Түркия жана Евразия карым-катнаштары-1

​​​​​​​Түркиянын Борбордук Азиядагы коомдук дипломатия иштери

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-1

Түркиянын Борбордук Азиядагы коомдук дипломатия иштери.

 Коомдук дипломатия өзгөчө 2000-жылдар менен бирге эл аралык карым-катнаштардын негизги түшүнүктөрүнүн арасына кирди жана тышкы саясаттын маанилүү багыты болду. Биз да бул жумадагы программабызда Түркиянын Түркстанга б.а Борбордук Азияга багытталган коомдук дипломатия иштерин талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар. 

Борбордук Азиядагы Түрк Республикаларынын көз карандысыздыктарына ээ болушу Түркиянын  тышкы саясатын да жаңы нукка бурду. Түркиянын тили, тарыхы, жана маданияты окшош келген бул өлкөлөр менен болгон аракалары жана кызматташтыгы көптөгөн тармакта ылдам өнүктү. Түркиянын бул аймакка багытталган жалпы саясаты жөнүндө; Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эгемендүү, саясий жана экономикалык ырааттуулукка ээ болгон, өз араларында жана коңшулары менен кызматташып, эл аралык коомчулук менен бүтүндөшкөн жана дипломатиялык баалууктарды жактырган мамлекеттер катары бар болууларына колдоо көрсөтүп келгенин айта алабыз. Түркия бул саясаты менен аймак өлкөлөрүнүн негизги өнөктөшү болду.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда кызматташтыкты арттыруу максатында 1992-жылдан бери Түркиянын жетекчилигинде уланып келе жаткан «Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитинин» эң негизги жыйынтыктарынын бири Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргыстандын катышуусунда 2009-жылы түзүлгөн Түрк кеңеши (Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши) болду. Түрк дүйнөсүндөгү кызматташтыктын мекемелешүүсүндө маанилүү ролду алган жана борбору Стамбулда жайгашкан бул кеңешке Түркмөнстан мамлекеттик туруктуу бейтарап статусунан улам, Өзбекстан болсо саясий себептерге байланыштуу мүчө болгон эмес.

Түркиянын аймакка багытталган коомдук диломатия иштери маданият, билим берүү, медиа жана өнүктүрүү жардамдары боюнча тыгыздашууда. Ушул алкакта ташталган кадамдардын бири түрк маданият жана искусствосунун, тилинин, тырыхый мурасынын корголушу, бул баалуулуктардын дүйнө жүзүнө таанытылышы жана жаш муундарга жеткирилиши максатында 1993-жылы Эл аралык түрк маданият уюмунун (ТҮРКСОЙ) түзүлүүсү болду. Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен катар Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Орусияга караштуу 6 автономдуу республика жана Молдовага караштуу Гагауз автономдуу аймагы да байкоочу өлкө сыпаты менен ТҮРКСОЙго мүчө болуп саналат. Бул абал ТҮРКСОЙду Түрк тилдүү мамлекеттер жана уюмдарга байланыштуу эң комплекстүү мекемеге айландырды. Мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн Маданият-туризм министрликтеринин салымдары менен иш-чараларын улантып келе жаткан ТҮРКСОЙ көп багыттуу кызматташуу жана эки тараптуу коомдук дипломатиянын алкагында үлгү болуучу уюм болуп саналат.

Аймак менен болгон алакаларында билим берүү иштерине өзгөчө маани берген Түркия, 1992-жылы башталган «Ири студенттер долбоору» аркылуу Түрк Республикаларынан жүздөгөн окуучуну кабыл алды. Учурда «Түркия стипендиялары» деген аталыштагы комплекстүү стипендия программасы, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жатат. Бул программанын ичинде орун алган «Түрк тилдүү мамлекеттерге карата стипендия программасынын» негизинде жыл сайын ондогон жаңы студент Түркиядагы университеттерде кабыл алынууда. Айрыкча түрк тилинин жайылуусуна багытталган иш-чаралар аркылуу Түркиянын маанилүү коомдук дипломатиялык негиздеринин бирине айланган Юнус Эмре институтунун Борбордук Азиядагы жалгыз борбору Астанада кызмат көрсөтүүдө. Түркиянын Улуттук билим берүү министрлигине караштуу болгон Кыргызстан менен Түркмөнстанда төрттөн, Казакстан менен Өзбекстанда болсо бирден билим берүү мекемеси бар.

Кыргыз-Түрк Манас университети 1997-жылдан бери Бишкекте кызмат көрсөтүп келе жатат. Университетке үч негизги булактан окуучулар кабыл алынууда. Бул булактар Кыргызстан, Түркия жана Түрк Республикалары менен Тектеш коомчулуктар жана берки өлкөлөр болуп саналат. Бул университетте Түркиянын 400 чакты студенти билим алууда. Кыргызстан болсо жалпы студенттердин 84 пайызын түзөт. 2014-2015 окуу жылынын көрсөткүчтөрүнө караганда 9 факультет, 4 техникум, 1 кесиптик техникумда 4891 жогорку окуу жана жогорку окуу даярдыгы, 2 институтта болсо 243 магистратура жана докторунтура студенти билим алып жатат. Бул университет Түркия менен Кыргызстандагы мамлекеттик университеттердикиндей статуска ээ болгон университет болуп саналат. Университетте билим берүү акысыз болуп, студенттерге «Кириш квотасы стипендиясы», «Академиялык ийгилик стипендиясы», «Колдоо стипендиясы» жана «Улуттук спортчу стипендиясы» берилип жатат. Билим берүү тили Түркия түркчөсү жана кыргызча.

Ал эми Түрк дүйнөсүнүн алгачкы мамлекеттик университети болгон Ахмет Йесеви университети билим берүү жана изилдөө иштерин Казакстандагы кеңселеринде жүргүзүп келе жатат. Университеттин Түркистан алыстан билим берүү факультетинин «Түркия түркчөсү менен билим берүү программалары», «Казак түркчөсү менен билим берүү программалары» жана «Орус тили менен билим берүү программалары» тийиштүү факультеттердин программалары менен шайкеш келген жана декандыктар менен кызматташтык ичинде жүргүзүлүүдө. «Интернет аркылуу билим берүү» программалары 2002-жылдан бери университеттин карамагында ийгиликтүү ишке ашырылууда. Университеттин билим берүү тили түркчө жана казакча. Бул тилдер менен катар англис жана орус тилдери да үйрөтүлөт. 880 академик кызматкери бар университетте экономика, тарых жана билим берүү, түркология жана чет тилдер филологиясы, укук, медицина, так илимдер, спорт, көркөм өнөр, информатика жана инженердик факультетери бар.

Түркиянын Түркстанга/Борбордук Азияга багытталган коомдук дипломатия иштери булар менен гана чектелип калбайт. ТРТнын, ТИКАнын, Басма сөз жана маалымат директорлугунун да абдан маанилүү иштери бар. Бул иш-чаралар туурасында болсо кийинки программаларыбыздын айрым бөлүмдөрүндө баяндап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар