Өзбекстан биринчи жолу алтын жана валюта резервдерин билдирди

Өзбекстандын биринчи жолу билдирилген алтын жана валюта резервдери 1 -  ноябрдан баштап 26 миллион доллар болду.

Өзбекстан биринчи жолу алтын жана валюта резервдерин билдирди

Өзбекстандын биринчи жолу билдирилген алтын жана валюта резервдери 1 -  ноябрдан баштап 26 миллион доллар болду.

Борбордук банктын биринчи төрага орун басары Тимур Ишметов бул тууралуу борбор шаар Ташкентте өткөргөн жыйында өлкөнүн валюта системасында толкундуу курстун ишке аша баштаган сентябрь айынан бери алтын, валбта резервдеринин 750 миллион долларга арткандыгын белгиледи. Ишметов Өзбекстандын алтын, валюта резервдеринин 1 – ноябрдан баштап 26 миллиард доллар болгондугун билдирди.

Өлкөдө 2, 5 ай мурда толкундуу курска өткөндөн бери банктардын 915 миллион долларды экспортчу фирмалардан, 644 миллион долларды да жеке кишилерден болуп жалпы 1, 5 миллиард долларлык валюта сатып алгандыгын белгилеген Ишметов бул мезгилде валюта биржасы аркылуу юридикалык жак жана ишканаларга 1 миллиард 766 миллион долларлык валюта сатылгандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар