышкандыгын билдирди. Мирза Улугбек Абдусаломов, өткөрүлгөн шайлоого байланыштуу азырынча кандайдыр бир арыз-даттануулар катталбаганын да билдирди.

Өзбекстанда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышты. Булар: Улуттук-демократиялык «Кайра жаралуу» партиясынын жетекчиси Сарвар Отамурадов, Социал-демократиялык «Адилет» партиясынын жетекчиси Нариман Умаров, Элдик Демократиялык партиянын жетекчиси Хотамжон Кетмонов жана Либерал- демократиялык партиясынан Шавкат Мирзиёев. Бул төрт талапкерден Кетменов менен Умаров мындан мурдагы президенттик шайлоодо бири 3 пайыз, экинчиси 2 пайыздык добушка ээ болушкан.

Орто эсеп менен 32 миллион калктуу Өзбекстанда 20,5 миллионго жакын катталган шайлоочу бар. Шайлоочулар өлкөнүн жалпысында курулган 9383 жана чет өлкөдө ачылган 44 шайлоо участкасында өз добуштарын беришти.

Шайлоого 50гө жакын өлкө менен Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, Шайлоо комиссияларынын Бүткүл дүйнөлүк Ассоциациясы, Шанхай Кызматташтык Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги да арасында болгон уюмдардан 600дөн ашуун эл аралык байкоочу, 1300дөн ашуун жергиликтүү жана чет элдик журналист байкоо салды.

Ысымдарында «демократ» сөзү болгон партиялар ат салышкан шайлоодо Либерал-демократ партиясынан талапкер болгон президенттин милдетин убактылуу аткаруучу премьер-министр Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 88.61 пайыздык добушуна ээ болуп, жеңишке жетишти. Берки талапкерлер 2-5 пайыздык добушка ээ болушту. Бул жыйынтыктар ар ким күткөн жыйынтык эле. Ансыз деле Өзбекстандын экинчи президенти ким болоору сентябрь айында эле президенттин милдетин аткаруучу дайындалып жатканда, балким август айынын аягында Каримов катуу ооруп жатканда белгиленген. Өзбекстан элитасы дароо ишке киришип, кандайдыр бир хаостун болушуна уруксат бербестен бул процессти ийгиликтүү жетектеди. Шайлоонун абдан тынч өтүшүндө мунун чоң таасири болду. Антпесе Өзбекстанда күчтөрдүн аймактарга жараша таркаганы жана булардын арасында макулдашуу болбосо өлкөдө ырааттуулуктун камсыздалышы өтө зор болоору ар кимге белгилүү.

Президент болуп шайланган Шавкат Мирзиёев, президенттин милдетин аткаруучу катары келечекке карай үмүт берүүчү кадамдарды таштады. Көптөгөн жылдардан бери саясий себептерден улам абактарда жаткан айрым адамдар эркин кое берилди. Бул абал Өзбекстандын өзгөчө батыш өлкөлөрү менен карым-катнаштарын өнүктүрүүнүн жолун ачат. Ошондой эле Президенттиктин карамагында арыздарды кабыл алуу кызматы ачылып жарандардын көйгөйлөрү менен жакындан алектенээрин билдирди. Каримов мезгилинде изоляция кылынган өнөрпоз, спортчу ж.б көптөгөн белгилүү адамдар кайрадан өлкөсүнө кайтуу жана кесибин улантуу укугуна ээ болушту.

Өзбекстандын коңшулары менен карым-катнаштары акыркы 25 жылдын ичинде анча жакшы болгон жок. Чек ара маселелери, суу маселеси сыяктуу аймактык орток маселелер Өзбекстандын коңшулары менен болгон карым-катнаштарын кээде токтотууга чейин алып барды. Мирзиёев президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалгандан кийин коңшулары менен мамилесин оңдоорун билдирди. Бул болсо эки тараптуу алакаларга оң чагылды. Аймактын белгилөөчү өлкөсү болгон Өзбекстандын келечеги эми Шавкат Мирзиёевдин колунда. Өзбекстанда акыркы айларда болгон оң өнүгүүлөрдүн уланып же уланбай турганы жана өлкөнүн кандай жолдо кетээри 2017-жылдын ичинде белгилүү болот.

 



Тектеш кабарлар