Кипр маселесинде жылыш бар

Кипр маселеси чечилеби?

Кипр маселесинде жылыш бар

1968-жылдан бери эл аралык күн тартипти алагды кылган жана болжол менен жарым кылымдан бери чечилүүсү үчүн аракет кылынып келе жаткан Кипр маселеси өтө маанилүү баскычка жетти.

Кипр сүйлөшүүлөрүнө акыркы жолу 2012-жылдын март айында тыныгуу берилген жана 2014-жылдын 11-февралында биргелешкен текстин кабыл алынышы менен аралдагы маселеге чечим табылышы максатында түздөн-түз сүйлөшүүлөр башталган болчу.

Бул сүйлөшүүлөрдүн алкагында кээде айрым токтоп калуулар болсо да Кипрдеги эки коомчулуктун лидерлери урматтуу Мустафа Акынжы менен урматтуу Никос Анастасиадистин чечкиндүү жана чечүүгө карата эрктүүлүктөрү менен көптөгөн тоскоолдук ашып өтүлүп экономика, Европа Биримдиги, кыймылсыз мүлк, жер жана күч бөлүшүүсү темаларынан турган беш негизги темада чоң жылыш болду.

Кипрдик лидерлер акыркы жолу 7-11-ноябрь жана 20-21-ноябрь күндөрүндө Швейцариянын Мон-Пелерин шаарында жолугушушту. Бул жердеги сүйлөшүүлөрдөн күтүлгөн жыйынтык чыкпаса да тараптар Кипрге кайткандан кийин чечүү эрктүүлүгүн дагы бир жолу ортого салып, 1-декабрда керектүү даярдыктар аяктагандан кийин бул ирет 9-январда Женевада жолугушууну чечишти.

9-январь дүйшөмбү күнү баштала турган сүйлөшүүлөрдүн аягында гарантер өлкөлөр Түркия, Греция жана Англиянын да катышуусунда 12-январда Кипр конференциясынын өтө турган болушу көптөгөн чөйрөлөр тарабынан сүйлөшүү жараянынын эми артка кайткыс түрдө аяктап калгандыгы жөнүндө сереп салынууда.

Женева сүйлөшүүлөрүнүн алдында Кипрдеги лидерлер бир канча жолу жолугушуп, мүмкүн болушунча аз кемчилик менен Женевага баруу үчүн аракет кылышты.

Кипрдин Рум бөлүгүнүн лидери Никос Анастасиадис Женевага сапарынын алдында Греция менен жүргүзө турган стратегияны белгилеш үчүн Афинада сүйлөшүүлөрдү өткөрсө, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Хүсейин Өзгүргүн жана президент Мустафа Акынжы да Анкарада маанилүү жолугушууларды өткөрүштү.

Керек болсо түрк тараптын керек болсо рум тараптын билдирүүлөрүндө, чыңалууну күчөтө турган билдирүүлөрдөн алыс туруу жана эки лидердин тең ар бир мүмкүнчүлүктө келечек муундарга бөлүнгөн Кипр калтырууну каалабагандарын жана ал үчүн колдорунан келген аракетти жасай тургандарын жарыялашы жакшы күтүүлөрдү күчтөндүрүүдө.

Түркия жагынан каралганда да Анкаранын мамилеси ар дайым чечүүчү жолду жактаганын, мунун да лидерлигин президент Режеп Тайип Эрдогандын жүргүзгөнүн көрүп жатабыз.

Женева конференциясында Түркияны өзү өкүлдүк кылаарын билдирип, бул темада да жол башчы экендигин дагы бир жолу көрсөткөн болду.

Ар дайым Түндүк Кипр Түрк Республикасын колдогон жана колдоо көрсөткөн Түркия Республикасы, өзгөчө 2002-жылдан тарта чечүүгө карата мамилесин так түрдө ортого салды, ал тургай 2004-жылдагы референдум (Аннан планы) процессинде тийиштүү чөйрөлөрдү да таң калтыра тургандай түрдө референдумда «макул» добушу берилишин колдоду.

Учурда да президент Мустафа Акынжы менен Рум лидер Анастасиадистин ортосунда жүрүп жаткан жана акыркы баскычына жеткен сүйлөшүүлөргө толук колдоо көрсөтүүдө.

Бул баскычта гарантер өлкөлөр Түркия менен Англия Женевада боло тургандарын билдиришти.

Эми Грециянын жообу күтүлүүдө. Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас Женевага катышып же катышпай турганын азырынча билдирген жок, бирок саммиттин алдында өзгөчө Европа Биримдигинин жооптуу кызматкерлери менен Кипр темасында сүйлөшүүлөр өткөрүлүп жатышы, Афинанын да Женевага жакшы даярданып жатканын көрсөтүүдө.

Бул учурда Грек басма сөзүндө жарыяланган айрым маалыматтарда Кипр конференциясынын баштала электе жоюла турганы жөнүндөгү айрым кабарлар таркаганын да эске сала кетели. Бул маалыматтарга негиз катары да түрк тараптын кепилдиктер жана Кипрде түрк аскердик күчүнүн уланышында көшөргөнүн көрсөтүп жатышат.

Женевадагы сүйлөшүүлөрдө да эң орчундуу темалар коопсуздук жана кепилдиктер болмокчу. Рум тарап болсо түрк аскерлеринин аралдан кетишинде көшөрүүдө жана Европа Биримдигине мүчө өлкө катары кепилдикке муктаждыгы жок экенин жактоодо.

Бирок 1963-1974-жылдардын арасында болгон кагылышуулар жана кыргындардан кийин кипрдик түрк коомчулугу үчүн бул кабыл алынбайт.

Эске сала кетсек 1960-жылы үч жыл гана уланган Кипр Республикасында Түркия, Греция жана Англиянын гарантер мамлекеттер болушуна чечим чыгарылган болчу. Бул өлкөлөр менен шериктеш келишими да түзүлүп аралда тышкы коркунучтарга каршы аскерлердин болушунун да жолу ачылган эле.

Маанилүү дагы эки тема болсо кыймылсыз мүлк жана жер темалары болуп саналат.

1974-жылы Түштүктөн кеткен түрктөр жана Түндүктөн кеткен румдардын таштап кеткен үй жана жерлери үчүн орток делегация түзүлүүсүнө чечим чыгарылды. Бул делегацияда эки тараптан бирдей санда адис кызмат кылат. Кайрылгандардын жашаган жерлери жана таштап кеткен кыймылсыз мүлктөрү боюнча орток делегация үч альтернативадан бирине чечим чыгарат: тапшыруу, айырбаштоо же кун төлөө.

Жер темасында болсо көлөмдөр боюнча азырынча макулдашуу түзүлгөн жок. Түндүк Кипр Түрк Республикасы аралдын орто эсеп менен 35 пайызын көзөмөлдөөдө. Макулдашуу түзүлсө Кипр Түрк мамлекетинин жерлеринин 29,2 пайызга чейин түшүүсү мүмкүн экендиги үстөлдө сүйлөшүү делегациясы тарабынан сөз кылынды. Бирок Рум делегациясы 28,2 пайызда көшөрүп жатат.



Тектеш кабарлар