Өзбекстандын калкынын саны 32 миллион 512 миңге жетти

Өлкөдө 2016 -  жылы калктын саны 1,7 пайызга артып, 1 -  январдан баштап 32 миллион 121 миңге жеткен болчу.

Өзбекстандын калкынын саны 32 миллион 512 миңге жетти

Өзбекстандын калкынын саны 1 -  октябрдан баштап 32 миллион 512 миңге жетти.

Мамлекеттик статистикалык комитетинен берилген маалыматта 2017 -  жылдын 1 -  январында 32 миллион 121 миң болгон өлкө калкынын саны 2017 -  жылдын 1 -  октябрында 32 миллион 512 миңге жеткендиги белгиленди.

Жылдын январь  -  сентябрь айларында өлкөнүн калкынын саны 1, 2 пайызга артуу менен 391 миң кишиге арткандыгы белгиленген маалыматта бул мезгилде 523 миңге жакын бөбөк туулуп, 116 миңге жакын кишинин да каза болгондугу билдирилди. Жылдын тогуз айында Өзбекстандын 120 миңден ашуун мигрант алгандыгы, 136 миң мигранттын да кеткендиги баса белгиленген. Калктын 50, 6 пайызынын шаарларда, 49, 4 пайызынын да элет жерлерде жашагандыгы билдирилди.

КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң жаш жана калкынын саны ылдам өскөн Өзбекстанда 45 пайызын 18 жаштан кичүү балдар, 60 пайызын ишке жараган калк түзөт.

Өлкөдө 2016 -  жылы калктын саны 1,7 пайызга артып, 1 -  январдан баштап 32 миллион 121 миңге жеткен болчу.

 

 



Тектеш кабарлар